Please wait, loading...

 

“Седеп” тигүү ишканасы Тенги айылынын тургундарынын жашоо-турмушун жакшыртууда

10.03.2021by PEAK_admin

Пардакан Томуева, “Седеп” ишканасынын негиздөөчүсү

Пардакан Томуева медициналык кызматкер катары саламаттыкты сактоо тармагында 13 жыл иштегенден кийин ишкер айым болууну чечип, өз жашоосун түп-тамырынан бери өзгөрткөн. Пардакан Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Тенги айылында жашайт. Пардакан бүткүл өлкө боюнча, айрыкча айыл жеринде, аялдардын ишкердүүлүгү тездик менен өсүп, экономикалык бакубатчылыкка жетишүүгө өбөлгө түзүп жаткандыгынын зор үлгүсү.

Пардакан өзүнүн тигүүчүлүк талантын 74 жаштагы апасы Шекер Назарматова менен чоң энеси Кырмызы ападан алган, алар өз учурунда тигүүчүлүк өнөрдүн чеберлери болушкан. 2012-жылы Пардакан кайненесине таандык эски тигүүчү машина менен иштей баштаган. Айылдаштарынан буйрутмалар тынымсыз келип турган. Суроо-талаптын өсүшү 2014-жылы Пардакан жеке ишкер катары каттоодон өтүп, өзүнүн “Седеп” брендин түзүүгө түрткү болду. Кызматтары жөнөкөй тигүүдөн  кыргыздын улуттук кийимдерин, килемдерин жана сувенирлерин жасоого чейин кеңейди.

2014-2019-жылдар аралыгында Пардакан аялдар үчүн 30 жаңы жумуш орундарын түзүп, гранттын эсебинен 21 атайын тигүү жабдууларын сатып алды. Ал өзүнүн командасы менен биргеликте 2016-2018 жылдардагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жана бир нече регионалдык көргөзмөлөрдө “Седеп” брендинин жасалгаларын тартуулаган.

“Седеп” коллекциясынан чыптама, кыргыз аялдарынын улуттук кийими

“Седеп” брендинин өсүп келе жатканын байкаган Пардакан ишкердикди туура алып баруу боюнча кененирээк билимге муктаждыгын түшүнүп, 2020-жылдын июнь айында Борбор Азия Университетинин Кесиптик жана Үзгүлтүксүз Билим берүү мектеби менен биргеликте PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору тарабынан жүргүзүлүп, Улуу Британия Өкмөтүнүн UK aid жардамы менен каржыланган бизнес акселерациялык программасына катышты. “Бизнесиңди өстүр” акселерациялык программасы жаңы идеяларга, технологияларга, рынокторго жана жаңы байланыштарга жетүү аркылуу өз бизнесин өзгөртүүнү көздөгөн чакан ишканалар үчүн иштелип чыккан. ““Бизнесиңди өстүр” акселерациялык программасы аркылуу мен өз бизнесиме каражаттарды натыйжалуу бөлүштүрүүнү үйрөндүм, ошондой эле бухгалтердик эсеп жана каржы жаатында квалификациямды жогорулаттым”, – деп белгиледи “Седеп” тигүү ишканасынын негиздөөчүсү Пардакан Томуева.

Акселерациялык программасынын алдында Пардакан жаңы тигүү цехин курууга 1,7 миллион сом каржылоо тарткан, анын ичинде 1 миллион сом – банктан насыя жана 700 миң сом – инвестициялык капитал. Үйүндө жайгашкан чакан ишкана-бөлмөсүндө алты гана чеберди батыра алып, калган тигүүчүлөр өз үйлөрүнөн иштөөгө аргасыз болушкан. “Бизнесиңди өстүр” акселерациялык программасынын алкагында алган билимин туура колдонуп, Пардакан каражатты натыйжалуу бөлүштүрүп жаңы тигүү ишканасынын курулушун 2020-жылдын октябрь айында аяктаган. Жалпысынан 30 тигүүчү орунга багытталган жаңы цех 2021-жылдын март айында расмий түрдө ишке киргизилген. Сезондун учурунда заказдар күчөп турган кезде Пардакан кошумча 26 тигүүчү айымды ишке тартууну пландаштырууда.

“Седеп” коллекциясынан шырдак (килем), кыргыздын салттуу интерьеринин эң популярдуу атрибуту

“Мен жаңы жумуш орундарын түзүү менен айылдаштарымдын жашоосун жакшыртууга умтулам”, – дейт Пардакан. Ал өзүнүн чакан бизнеси айылынын экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет, ошондой эле аялдарга түздөн-түз тиешелүү болгон айрым ажырашуу жана эмгек миграциясы сыяктуу көйгөйлөрдү азайтууга жардам берет деп эсептейт. Учурда Пардакан өз айылынан эки айымга алардын тигүүчүлүк ишин баштоого ар тараптуу жардам берүүдө.

“Седеп” – бул алыскы аймактардагы экономикага жана коомго баалуу салым кошкон айымдар жетектеген  уникалдуу бизнестеринин бири”, – дейт PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборунун директору Искендер Шаршеев.

PEAK жөнүндө

PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору Улуу Британиянын Өкмөтүнүн UK aid каржылоосу менен PEAK Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасынын алкагында түзүлгөн. Борбор өлкөнүн экономикасынын ар түрдүү секторлорунда иш алып барган стартаптар жана микро, чакан жана орто ишканалар менен иштешип ишкердик идеяларды туруктуу бизнеске айлантууга жана улуттук, региондук, эл аралык рынокторго чыгууга жардам берет. 2023-жылдын апрелине чейин PEAK программасы Кыргызстандагы 400дөн ашык стартаптарды жана микро, чакан жана орто ишканаларды окутуу аркылуу 2500 жумуш орундарын сактап калууга жана түзүүгө салым кошот.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023