Please wait, loading...

 

PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору – Борбордук Азиялык бизнес-форумдун расмий өнөктөшү

05.03.2020by PEAK_admin

PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору 6-7 июнда Бишкек шаарындагы Спорт сарайында өтүүчү Борбордук Азиялык бизнес-форумдун расмий өнөктөшү болду. Форумда КМШ мамлекеттеринин эң мыкты ишкерлери катышат. Казахстан жана Россиядагы Dodo Pizza, Whitewall, Seimar Investment Group, “Этажи” компанияларынын жетекчилери бизнести өнүктүрүү, негизги тренддерди аныктоо жана аларды күчтүү сапаттарга айландыруу тууралуу ой бөлүшөт. Келечекти курууга умтулган форумдун катышуучулары 2200 адамды түзөт.

“Бул сыяктуу иш-чаралар Кыргызстандагы ишкердикти өнүктүрүүгө чоң салым кошушат. Ийгиликтүү тажрыйба ишкердикти өнүктүрүүгө гана салымын кошпостон, инвестицияларды тартуунун эң мыкты жолу болуп эсептелет. Жергиликтүү ишкердикти өнүктүрүүнү максат кылган PEAK бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору форумду колдоо аркылуу ишкерлерге продукцияларын жана кызматтарын глобалдык рынокко чыгарууга жардам берет,” – дейт PEAK Bishkek борборунун жетекчиси Искендер Шаршеев.

PEAK Kyrgyzstan программасынын максаты 400дөн ашык жергиликтүү ишкерлердин ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана 2500 жаңы жумуш орун түзүү.

“PEAK борбору менен биздин кызматташтык Борбордук Азиялык бизнес-форумдун өткөрүүсү менен гана чектелбейт. Мисалы, биз кайтып келген мигранттарга бизнести өнүктүрүү боюнча окутууну пландаштырып жатабыз”, – дейт “Предприниматель” жоопкерчилиги чектелген уюмунун башчысы Данияр Эмил. PEAK GIZ уюмунун өткөн жылы жабылган пилоттук “Реинтеграция учүн көндүмдөр” долбоору үчүн “Предприниматель” тарабынан иштелип чыккан “Мигрант Ишкер” окутуучу программаларына жакында ээлик кылган укугун алды. PEAK мигранттарды колдоону улантууга ниеттенүүдө, анткени PEAK ошондой эле жаштарга, аялдарга жана социалдык аярлуу топторго өз ишин ачуу мүмкүнчүлүгүн жүзөгө ашырууга жардам берет.

PEAK стартаптарды, микро, чакан жана орто ишканалардын өкүлдөрүн Борбордук
Азиялык бизнес-форум алкагында уюштурулган өзүнүн көргөзмө аянтына чакырат. Ал
жерде PEAK ишкерлерге бизнести кантип баштоо жана өнүктүрүү боюнча толук
маалыматты берет.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023