Please wait, loading...

 

PEAK программасы Бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборлорун Кыргызстандын аймактарында (Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл) ачуу үчүн өнөктөштүк тууралуу сунуштарды чогултуп жатат

07.04.2020by PEAK_admin

PEAK Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасы (PEAK Программасы) – Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү боюнча министрлигинин каржылык колдоосу менен Кыргызстанда жана Тажикстанда DAI Europe уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан төрт жылдык долбоор (PEAK Kyrgyzstan жана PEAK Tajikistan).

PEAK Программасы Кыргызстанда жана Тажикстанда бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборлорун (ар бир өлкөдө бештен) ишке киргизүү аркылуу инновацияларды жайылтууга жана стартаптарды, микро, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүгө багытталган. Борборлор өлкөлөрдүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бизнес-окутууларды, устатчылык кызматтарды жана бизнес-кеңештерди сунуштайт. Өз ишканасын ачууну пландаштырып жаткан же үч жылдык мөөнөттөн ашпаган баштапкы бизнеси бар жеке ишкерлер, учурда иш жүргүзүп жаткан микро, чакан жана орто ишканалар жана бизнес- кеңешчилер PEAK Программасына катыша алат. Борборлор финансылык каражат менен камсыздабайт бирок квалификациясы жогору жана сертификациядан өткөн стартаптарды ишенчиликтүү финансылык уюмдарга сунуштайт. Борборлордун негизги максаты – жумуш орундарын түзүү, бизнести жүргүзүүнүн инновациялык ыкмаларын ишке ашыруу, ошондой эле жашоону жакшыртуу жана үй-бүлөлөрдүн кирешесин жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

PEAK Программасы DAI (эл аралык өнүгүү уюму) тарабынан өнөктөш уюмдар – Venture Hive (АКШ) бизнес-акселератору, Борбордук Азия Университети, International Alert уюму жана жергиликтүү консалтинг уюмдары (Кыргызстанда “БизЭксперт” жана Тажикстанда – Imkon Consulting) менен бирге ишке ашырылат.

PEAK бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору деген эмне?

PEAK борборлору өлкөнүн экономикасынын ар түрдүү секторлорунда иш алып барган стартаптар жана микро, чакан жана орто ишканалар менен иштешип ишкердик идеяларды туруктуу бизнеске айлантууга жана улуттук, региондук, эл аралык рынокторго чыгууга жардам берет.

Эки жылдын аралыгында Кыргызстандын ири шаарларында беш PEAK борборун ачуу пландаштырылып жатат.

Алгачкы PEAK бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору Бишкек шаарында 2020-жылдын февраль айында ачылды. Кийинки PEAK бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборлорунун ачылышы төмөнкү көрсөтүлгөн айыл/шаарлардын төртөөндө күтүлөт: Ош, Каракол/Чолпон- Ата/Балыкчы, Нарын/Кочкор же Жалал-Абад. Азыркы учурда PEAK Kyrgyzstan өлкөнүн аймактарында баардык төрт же бир PEAK бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборун ачуу үчүн өнөктөш кызыктар тараптарды издөөдө. PEAK Kyrgyzstan жогоруда көрсөтүлгөн аймактардагы юридикалык жактарды (мекеме- уюмдарды, фонддорду жана ассоциацияларды) PEAK борборлорун биргеликте ачууга кызыкчылыгын көрсөтүүгө чакырат.

PEAK эмнени сунуштайт?

1. Инкубациялык жана (пре-)акселерациялык программалары. PEAK борборлору талапка ылайык окутуу жана устатчылыкты айкаштырган программаларды сунуш кылат. Программалардын алкагында ишкерлер тапшырмаларды аткаруу менен жыйынтыктарга жетишип, ишканалардын өнүгүү деңгээлине баа алып, өзүнүн тажрыйбасын өнүктүрөт. PEAK борборлору жергиликтүү финансылык мекемелерден жана жергиликтүү жана эл аралык инвесторлордон каражат тартууга жардам көрсөтөт.

2. Бизнес боюнча кеңеш берүү. PEAK борборлору стартаптарга жана микро, чакан жана орто ишканаларга ар түрдүү маселелер боюнча, атап айтканда, юридикалык каттоодон тартып маркетинг, сатуу, финансылык башкаруу стратегияларын түзүү жана башкага чейин бизнес-кеңеш берүүчү квалификациялуу бизнес-консультанттардын тармагын түзөт.

3. Устаттар менен жолугуу. PEAK борборлору ишкерлердин бизнести ишке киргизүү жана өстүрүү үчүн практикалык билимин жана көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган ийгиликтүү жана тажрыйбалуу бизнесмендердин устатчылыгын инкубациялык жана акселерациялык программалардын маанилүү компоненти катары эсептейт. Борборлор ошондой эле стартаптар жана өсүп келе жаткан бизнес үчүн устат болууну каалаган ийгиликтүү ишкерлер үчүн устатчылыкты өнүктүрүү программаларын сунуш кылат.

4. Бизнес-коомчулугу үчүн иш-чаралар: PEAK борборлору өз бүтүрүүчүлөрү жана бизнес- коомчулугу үчүн актуалдуу темаларга эл аралык жана жергиликтүү спикерлерди/ лекторлорду чакырып, иш-чараларды өткөрүп турат.

Ар бир PEAK бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору программаларынын катышуучуларына иштөөгө жана бизнес-семинарларды жана окутууларды өткөрүүгө жумуш мейкиндигин (коворкинг-зонасы, конференц-залы) сунуш кылат.

Программа өнөктөштөрдү төмөнкү талаптардын негизинде тандайт:

1. Кыргыз Республикасындагы катталган юридикалык жак;

2. Кыргызстандагы ишкердүүлүк чөйрөнү жана инновацияларды өнүктүрүү үчүн даярдык жана кызыкчылык;

3. Кызматташууга жана бирге иштешүүгө иш жана каражат боюнча жөндөм-шарт (имараттарды биргелешип пайдалануу жана/же бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборун же борборлордун тармагын бирге каржылоо);

4. Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө алып келген же өлкөнүн экономикасына олуттуу таасирин тийгизген тармактарына байланыштуу билим жана тажрыйба зарыл (мисалы: ИТ, ташуу, сактоо жана логистика, айыл чарба же тамак-аш азыктарын кайра иштетүү, жеңил өнөр жай (текстиль, кийим тигүү жана аксессуарларды жасоо) ж.б.);

5. Бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборлорун бирге ишке киргизүү боюнча инновациялык идеялар жана жолдор;

6. Борборлорду биргелешип бренддөөгө даярдык.

Өнөктөштөрдү тандоодогу артыкчылыктар:

  • Микро, чакан жана орто ишканалар жана стартаптар үчүн ишкердик жана бизнести жүргүзүү боюнча сапаттуу окутуу программаларын өткөрүүдөгү ийгиликтүү тажрыйба;
  • Бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборун жайгаштырууга ылайык имараттарга ээ болуу;
  • Ишкерлерди өнүктүрүү/колдоо/тейлөө борборлорун ачуу тажрыйбасы (бизнес- инкубаторлор, бизнес акселераторлор, коворкинг борборлору жана башка ушул сыяктуу бизнес-платформалар).

Өнөктөштүккө кызыкчылыгыңызды билдирүү үчүн 2020-жылдын 22-апрелинде саат 23:59га чейин сунушуңузду elniza_bekzhanova@dai.com электрондук дарегине жөнөтүңүз.

Сунуш төмөнкү маалымат жана документтерди камтыш керек:

1. Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк

2. Устав жана юридикалык жактын жетекчисин дайындоо жөнүндө документ

3. Сунуш берүүчүнүн мүнөздөмөсү (Кыргыз Республикасынын аймактарындагы өкүлчүлүктөрү, ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат, каражаттар жана негизги кызматкерлеринин резюмелери)

4. Мурунку долбоорлордун портфолиосу жана кардарлардын тизмеси

5. Имаратка укук такстыктоочу документтер жана сүрөттөрү (эгерде сунуш ээси бизнес- инновацияларды өнүктүрүү борборун ачуу үчүн менчигинде бар имаратты сунуштаса)

6. Сунуш берүүчү бизнес-долбоорду ишке ашырган акыркы үч өнөктөштүн пикирлерин алуу үчүн байланыш маалыматтары (бар болсо)

7. Борборду түзүү боюнча сунуш. Сунушта төмөнкүлөр камтылышы керек:

  • Сунушталган өнөктөштүк түзүмү жана кызматташуунун негизги шарттары, анын ичинде: PEAK борборунун жайгашкан жери, имараты, кызматкелер курамы, тараптардын салымы (накталай жана/же акчалай эмес салымдар), негизги багыттар жана максаттуу топтор, 2023- жылдан баштап борбордун туруктуулугуна жетишүүнүн потенциалдуу механизми, борбордун ачылышынын убактысы
  • Борборду биргелешип бренддөөнү көрсөтүү (логотиптерди жайгаштыруу схемасы)

8. Сунуш ээсинин байланыш маалыматы

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023