3-апрелде PEAK Bishkek тарабынан «Кыргызстандагы өзгөчө кырдаал: бизнес үчүн укуктук кесепеттер, келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу, кызматкерлер менен эмгек мамилелерин жөнгө салуу» тема боюнча вебинар квалификациялуу юрист Наргиза Абдраимованын катышуусу менен уюштурулган.
Наргиза Абдраимова – DE URE консалтинг фирмасынын жетекчиси. 2014-жылдан бери Кыргыз Республикасындагы Япония агенттигинин (JICA) кичи-МВА бизнес курстарынын тренери, Медиа Полиси Институтунун байкоочу кеңешинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын адвокаттар ассоциасиясынын мүчөсү.