Please wait, loading...

 

Мен өз бизнесимди өнүктүрүүнү каалайм

Сиздин бизнесиңиз бар жана кардарлардын базасын, продукттардын линейкасын кеңейтүүнү, бизнес-операцияларды жакшыртууну же эл аралык деңгээлге чыгууну каалайсызбы? Бул жерде тренингдерден өтүп, өз тармагынын флагмандарынан кеңеш ала аласыз.

Өз бизнесиңизди PEAK менен жаңы бийиктиктерге чыгарып кеңейтиңиз!

PEAK Кыргызстандын ишканаларына ар түрдүү программалардын жана кызматтардын
кеңири тизмесин сунуш кылат.

Потенциалды күчөтүү боюнча программалар
Потенциалды күчөтүү боюнча PEAK программалары катышуучу компанияларга өсүүнү жана эл аралык рынокторго чыгууну камсыз кылуу үчүн көндүм жана билим берет.
Тастыктамалоо программасы
PEAK тастыктамалоо программасы – бир нече программаларды аяктоо жана инвестицияларды тартуу жана өнөктөштөрдү издөө үчүн «PEAK-Certified» статусун алуу.
Акысыз диагностикалык кызматтар өз ишинде токтотуучу факторлорду табууну каалаган ишкерлерге сунушталат.
Бизнес-консультациялар
РЕАК өзүнүн потенциалды күчөтүү боюнча программаларынын алкагында катышуучу компанияларга PEAKте окуудан өткөн жогорку квалификациялуу бизнес-кеңешчилерден жарым-жартылай РЕАК тарабынан төлөнө турган консультацияларды алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Устатчылык
PEAK жергиликтүү ийгиликтүү ишкерлерден/практиктерден турган устаттардын командасын түзөт, алар өздөрүнүн практикалык кеңештери менен PEAK программалардын катышуучулары менен бөлүшөт. PEAK Улуу Британиянын жана башка өлкөлөрдүн онлайн-платформалар аркылуу устатчылык жүргүзө алуучу ишкерлерин да ишке тартат.
Тышкы рынокко чыгууга көмөктөшүү
PEAK компаниялардын жаңы эл аралык рынокторго чыгуусуна даярдоого багытталган акселерациялык программаларды сунуш кылат.
Бизнес-акселераторлордун алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбасына жеткиликтүүлүк
Venture Hive америкалык акселератор-компания жана британиялык Кембридж бизнес-мектеби менен кызматташуу аркылуу PEAK глобалдык нетворкинг үчүн мүмкүнчүлүгүн түзөт.
Кесиптик иш-чаралар жана нетворкинг
PEAK бизнес-ассоциациялар жана башка негизги уюмдар менен тыгыз кызматташуу аркылуу РЕАК программаларынын катышуучуларынын бизнес-коомчулуктар үчүн арналган бардык кесиптик жана нетворкинг иш-чараларынан кабардар болушун жана тартылышын камсыз кылат.
https://peak.kg/wp-content/uploads/2020/02/81798903_1425281757634641_9098364096958312435_n.jpg

Ким табыштама бере алат?

  • Жеке компаниялар
  • Туруктуу иштеген кызматкерлеринин саны 50 адамга чейин
  • Сатуудан түшкөн жылдык киреше 30 миллион сом
  • Өз ишин Кыргызстандын аймагында жүргүзгөн компания
  • Компаниянын ээлери Кыргызстандын жарандары болууга тийиш

Ишмердүүлүктүн тыюу салынган түрлөрүнүн тизмеги

Программага катышуу үчүн тыюу салынган ишмердүүлүктүн түрлөрү
  • Өндүрүш деңгээлинде айыл чарбасы
  • Кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарына, же ченемдик актыларына, же эл аралык конвенцияларга жана макулдашууларга ылайык мыйзамсыз деп табылган бардык продуктуларды же ишмердүүлүктү, же эл аралык тыюу салуулар колдонулган фармацевтикалык дарылар, пестициддер/гербициддер, озон бузуучу заттар, ПХД, жапайы жаратылыш же CITES жөнгө салуучу продукттарды өндүрүү же соода
  • Куралды жана ок-дарыларды өндүрүү же соода
  • Алкоголдук ичимдиктерди (сыра менен винодон башка) өндүрүү же сатуу
  • Тамеки өндүрүү же соода
  • Азарт оюндары, казино жана ушул сыяктуу мекемелер
  • Радиоактивдүү материалдарды өндүрүү же соода
  • Байланбаган асбест буласын өндүрүү же сатуу
  • Адамдарды сатуу
Illustration and Painting
Illustration and Painting

Табыштаманы кантип берүү керек?

Компаниялар үчүн жол-жобосу
1 кадам: Табыштама берүү
Табыштамаларды алуу жөнүндө биздин сайтта жана социалдык тармактарда жарыялайбыз.
Бул кадам кеминде 2 жуманы ээлейт.
Сиздин иш-аракеттериңиз:
Программа жана ага катышуунун критерийлери жөнүндө маалымат менен таанышыңыз.
Биздин сайтка жайгаштырылган табыштаманын формасын толтуруңуз, бардык талааларын толтуруу керек.
2 кадам: Баа берүү жана тандоо
Биз катышуучуларга баа беребиз жана алдын ала тандайбыз.
Бул кадам 10 жумуш күндү ээлейт.
Сиздин иш-аракеттериңиз:
Биздин жоопту күтүңүз.
Эгер сиз биздин суроону алсаңыз, 2 күндүн ичинде жооп берүү керек.
3 кадам: Аңгемелешүү
Биз тандалган талапкерлер менен аңгемелешүү жүргүзөбүз.
Бул кадам 5 жумуш күнгө чейин болот.
Сиздин иш-аракеттериңиз:
Эгер сиздин табыштамаңыз бардык критерийлерге туура келсе, сиз РЕАК борборуна аңгемелешүүгө чакырыласыз. Сиз тараптан башкы директорду жана бардык тең-уюмдаштыруучуларды кошуп, кеминде команданын эки негизги мүчөсү катышууга тийиш. Интервью болжолдуу 20-30 мүнөт болот.
4 кадам: Шайкештигин текшерүү
Биз РЕАК Программасынын талаптарына шайкеш келишине кичи текшерүү жүргүзөбүз.
Бул кадам 7 жумуш күнгө чейин болот.
Сиздин иш-аракеттериңиз:
Сиз каттоо жөнүндө күбөлүктү, салык органынын жана социалдык фонддун маалымкаттарын, компаниянын уставын, паспорттун көчүрмөсүн жана сунуштама каттарды беришиңиз керек. Суроо-талапта бул документтерди 2 күндүн ичинде жөнөтүү керек.
5 кадам: Программага катышуу үчүн чакыруу
Сиздин программага кабыл алынышыңыз жөнүндө эл. почта аркылуу кабарлайбыз.
Бул кадам 2 жумуш күнгө чейин болот.
Сиздин иш-аракеттериңиз:
Өз графигиңизди программага катышуу үчүн жетиштүү убакытты караштыруу менен пландаңыз.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023