Please wait, loading...

 

АКЫСЫЗ бизнес-диагностика жүргүзүп бизнесиңиздин потенциалын ачыңыз!

Улуу Британиянын Өкмөтүнүн UK Aid тарабынан каржыланган РЕАК Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасы (мандан ары – PEAK) Кыргызстандагы микро, чакан жана орто ишканалар (МЧОИ) үчүн уникалдуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүн сунуш кылат. 45 мүнөттүн ичинде PEAKтин кеңешчилеринин маалымат базасына кирген жогорку квалификациялуу бизнес-кеңешчилер бизнести диагностикалоо боюнча инновациялык курал менен бизнесиңиздин натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуучу багыттарды аныктоого жардам берет.

Диагностикалык курал эмнени сунуш кылат?

  • Жети негизги багыттар боюнча бизнестин потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн тез баалоо (өндүрүштүк ишмердик, суроо-талап, бизнести башкаруу, каржы, коопсуздук, жеткирүү тармагы жана кызматкерлер)
  • Тармактык стандарттарга жана атаандаштарга салыштырмалуу бизнестин
    натыйжалуулугу жөнүндө сандык жана сапаттык отчет
  • Бизнести өнүктүрүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар

Сиз үчүн кандай артыкчылыктар бар?

  • COVID-19дан кийин бизнесиңиздин туруктуулук деңгээлин жана өнүгүү
    мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү
  • Бизнес моделин өркүндөтүү жана эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү
  • Бизнес тармагын кеңейтүү жана рынокко жетүүнү жакшыртуу
  • PEAK аркылуу бизнес-консультативдик кызмат долбооруна субсидия алууга табыштама берүү, бизнес-кеңешчи менен иштөө, жаңы жумуш орундарын сактап калуу же түзүү, инновацияларды иштеп чыгуу жана бизнестин кирешелерин көбөйтүү.

Ким табыштама бере алат?

Табыштама берүү үчүн МЧОИ төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

  • Кыргызстанда каттоодон өткөн болушу керек;
  • акциялардын контролдук пакети (башкача айтканда > 51%) кыргызстандык
    компаниясына таандык болушу керек;
  • жергиликтүү мыйзамдык ченемдерге ылайык чакан* же орто ишкананын
    аныктамасына жооп берүүсү керек;
  • коммерциялык же киреше алып келүүчү иш-аракеттерди 12 айдан кем эмес жүргүзүүсү керек;
  • негизги ишмердүүлүк артыкчылыктуу тармактардын бирине жүргүзүлөт (топтолгон): агробизнес/ тамак-аш өнөр жайы, МКТ (маалыматтык-коммуникациялык технологиялар), саламаттыкты сактоо жана бакубат жашоо, билим берүү, текстиль жана кийим-кече, каржы кызматтары, чекене жана дүң соода, кызмат көрсөтүү, кампа сактоо/ транспорт /логистика, чакан өндүрүш, же Хорека (HoReCa)**;
  • лидерлик жөндөмдүүлүк, өзгөрүүгө жана PEAK менен маалымат алмашууга даяр болуу;
  • мамлекеттик структуралар же өкмөт менен байланышпаган жеке ишкер болуу
    (мамлекеттин менчигисиз);
  • ишмердүүлүк алкоголдук ичимдиктерди, тамеки өнүмдөрүн өндүрүү, кумар оюндары жана экологиялык терс кесепеттерге байланыштуу болбошу керек.
  • ишкана жана ишкананын жетекчилиги кылмыш жана жарандык мыйзамдарды бузуу окуялары болбоосу зарыл.

Негизинен экономикалык ишмердүүлүккө катышкан кооперативдер жана коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ), ошондой эле каттоодон өтө элек, бирок катталууну пландаштырып жаткан ишканалар дагы кайрыла алышат.

*Чакан ишканаларга жылдык кирешеси катталганда жарыяланган КНСтин (НДС) 8 миллион сом чегинен ашпаганжана кызматкерлердин саны 15тен ашпаган уюмдар же жеке ишкерлер кирет; ал эми орто ишканалар – жылдыккирешеси каттоодо жарыяланган КНСтин (НДС) чегине барабар же андан ашкан, бирок жылдык кирешеси 30,0миллион сомдон ашпаган жана 16тен 50гө чейин кызматкери бар уюмдар жана / же жеке ишкерлер.

**PEAK баштапкы айыл-чарба тармагы менен иштебейт.

https://peak.kg/wp-content/uploads/2020/10/ind54545ex-2.jpeg

Төмөнкү критерийлердин жок дегенде бирине жооп берген ишканаларга артыкчылык берилет:

  • Бизнестин көпчүлүк бөлүгү (> 51%) социалдык аярлуу топтордун өкүлдөрүнө таандык жана булар тарабынан башкарылат: аялдар, жаштар (18-28 жаш), (акыркы эки жылда) кайтып келген мигранттар.
  • Уюм социалдык аярлуу топтордун жумушчуларын жалдайт же колдойт же ушул топтогу ишкерлерге пайда / киреше алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
  • Бизнес төмөнкү кардарларга / керектөөчүлөргө багытталган: социалдык аярлуу топтордун өкүлдөрүнө жана / же озунун жеткирүү чынжырында аярлуу ишканаларды камтыйт.

ТАБЫШТАМАНЫ КАНТИП БЕРҮҮ КЕРЕК?

1-ЭТАП – БИЗНЕСТИ ДИАГНОСТИКАЛОО

1-кадам: Бизнести акысыз диагностикалоо үчүн табыштама берүү жана кеңешчини тандоо
МЧОИ арасында акысыз бизнес-диагностика жүргүзүүгө табыштамаларды кабыл алуу жөнүндө биздин веб-сайттан жана социалдык тармактардан таанышыңыз.
Сиз тараптан көрүлүүчү аракеттер:

Программа жана катышуу критерийлери жөнүндө маалыматты окуп чыгыңыз. Анкетаны толтуруңуз жана «Катышуучунун арызы» бөлүмүнө жазылыңыз. Бардык тилкелерди толтуруп, катышууга укугуңузду тастыктоо үчүн төмөнкү документтерди тиркеп коюңуз:
– жеке ишкер үчүн – патенттин көчүрмөсү /жеке ишкердин күбөлүгү; ID жана / же
паспорт; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери
– жеке компания же уюм үчүн – каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; уюмдун
салыктык идентификациялык номери; башкы директордун паспорту же ID картасы;

Сиз банкрот эмес, салык карызыңыз жок жана Сиздин бизнеске терс таасирин тийгизе турган учурдагы соттук териштирүүлөргө катышпагандыңыз жана Сиз улуттук мыйзамдарды жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында талаптарды сактай тургандыгыңызды тастыктаган «Өзүн-өзү декларациялоо» (жүктөө) формасына кол коюуңуз.

Сизде табыштаманы берүү этабында диагностика жүргүзүү үчүн өзүнчө бизнес-кеңешчисин көрсөтүүгө (табыштама формасында бизнес-кеңешчисинин аты-жөнүн жана байланышуу маалыматтарын көрсөтүү менен) же PEAK маалыматтар базасынан (https://peak.kg/konsultanty/) веб-сайтында бизнес-кеңешчисин төмөнкүлөрдүн негизинде тандоого опциясы бар:
• бизнес-диагностика жүргүзүү үчүн сиз тандаган тилди билген;
• тармактагы /сиздин бизнес сектордогу иш тажрыйбасы бар;
• бизнес-кеңешчисинин сиз көрсөткөн мөөнөттөрдө диагностика жүргүзүүгө
даярдыгы.

PEAK бизнес-диагностика жүргүзүүгө табыштамаларды текшерүү жана баалоо этабында «биринчи табыштама берүүчү биринчи кезекте тейленет» принцибин колдонот.

Бардык маселелер боюнча Анар Орозобаевага anar_orozobaeva@dai.com электрондук почтасы боюнча кайрылыңыздар.

2-кадам: PEAK компаниясынын чечими
Эгерде сиздин табыштама катышууга укук ченемдүүлүктүн бардык критерийлерине ылайык келип жана PEAKтин комплекстүү текшерүүсүнөн өтсө, сиздин табыштамаңыз кабыл алынгандыгы же четке кагылгандыгы жөнүндө кабарлама аласыз.

Бул кадам 10 жумушчу күнгө созулат.
Сиз тараптан көрүлүүчү аракеттер:
Биздин жоопту күтүңүздөр.
Эгерде Сизге бизден суроо берилсе, ага максимум 2 күндө жооп бериңиз.
3-кадам: Үч тараптуу макулдашууга кол коюу

PEAK акысыз диагностика жүргүзүү шарттарын баяндоо менен кыскача макулдашуу даярдайт, ага сиздин ишкананын кызыкчылыгын билдирген ыйгарым укуктуу адам, тандап алынган кеңешчи жана DAI (PEAK өкүлү) кол коет.

Бул этап 3 жумушчу күнгө созулат.

Сиз тараптан көрүлүүчү аракеттер:
макулдашууну көңүл коюп окуп чыгыңыз жана ага кол коюп жана макулдашуулардын бардык нускаларын PEAKке жөнөтүңүз. Сизге бир нускасы берилет.
4-кадам: Бизнести диагностика жүргүзүү
Текшерүүнү жүргүзүүнүн алкагында тандалган бизнес-кеңешчи сиз менен бирге анкетаны толтурат, буга 45-60 мүнөт убакыт кетет, андан соң сизге диагностика жүргүзүү инструменти жөнүндө отчетту берет.

Бул этап макулдашууда айтылган мөөнөткө жараша 5 жумушчу күнгө созулушу мүмкүн.
Сиз тараптан көрүлүүчү аракеттер:
Бизнес-кеңешчисине бизнес-диагностика жүргүзүүнүн алкагында анкетаны толтуруу үчүн зарыл маалыматты бериңиз. Сиз берген маалымат катуу купуялуулукта сакталат жана сиздин компанияга таңууланбайт (буга аяк жагында бериле турган сурамжылоо жөнүндө отчет кирбейт) же үчүнчү жактарга берилбейт, андыктан өз жоопторуңузда ак ниет болуңуз.

2-ЭТАП – БИЗНЕСТИ ЖАКШЫРТУУНУН ПЛАНЫН ИШТЕП ЧЫГУУ

5-кадам: Сарптоолордун 85%ына чейин жабуучу субсидияларды алууга табыштамалар

Бизнес-кеңешчи өткөргөн сурамжылоонун натыйжаларын талкуудан кийин, эгерде сиз бизнести жакшыртууга сарптоолорду жарым-жартылай жабуу үчүн бизнес-кеңеш субсидияга табыштама берүүгө кызыкдар болсоңуз, анда PEAK максаттарына ылайык инновацияларды колдоо, өсүү жана атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга сиз бизнести жакшыртуу планды, кеңешчинин техникалык тапшырманы, бюджетти иштеп чыгуу үчүн диагностика жүргүзгөн бизнес-кеңешчисин тандасаңыз болот.
ЖЕ сиздин максаттарыңызга же күтүүлөрүңүзгө ылайык бизнести жакшыртуу планы жана техникалык тапшырма боюнча сунуштарды алуу үчүн сертификациядан өткөн кеңешчилердин тизмеси менен бөлүшүүнү PEAKтен сурана аласыз.

Бизнес-кеңешчилери долбоорду ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик тарткан өзүнчө адам же бизнес-кеңешчи уюмдун бир жетекчөөчү кеңешчиси менен адамдардын консорциуму болушу мүмкүн экендигине көңүл буруңуздар.
Бул этап 8-10 жумушчу күнгө созулат (бизнес-кеңешчини тандоо жана документти даярдоо).
Сиз тараптан көрүлүүчү аракеттер:
сиз онлайн-форманы колдонуп, табыштама беришиңиз керек, ал сиздин компания, бизнести жакшыртуу боюнча планды, жумуштун көлөмүн жана бюджетти; колдонуудагы мыйзамдарды сактоо жөнүндө катышуучунун табыштамасын жана бизнес-кеңеш долбоорунун жалпы наркынын сарптоолорунун бөлүгүн төлөөгө сиздин даяр экендигиңизди тастыктоону камтыйт , ал төмөндө көрсөтүлгөн. Долбоордун максималдуу наркы (ар бир МЧОИ үчүн), аны PEAK субсидиялоо үчүн карайт, ал 2000 фунт стерлингди (же 210 000 сомду) түзөт.
PEAK % сарптоосу-нун

үлүшү

(максимум) 

МЧОИ сарптоосу-нун

үлүшү

% (минимум)

Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү
85% 15% ишканалардын ээлери – аялдар, жаштар, кайтып жаткан мигранттар же бакубат шарттары кыйла чабал болгон башка топтор
75% 25% жаңы продукт /кызмат көрсөтүү менен жаңы рынокко чыгуу
75% 25% мурда болгон продукт / кызмат көрсөтүү менен экспорттук рынокко чыгуу
75% 25% жаңы рынок же жаңы продукт / кызмат көрсөтүү (бирок экөө чогуу эмес)
6-кадам: Бизнес-кеңеш долбооруна табыштаманы баалоо
PEAK комиссиясы берилген документтерди баалайт жана сиз PEAKтин чечими жөнүндө кабарлама аласыз, ал төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдүн бирин камтыйт: четке кагуу, кийинкиге калтыруу же кабыл алуу.

Бул этап 2 жумага созулат.
Сиз тараптан көрүлүүчү аракеттер:
PEAKтин жообун күтүңүз.
7-кадам: Бизнес-кеңеш кызматын өткөрүү үч тараптуу макулдашуусуна кол коюу

PEAK бизнес-кеңеш кызматын өткөрүү үчүн үч тараптуу макулдашуусун даярдайт, анда үч тараптын милдеттенмелери көрсөтүлөт МЧОИ, бизнес-кеңешчи жана PEAK), сарптаган үлүштөрү, долбоордун узактыгы, күтүлүүчү натыйжалар жана продуктулар, ошондой эле эгер колдонуу мүмкүн болсо чыгымдардын ордун толтурууга укук («жеңилдиктер»).

Бизнес-кеңешчиге төлөп берген МЧОИнин сарптоолорунун суммасынын 50%ынын орун толтуруу, бизнес-кеңеш долбоору аяктагандан кийин макулдашылган мөөнөттөрдө МЧОИ менен макулдашылган натыйжаларга жетишилгенден кийин PEAK МЧОИге кайта төлөп берет (бизнес-кеңеш долбоору жөнүндө макулдашууда көрсөтүлсө).
Бул этап 3 жумушчу күнгө созулат.
Сиз тараптан көрүлүүчү аракеттер:
макулдашууну көңүл коюп окуп чыгыңыз, кол коюуңуз жана макулдашуунун бардык нускаларын PEAKке жөнөтүңүз. Кол коюлган нусканы PEAK сизге берип жиберет.

3-ЭТАП. БИЗНЕСТИ ӨРКҮНДӨТҮҮ ПЛАНЫН ИШКЕ АШЫРУУ

8-кадам: Бизнести жакшыртуу боюнча планды ишке киргизүү
Сиз бизнес-кеңеш долбоорунун планын ишке ашыруу боюнча бизнес-кеңеш менен тыгыз кызматташасыз.
Бул этап макулдашууда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө ишке ашырылат.
Сиз тараптан көрүлүүчү аракеттер:
Сиз бизнес-кеңеш менен чогуу кол коюлган макулдашууда көрсөтүлгөн бардык аракеттерди аткарасыз, алар макулдашылган мөөнөттөрдө аткарылышы керек.
9-кадам: Бирото натыйжаларды бекитүү жана отчет

Бизнес-кеңешчи сизге жана PEAKке биротоло натыйжалар менен чогуу бизнес-кеңеш долбоору жөнүндө отчетту берет. Бизнес-кеңешчиден сиз жана PEAK сураган тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат.

Бул этап 5 жумушчу күнгө чейин созулат.

Сиз тараптан көрүлүүчү аракеттер:
Сиз отчетту жана натыйжаларды карап чыгышыңыз керек, ал эми документке кол койгон сиз ыйгарым укук берген адам долбоорду аяктоого өзүнүн макулдугун жана тастыктоосун бериши керек. Алгандан кийин PEAK документтердин макулдашуунун шарттарына жана жоболоруна ылайык келишин текшерет жана бар болгон натыжаларды күтүлүүчү натыйжалар менен салыштымалуу далилдерин баалайт.
10-кадам: Кайтарым байланыш жана МЧОИ менен канаттануу деңгээли жөнүндө интервью
Тапшырманы аткаргандыгы үчүн төлөм жүргүзүү алдында PEAK МЧОИ менен канаттануу деңгээли жөнүндө интервью өткөрүшү керек.

Бул этап 3 жумушчу күнгө созулат.
Сиз тараптан көрүлүүчү аракеттер:
өз пикириңиз менен PEAK менен бөлүшүңүз жана интервьюнун бинес-кеңеш менен канаттануусу жөнүндө суроолоруна жооп бериңиз.
11-кадам: Төлөм жүргүзүү

Сиз жана PEAK тарап корутунду отчетту жана натыйжаларды кароодон жана кабыл алуудан кийин бизнес-кеңешчи сиздин үлүшүңүздүң төлөөгө Сизге эсебин коет, андан кийин PEAKке эсебин берилет.

Бул этап 5 жумушчу күнгө созулат

Сиз тараптан көрүлүүчү аракеттер:
Сиз бизнес-кеңешчиге төлөнгөн үлүштүн бөлүгүн кайта төлөп берүү. Эгерде Сиз чыгымдардын ордун толтурууга укугуңуз болсо («жеңилдиктееге»), PEAK сизге төлөм жүргүзүүгө Сиз күтүлүүчү натыйжаларга жетишкениңиздин тастыктоосу менен төлөмдү талап кылуусу формасын PEAKке тапшырасыз. PEAK далилдерди текшерет жана сизге жеңилдик берилген сумманы төлөп берет.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023