Please wait, loading...

 

Жаңы бийиктиктерге жетиңиздер!

АКСЕЛЕРАЦИЯ ЖАНА ИНКУБАЦИЯ

Мигрант Ишкер

Алты жуманын ичинде өз бизнесиңизди баштаңыз! Программанын жүрүшүндө сиз төмөнкүлөрдү үйрөнөсүз:

  • бизнес-идеяңызды кантип текшерүү керек;
  • талап кылынган товарды же кызматты кантип иштеп чыгуу жана аны рынокто илгерилетүү;
  • финансылык планды кантип иштеп чыгуу керек;
  • мыйзам талаптарына кантип жооп берүү керек;
  • продуктыңызды/кызматыңызды өнөктөштөргө жана инвесторлорго кантип көрсөтүү керек.

Катышуу үчүн талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгы
  • Программа башталганга чейин 3 жылдан кем эмес убакыт мурда Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранты болуу;
  • Биринчи сатууну жүзөгө ашыруу үчүн колдонула турган продуктынын/кызматтын негизги версиясынын болушу;
  • Программанын жүрүшүндө ачыла турган бизнестин негиздөөчүсү/тең негиздөөчүсү болууга ниети бар;
  • Программага катышып, аны толугу менен бүтүрүү үчүн керектүү убакытты бөлүүгө даяр болуу (алты жума бою жумасына 10 саатка чейин).
Бизнесиңди өстүр

Бизнесиңизди өнүктүрүү үчүн жаңы билимдерди, көндүмдөрдү жана колдоолорду алыңыз!

Жети жуманын ичинде сиз өзүңүздүн билимиңизди төмөнкү тармактарда өркүндөтө аласыз:

  • бизнестин стратегиясы жана өнүгүүсү;
  • финансылык менеджмент;
  • маркетинг жана сатуу, анын ичинде сатуу каналдарын санариптештирүү;
  • потенциалдуу инвесторлорго жана өнөктөштөргө бизнести презентациялоо.

Катышуу үчүн талаптар:

  • Ишкана 12 айдан ашык иштеп жатат жана кирешеси бар (жылына 8 млн сомдон ашык эмес);
  • Ишканада 15тен аз кызматкер иштейт (толук же толук эмес ставкага);
  • Ишкана катталган (жеке ишкер же ЖЧК);
  • Ишкананын иши алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди өндүрүү/сатуу, кумар оюндары, экологиялык кооптуу ишмердүүлүк менен байланышы жок;
  • Программага жумасына 9 саатка жакын убакыт бөлүүгө даяр болуу.
Электрондук соода

Сегиз жуманын ичинде сиз бизнес жөндөмүңүздү өркүндөтөсүз жана төмөнкүлөрдү үйрөнөсүз:

  • электрондук соода стратегиясын кантип иштеп чыгуу керек;
  • электрондук соода платформасын кантип тандоо керек (базарлардагы орундарды (маркетплейс)/социалдык тармактар ​​ж.б.);
  • онлайн сатуу натыйжалуулугун кантип баалоо жана анын статистикасын колдонуу;
  • SMM жана санариптик байланыш менен кантип иштөө керек;
  • платформанын натыйжалуулугун кантип көзөмөлдөө жана маркетинг бюджетин башкаруу;
  • электрондук соода үчүн логистиканы жана төлөм системаларын кантип уюштуруу керек.

Катышуу үчүн талаптар:

  • ишкана Кыргыз Республикасында расмий түрдө катталган;
  • сиздин бизнесиңиз микро, чакан же орто бизнес болуп саналат; 12 айдан кем эмес иштөөдө; эки адамдан турган командасы бар (жок дегенде); офлайн каналдар аркылуу өзүнүн продукциясын же кызматтарын активдүү сатат же онлайн сатуунун негизги куралдарын колдонот; тастыкталган сатуу динамикасы бар;
  • ишкана жакынкы 3 айдын ичинде онлайн сатууну өнүктүрүүнү пландаштырууда;
  • сиз ишкананын негиздөөчүсүз/тең негиздөөчүсүзжана программага оффлайн режиминде активдүү катышууну пландап жатасыз;
  • Word, Excel жана PowerPoint программаларын жакшы билүү.
Бизнесиңди өстүр – инвестиция алууга даяр болуу

Программа микро, чакан жана орто бизнестин туруктуулугун, инновациясын жана потенциалын жогорулатууга багытталган.

Жети жумалык программанын жүрүшүндө сиз төмөнкүлөрдү иштеп чыгасыз:

  • бизнес-план (кыска версия)
  • презентация (питч)
  • инвестициялык тизер

Катышуу үчүн талаптар:

  • Ишкана Кыргызстанда катталган (жеке ишкер же ЖЧК);
  • Катталган ишкананын үлүшүнүн (үлүштөрүнүн) 51%дан кем эмеси Кыргызстандын жаранына (жарандарына) таандык;
  • Ишкана акыркы 6 айда киреше алып, кирешелүү* болууда;
  • Ишканада 50дөн ашык эмес адам иштейт (толук жана/же толук эмес ставкага);
  • Программага негиздөөчүлөрдүн же директорлордун биринин катышуусу милдеттүү;
  • Ишкана жакынкы 3-6 айдын ичинде тышкы каржылоону тартууну пландаштырууда.
Экспорттоого даяр - тигүү өнөр жайы программасы

PEAK менен ишканаңыздын экспорттук потенциалын жогорулатыңыз!

Программа экспорттук мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат берүү, эл аралык рынокторду жана экспорттун талаптарын жана жол-жоболорун түшүнүү жана эл аралык суроо-талапты канааттандыруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу аркылуу тигүү ишканаларынын экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган.

Программа алты жумага созулат жана интерактивдүү окуу семинарларынан, жеке консультациялардан, ошондой эле конок сессияларынан турат.

Программанын жүрүшүндө сиз төмөнкү багыттар боюнча билимиңизди жогорулатасыз:

  • Маркетинг жана сатуу
  • Электрондук соода жана санариптик маркетинг
  • Финансылык менеджмент
  • Өндүрүш жана сапатты башкаруу
  • Персоналды башкаруу
  • Экспорттук процесстер жана талаптар

Катышуу үчүн талаптар:

  • Ишкана кийим тигүү тармагында иштейт;
  • Ишкана кеминде 12 ай иштеп, киреше алып келе жатат (жылына 30 миллион сомдон ашык эмес) жана кирешелүү;
  • Ишканада 50дөн аз адам иштейт (толук жана толук эмес ставкага);
  • Ишкананын каттоосу бар (патент, жеке ишке же ЖЧК);
  • Ишкана продукцияларын экспорттоп жатат же кийинки 6 айдын ичинде экспорттоону баштоону пландаштырууда.
Tech Accelerator

Программа насаатчылар менен жеке сессиялардан жана төмөнкү багыттар боюнча интерактивдүү тренингдерден турат:

  • Бизнес моделдөө
  • Кастдев (кардарларды өнүктүрүү/Customer Development)
  • Финансы жана юнит-экономикасы
  • Илгерилетүү жана маркетинг стратегиясы
  • Каражаттарды чогултуу (фандрайзинг) жана масштабдоо
  • Сатуулардын бир нече эсе көбөйүшү
  • Питчинг

 

Катышуу үчүн талаптар:

  • стартап маалымат-коммуникациялык технологиялар (МКТ) чөйрөсүндө продуктыны же кызматты сунуштайт;
  • стартап тобу рынокто кеминде 6 ай иштеп жатат;
  • стартап MVP (минималдуу жашоого жөндөмдүү продукт) иштеп чыкты жана аны сыноодон өткөрдү, алгачкы колдонуучуларды/кардарларды тартты;
  • стартап кеминде 2 команда мүчөсүнөн турат;
  • негиздөөчүлөр жана жамааттын техникалык кызматкерлери Кыргызстанда иштейт.
Жаш Ишкер

Программа интерактивдүү тренинг семинарларын жана тажрыйбалуу тренерлер жана насаатчылар менен жекече иштөөнү камтыйт.

Сиз төмөнкүлөрдү үйрөнөсүз:

  • бизнес-идеяңызды кантип текшерүү керек;
  • талап кылынган товарды же кызматты кантип иштеп чыгуу жана аны рынокто илгерилетүү керек;
  • финансылык планды кантип иштеп чыгуу керек;
  • мыйзам талаптарына кантип жооп берүү керек;
  • продуктыңызды/кызматыңызды өнөктөштөргө жана инвесторлорго кантип көрсөтүү керек.

Катышуу үчүн талаптар:

  • 18 жаштан 28 жашка чейин;
  • Кыргыз Республикасынын жарандыгы;
  • Бизнес-идеяга ээ болуу (прототиби жана биринчи сатыкка ээ болуу программага катышууга артыкчылык берет);
  • Арыз берүүчү келечектеги ишкананын негиздөөчүсү же тең негиздөөчүсү болуп калат;
  • Ишкананы Кыргыз Республикасында каттоого ниети бар экендигин анык билүүсү;
  • Программага катышууга убакыт бөлүүгө даяр болуу (жумасына 10 саатка чейин).
Бизнес Айым

Сиз өз бизнесиңизди ачкыңыз келеби? “Бизнес Айым” программасы Кыргызстандагы аялдарга бизнес-идеяны же прототибин ишке ашырууга жардам берет. Жети жуманын ичинде бизнес-айым болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

Сиз төмөнкүлөрдү үйрөнөсүз:

  • идеяңызды/прототипиңизди/минималдуу жашоого жөндөмдүү продуктыны кантип сынап көрүү керек;
  • рынокто өз ордун кантип табууга болот;
  • продуктыңызды же кызматыңызды кантип илгерилетүү керек;
  • мыйзам талаптарына кантип жооп берүү керек;
  • продуктыңызды/кызматыңызды өнөктөштөргө жана инвесторлорго кантип көрсөтүүкерек.

Катышуу үчүн талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болуу;
  • орус тилин жакшы билүү (окутуу орус тилинде жүргүзүлөт);
  • бизнес-идеясы бар болушу керек (продуктынын прототиби болушу программага катышуу үчүн артыкчылык берет);
  • максаттуу керектөөчүңүздү так түшүнүү үчүн рыноктук изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  • Кыргызстанда өз компаниясын каттоого аракет кылуу;
  • Zoom, Power Point жана Excel (MS Office) программалары менен иштөөнү жакшы билүү.
Социалдык ишкердүүлүк

Жарандык коом уюмдары (ЖКУ) үчүн кирешелүү бизнести кантип баштоо керек? Сиздерди социалдык ишкердик боюнча окууга чакырабыз.

Алты жуманын ичинде сиз төмөнкү темалар боюнча билимиңизди өркүндөтө аласыз:

  • Бизнес-идеяны тестирлөө жана рынокто продуктынын ордун аныктоо;
  • Минималдуу жашоого жөндөмдүү продукцияны иштеп чыгуу;
  • Маркетинг жана сатуу;
  • Финансылык моделдөө;
  • Уюштуруу менеджменти;
  • Каттоо жана башка укуктук маселелер;
  • Каражат чогултуу жана жүктөө (Фандрейзинг и бутстрэппинг);
  • Социалдык инновациялар, айлана-чөйрөнү коргоого жана социалдык-маданий маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү.

Тренингде лекциялар, семинарлар жана тажрыйбалуу тренерлер жана насаатчылар, ошондой эле практикалык социалдык ишкерлер менен консультациялар өткөрүлөт.

Программа төмөнкү шарттарга жооп берген ЖКУлар үчүн ачык:

  • ЖКУ Кыргызстанда катталган жана устав боюнча коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүүгө укуктуу;
  • ЖКУ 12 айдан кем эмес иштөөдө, (кеминде) эки адамдан турган командасы бар, социалдык, маданий, экологиялык маселелерди активдүү илгерилетүүдө, өз ишмердүүлүгүнө калктын социалдык жактан аялуу катмарын тартууда;
  • Социалдык ишкердикти же коммерциялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн бизнес-идеянын же алгачкы кадамдардын болушу*;
  • Өтүнмө ээси ЖКУнун негиздөөчүсү/тең негиздөөчүсү же лидери болуп, программага активдүү катышууну пландаштырууда. программага ар бир ЖКУдан эки катышуучу катыша алат;
  • Программага катышууга жана аны аягына чейин аяктоого даяр болуу (программага жумасына 10 саатка чейин бөлүүгө даяр болуу).

* Иштеп алынган пайда кайрадан уюмга инвестициялануучу коммерциялык ишмердүүлүк. Социалдык ишкердик коомдук максаттар менен айкалышкан коммерциялык ишмердүүлүктү камтыйт.

БИЛИМ +

Билим берүү тармагындагы бизнес үчүн акселерация программасы! Бул программа жеке билим берүү тармагында иштеп жаткан ишкерлер үчүн арналган:

  • мектепке чейинки билим берүү;
  • баштапкы билим;
  • мектептен тышкаркы билим берүү;
  • тил үйрөнүү курстар;
  • музыка, искусство курстары;
  • башка билим берүү курстар.

Жети жуманын ичинде сиз төмөнкү темалар боюнча билимиңизди өркүндөтө аласыз:

  • Бизнес стратегиясы жана масштабын кеңейтүү;
  • Маркетинг жана сатуу (региондун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен);
  • Издөө жана персоналды башкаруу;
  • Кызматкерлердин кесиптик өсүшү;
  • Финансылык менеджмент жана бухгалтердик эсеп;
  • Нетворкингжана инвесторлор жана өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • Интеллектуалдык менчик.

Катышуу үчүн талаптар:

  • Ишкананын каттоосу бар (жеке ишкер, ЖЧК же коммерциялык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө уруксаты бар БӨУ, КБ);
  • Ишкана билим берүү тармагында иштейт;
  • Ишкана 12 айдан кем эмес иштеп жатат, (кеминде) эки адамдан турган командасы бар, өз кызматтарын активдүү сатууда;
  • Арыз берүүчү ишкананын негиздөөчүсү/тең негиздөөчүсү болуп саналат жана программага активдүү катышууну пландаштырууда. Программага ар бир ЖКУдан эки катышуучу катыша алат;(негиздөөчүсү/ тең негиздөөчүсү+ сатуу боюнча менеджер / операциялар боюнча менеджер);
  • Программага катышууга жана аны толугу менен аягына чыгарууга даяр болуу (программага жумасына 10 саатка чейин убакыт бөлүүгө даяр болуу)
  • Microsoft Word, Excel жана PowerPoint программаларын билүү.

    Форма заявки

    * Заполните обязательные поля

    КАРЖЫЛОО МҮМКҮНЧҮЛҮГҮНӨ ЖЕТҮҮ

    РEAK Фонду инвестициялык жана венчурдук фонддордун, финансылык институттардын жана жеке инвесторлордун ичинен ишкерлер үчүн стратегиялык өнөктөштөрдү издейт.

    Андан тышкары, PEAK Фонду 2-3 жылдын ичинде PEAK программасынын бүтүрүүчүлөрүн каржылоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында өзүнүн венчурдук фондун (Impact Fund) жана краудфандинг платформасын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

    БИЗНЕС-КОНСУЛЬТАЦИЯЛАР

    Потенциалды жогорулатуу программаларынын алкагында PEAK тарабынан окутулган жана сертификатталган жогорку квалификациялуу бизнес-консультанттардан кеңеш алууга мүмкүнчүлүк берет.

    PEAK бизнес-кеңеш берүү/бизнес колдоо жаатында жергиликтүү рыногунда изилдөө жүргүзүп, жогорку квалификациялуу бизнес-кеңешчилердин маалымат базасын түздү. Бизнес-консультанттар кардарлардын канааттануусун баалоону камтыган жарамдуулугун текшерүүдөн өтүштү.

    Биз сиздин бизнес үчүн тиешелүү бизнес-консультант табуунун эки жолун сунуштайбыз:

    1)  Сиз менюнун тиешелүү саптарын басып, издөө системасын колдоно аласыз жана консультанттардын маалымат базасынан издеп табылган натыйжаларды көрө аласыз.

    2) Сиз консультанттын профилдерин, анын ичинде портфолиолорду жана байланыш маалыматын көрө аласыз.

    Кээ бир бизнес-консультанттар PEAKтин «Ассоциированный консультант-генералист» сертификатына ээ экенин эске алыңыз. Бул консультанттар бизнестин негизги аспектилери, диагностикалык аспаптар жана консультациялык этика боюнча негизги билимге жана көндүмгө ээ. Сертификаттын бар экендиги жөнүндө маалыматты бизнес-консультанттын профилинен тапса болот.

    ДОНОРЛУК УЮМДАР ҮЧҮН КЫЗМАТТАР

    РЕАК Фонду жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) жана МЧОБдин потенциалын жогорулатат, бизнестин ачык-айкындуулугу жана жашоого жөндөмдүүлүгү үчүн укуктук жана каржылык текшерүүнү камсыз кылат, кирешелүү социалдык ишканаларды курууга жардам берет жана долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин түзүү боюнча кызмат көрсөтөт.

    Июнь-сентябрь 2022-ж.
    РЕАК “Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу” программасынын алкагында ACTED эл аралык бейөкмөт уюму үчүн социалдык ишкердик боюнча
    алдын ала
    акселерациялоо программасын ийгиликтүү ишке ашырды. Программа Бишкек, Чүй жана Ош облустарындагы өздөрүнүн каржылык көз карандысыздыгын чыңдоону жана өз ишмердүүлүгү үчүн туруктуу киреше булактарын табууну каалаган жарандык коом уюмдары үчүн иштелип чыккан. Программаны аяктаган 30 ЖКУнун тогузу социалдык ишканаларды ийгиликтүү ишке киргизди.

    © PEAK, 2023

    © PEAK, 2023