Please wait, loading...

 

Биз атаандаштыкка жөндөмдүү ишканаларды түзүүгө жана колдоого инновациялык ыкмаларды киргизебиз!

PEAK — өзүнүн эффективдүү программалары, тажрыйбалуу насаатчылары жана өзүнүн таасир этүүчү фондусу бар болгон Борбордук Азиядагы ишенимдүү бизнес акселератор.

РЕАК КООМДУК ФОНДУ ЖӨНҮНДӨ

РЕАК Коомдук Фонду Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланган РЕАК Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасынын укуктук мураскери болуп саналат. Фонд 2023-жылдын февраль айында катталган.

Вазыйпасы: PEAK микро, чакан жана орто бизнестин жана стартаптардын потенциалын жогорулатуу жана бизнести ачуу жана кеңейтүү үчүн каржы алууга мүмкүнчүлүк берүү аркылуу оң социалдык салымдарды кошот.

Келечекке болгон көз карашы:

PEAK — өзүнүн эффективдүү программалары, тажрыйбалуу насаатчылары жана өзүнүн таасир этүүчү фондусу менен Борбордук Азиядагы ишенимдүү бизнес акселератор.

Фонд кимге багытталган:

PEAK ИТ, креативдүү экономика, жашыл экономика жана электрондук коммерция чөйрөсүндөгү аялдардын жана жаштардын МЧОБ жана ЖКУлар (жарандык коом уюму) тарабынан ишке ашырылуучу социалдык мааниге ээ болгон долбоорлоруна колдоо көрсөтөт.

Фонд эмнени сунуштайт:

  • Бизнес баштоо үчүн жогорку квалификациялуу тажрыйбалуу команда
  • Кыргызстандын бардык аймактарын камтуу
  • Жарандык коом уюмдарынын жана чакан жана орто бизнестин потенциалын жогорулатуу (акселерация, инкубация, изилдөө, консультациялар)
  • Ачык-айкындуулук жана жашоого жөндөмдүүлүк үчүн бизнести укуктук жана финансылык жактан текшерүү
  • Пайдалуу социалдык ишканаларды түзүү
  • Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин түзүү боюнча кызматтарды көрсөтүү
https://peak.kg/wp-content/uploads/2020/02/matterhorn-918442_960_720-640x652.jpg

РEAK КООМДУК ФОНДУНУН НЕГИЗДӨӨЧҮЛӨРҮ

https://peak.kg/wp-content/uploads/2023/04/Kiyal-Sultanbaeva-640x640.jpg

Кыял Султанбаева

Фонддун төрайымы

Кыял Султанбаева Кыргыз мамлекеттик транспорт, курулуш жана архитектура университетинин «Инженер-эколог» адистиги жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында «Коммерциялык эмес уюмду башкаруу» адистиги боюнча магистратураны аяктаган.Кыялдын 20 жылдан ашык эл аралык уюмдар менен иштөө тажрыйбасы бар. Кыял Кыргыз Республикасынын 60тан ашык айыл өкмөттөрүндө жарандык коом уюмдарын (ЖКУ) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын камтыган өз алдынча жардам топторун түзүүгө активдүү катышкан. Ал ошондой эле 15тен ашык ЖКУнун потенциалын жогорулатууга катышып, долбоордук сунуштарды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көмөктөшкөн.
Мындан тышкары, Кыял программалар аркылуу жүздөгөн стартаптарды жана кичи жана орто ишканаларды, анын ичинде туристтик кызматтарды, ИТ компанияларды, социалдык ишканаларды, тигүүчү ишканаларын жана айыл чарба компанияларын ачууга жана колдоого багытталган акселерацияга чейинки программаларды жетектеген. Ал команда куруу, уюмду өнүктүрүү жана башкаруу боюнча чоң тажрыйбага ээ.
Кыял Султанбаева Улуу Британиянын UK aid тарабынан каржыланган PEAK Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасынын, “Борбордук Азиядагы микрофинансылык секторду колдоо” боюнча региондук программасынын жана “Жарандык коомдун долбоорлорун колдоо фонду” сыяктуу GIZ долбоорлорунун жана USAIDдин жер реформалоо долбоорунун алкагында бизнести жана жарандык коом уюмдарын өнүктүрүү боюнча тажрыйбасы бар.

https://peak.kg/wp-content/uploads/2023/04/Anar-Orozobaeva-640x640.png

Анар Орозобаева

……

Анар Орозобаева Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “коомдук тамактануу технологу” жана “англис тили жана адабияты мугалими”, Кыргыз улуттук университетинин Экономика жана башкаруу борборунун “бухгалтер” адистиктери боюнча билим алган, жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясынын «Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу» магистратурасын аяктаган. Ошондой эле профессионалдык өнүгүү программасынын алкагында Германияда «Туруктуу өнүгүү менеджери» даражасын алган.
Анар 40 туристтик долбоорду каржылоону (фандрайзинг), башкарууну жана ишке ашырууну, жана 50 жарандык коом жана муниципалдык өнүктүрүү долбоорун, 17 тигүү ишканалары менен текстиль долбоорлорун, 26 бизнес-консалтинг долбоорлорун, энергияны үнөмдөөчү технологияларды жана структураларды колдонуу менен 15 курулуш долбоорлорун жана 12 социалдык ишкананы түзүүнү жана Борбордук Азиядагы 2 мүчө ассоциацияны түзүүнү координациялаган. Ал Борбордук Азиядагы жүздөгөн стартаптарды жана кичи жана орто ишканаларды ишке киргизүүгө жана колдоо көрсөтүүгө катышкан, мисалы, пре-/акселерация, коучинг жана трекерство программалар аркылуу туристтик тейлөө компанияларына, ИТ компанияларына, социалдык ишканаларга, тигүү цехтерге жана айыл чарба компанияларына жардам көрсөтүүгө катышкан.
Анар Орозобаева Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан каржыланган PEAK Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасынын (UK aid), Швейцариянын Эл аралык Кызматташтык Ассоциациясынын (Хельветас), «Hospitality Kyrgyzstan» аттуу Кыргызстандагы Коомчулукка негизделген Туризм Ассоциациясынын (КАТОС), GIZтин “Жарандык коомдун долбоорлорун колдоо фонду”, USAIDдин жергиликтүү өнүгүү программасынын алкагында бизнести жана жарандык коом уюмдарын өнүктүрүү боюнча иш тажрыйбасына ээ. Анар ошондой эле Борбор Азияда бир катар тренингдерди, техникалык-экономикалык негиздемени түзүү, аналитика жана модерация боюнча иштерди жүргүзгөн.
Анар Орозобаева – Борбордук Азиядагы коомчулукка негизделген туризмди (КАТОС) өнүктүрүүнүн демилгечиси жана “Hospitality Kyrgyzstan” аттуу Кыргызстандагы Коомчулукка негизделген туризм ассоциациясынын (КАТОС) биринчи жетекчиси.

https://peak.kg/wp-content/uploads/2023/04/image_50412289-640x640.jpg

Антон Ходелка

……

Антон Ходелка бизнести администрациялоо жана башкаруу боюнча магистр даражасына ээ.
Антон ишкердик идеяларын туруктуу бизнеске айландыруу үчүн техникалык жардам көрсөтүү, жогорку атаандаштыкка жөндөмдүү бизнести, аймактык бренддерди жана бизнес байланыштарды түзүүнүн жана колдоонун жаңы жана инновациялык жолдорун киргизүүдө чоң тажрыйбага ээ.
Антондун долбоорлорду башкаруу жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча тажрыйбасы бар. Ал социалдык ишкердик жана продукцияны өнүктүрүү боюнча программанын менеджери болуп иштеген. Корпоративдик социалдык жоопкерчилик жана социалдык ишкердик, долбоорлорду иштеп чыгуу жана каражат чогултуу, коммерциялык кызматтарды иштеп чыгуу боюнча консультацияларды берүү, ар кандай компанияларда жана эл аралык уюмдарда электрондук коммерцияны өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорду башкарган.

https://peak.kg/wp-content/uploads/2023/04/Daniiar-Usenov_photo_new-640x640.jpeg

Данияр Усенов

……

Данияр Усенов Япониядагы Киото университетинин жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын магистр даражаларына ээ. Россияда жана Кыргызстанда чакан жана орто бизнести каржылоо чөйрөсүндөгү ишкердүүлүктү, жапон эксперттери менен бирге мини-магистрлик курстарын жана консалтинг долбоорлорун башкарууну (JICA долбоору), стартаптар жана чакан бизнес үчүн ондогон инкубация жана акселерация программаларын (UK aid долбоору) иштеп чыгууну жана башкарууну камтыган ишкердикти өнүктүрүү жаатында 17 жылдан ашык тажрыйбасы бар. Учурда Даниярдын кызыкчылыктар чөйрөсүнө impact (таасир этүү) жана венчурдук фонддорду түзүү жана башкаруу, ошондой эле насаатчылык жана консалтинг аркылуу бизнести (стартаптарды) уюштуруучулардын потенциалын өнүктүрүү кирет.

https://peak.kg/wp-content/uploads/2023/04/image_50421761-640x640.jpg

Искендер Шаршеев

……

Искендер Шаршеев – экономист, саясат таануучу. Бишкек гуманитардык университетинин саясат таануу адистигин аяктаган. Экинчи жогорку билимди жана магистр даражасын Москвадагы Россиянын Элдердин достугу университетинин (РУДН) Эл аралык экономика жана бизнес институтунда алган. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Чет элдик бизнести коргоо комитетинин төрагасы болгон. Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын аткаруучу директору жана Global Technology Solutions компаниясынын директору болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Бизнести өнүктүрүү кеңешинин мүчөсү. Ал эки мөөнөткө жалпы саны 500 миңден ашкан 80ден ашык уюмду бириктирген Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын секретариатынын жетекчиси болуп шайланган. Салык салуу, ишкердикти колдоо, электрондук өкмөт, чет өлкөлүк инвестициялар чөйрөсүндө мамлекеттик программалык ченемдик укуктук актыларды жана мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтордун мүчөсү. «ЭлТранс» электр транспортун пайдалануучулар союзунун негиздөөчүсү. Филиппиндеги Inno-Change эл аралык консалтинг компаниясынын компетенцияларынын негизинде ишкердикти окутуу боюнча эл аралык эксперт болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Байкоочу комитетинин мүчөсү болуп эки мөөнөткө шайланган.

https://peak.kg/wp-content/uploads/2023/04/Nargiza-Sagyndykova-640x640.jpg

Наргиза Сагындыкова

……

Наргиза Сагындыкова 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар квалификациялуу бухгалтер жана каржы менеджери. Наргиза каржы тармагында бакалавр жана магистр даражасына ээ адис жана сертификатталган бухгалтер (CAP) болуп саналат.
Наргизанын ПРООН, GIZ, ACDI/VOCA, Ага-Хан Фонду, Борбордук Азиядагы Евразия Фонду жана ЮСАИД, ЕБ, БУУ, Сорос Фонду жана FCDO тарабынан каржыланган башка уюмдар сыяктуу эл аралык уюмдарда иштеген 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар. 2020-жылдын февраль айынан бери Наргиза Кыргыз Республикасындагы DAI Global UK Ltd компаниясынын каржы жана операциялар боюнча менеджери катары DAI компаниясына кошулду. Наргиза жетектеген операциялар бөлүмү FCDO донор тарабынан сатып алуулар жана каржылык документтердин тандалма ички кароосунан ийгиликтүү өтүп, ошону менен сатып алууну жактыруу босогосун 5000 фунт стерлингге (мурда 500 фунт стерлингге чейин болчу) чейин жогорулатты.
Наргиза гранттык, финансылык, административдик, сатып алуу жана кадрдык иштердин бардык түрлөрүн GIZ, БУУ, Улуу Британиянын UK aid программасынын, USAID жана ЕБнин саясатына жана жоболоруна ылайык, ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык аткара алат. Ал Гранттарды башкаруу системасы (GMS), 1C Ишканалар, Tamis, Atlas, iScala жана WINPACCS сыяктуу маалымат базаларын жакшы билет.

bt_bb_section_top_section_coverage_image

РЕАК КООМДУК ФОНДУНУН СТРУКТУРАСЫ

https://peak.kg/wp-content/uploads/2023/05/forma-kg-768x426.png
  • Негиздөөчүлөрдүн жалпы чогулушу – алты адамдан турган Фондду башкаруунун жогорку органы болуп саналат.
  • Байкоочу кеңеш – Фонддун ишин көзөмөлдөөчү орган.
  • Башкармалык – Фонддун коллегиалдуу аткаруу органы болуп саналат.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023