Please wait, loading...

 

Бизнести жакшыртуу боюнча консультацияларды берүү боюнча кайсы кызмат
көрсөтүүлөрдү PEAK субсидия кыла алат?

PEAK бизнес-диагностика жүргүзүү процессинин чабал жерлерин четтетүүгө жана өсүшкө дем берүүгө багытталган бизнес-кеңеш долбоорун колдоого алат. Бизнес-кеңеш берүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн түрлөрү башкалардан тышкары, төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Рынокту изилдөө (потенциалдуу сатып алуучуларды, кызмат көрсөтүүлөрдү же жабдууларды, технологияларды же иштиктүү өнөктөштөрдү коюучулар)
  • Бизнести башкаруу жана комплекстүү пландын бөлүгү катары эл аралык деңгээлде бизнести жүргүзүү үчүн өтө зарыл курстарды кошо алганда техникалык окутуу.
  • Сурамжылоо жана келечектүү рыноктордо окшош / алмаштыруучу
    продуктулардын фокус-топтору
  • Продуктунун дизайны жана прототипти иштеп чыгуу
  • Стратегиялык альянстарды жана субподрядды түзүү
  • Жаңы технологияларды, процесстерди жана жабдууларды ишке киргизүү жана натыйжалуулугун максималдуу жогорулатуу боюнча окутуу жана
    консультациялар;
  • Электрондук эсепке алуу жана / же башкаруунун маалыматтык системасын
    орнотуу жана колдонуу боюнча окутуу
  • Жаңы продуктулардын өндүрүшүн жана жайылтуу үчүн натыйжалуулугун колдоо же рынокту кеңейтүү үчүн диагностика жүргүзүү
  • Жабдууларды / техникалык каражаттарды / программалык камсыздоолорду тандоо, орнотуу жана тийиштүү окутуу
  • Продуктуларды тестирлөө жана сертификациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр (ички лабораториялык жана тышкы)
  • Жаңы продуктуга/кызмат көрсөтүүгө товардык белгилерди жана патенттерди
    каттоо
  • Сапатты башкаруу системаларын иштеп чыгуу, текшерүү, тестирлөө жана
    сертификациялоо, анын ичинде эл аралык стандарттар боюнча сертификациялоо.
  • Этикеткалардын жана таңгактардын дизайны
  • Маркетинг пландарын/ өнөктүктү, жарнама материалдарынын дизайнын иштеп чыгуу
  • Соода көргөзмөлөрүнө катышуу, соода өкүлчүлүгүн түзүү жана экспорттук
    рыноктордо жайылтууга жардам көрсөтүү сыяктуу экспортко көмөк көрсөтүү
    боюнча кызмат көрсөтүүлөр.
  • Каржылоону тартууга, анын ичинде бизнес-планды иштеп чыгууга, кредиттик
    табыштамаларды даярдоого жардам көрсөтүү.
  • Бизнести каттоого жардам көрсөтүү
  • Өндүрүмдүүлүктү жана натыйжалуулукту жогорулатуучу, сатууну жана экспортту көбөйтүүчү, жаңы жумушчу орундарды түзүүчү ишмердүүлүктүн башка түрлөрү.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023