Please wait, loading...

Мен жаңы бизнести баштап жатам

Сизде жаңы продукт же кызмат үчүн идея барбы жана жаңы бизнести баштоону каалайсызбы? Бул жерде тренингден өтүп, бизнес-консультацияларды алып, каржылоо булактарын издөө мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматты ала аласыз.

Идеяңызды РЕАК менен бирге туруктуу бизнеске айлантыңыз!

https://peak.kg/wp-content/uploads/2020/02/ww-1.jpg

PEAK Кыргызстандын стартаптарына ар түрдүү программалардын жана кызматтардын кеңири тизмесин сунуш кылат

ИНКУБАЦИЯЛЫК ПРОГРАММАЛАР

PEAK инкубациялык программалары РЕАК борборлорунда зарыл ресурстарды берүү менен жаңы стартаптарды ишке киргизүүгө жана өнүктүрүүгө жардам берет. Инкубациялык кызматтар төмөнкүлөрдү камтыйт: стартаптарды окутуу жана өнүктүрүү программасы, устаттарга жана бизнес-кеңешчилерге жеткиликтүүлүк, мүмкүн болуучу өнөктөштөр жана инвесторлор менен нетворкинг, административдик колдоо, иш орду, офистик жабдуулар.
Illustration of startup business

Group of casually dressed business people discussing ideas in the office. Creative professionals gathered at the meeting table for discuss the important issues of the new successful startup project.

АКСЕЛЕРАЦИЯЛЫК ПРОГРАММАЛАР

PEAK акселерациялык программалары башталгыч ишкерлерге жаңы ноу-хау жана стартаптарды түзүү жана ийгиликтүү жана жашоого ийкемдүү ишканаларга айлантуу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды берет.

Программаларды жергиликтүү жана эл аралык эксперттер, ийгиликтүү ишкерлер алып барат. Программанын эл аралык стандарттары АКШда жайгашкан Venture Hive акселератору сыяктуу PEAK Программанын эксклюзивдүү өнөктөштөрү менен ырасталып турат.

PEAK БОРБОРУНУН КЫЗМАТТАРЫ

Юридикалык, салыктык, бухгалтердик, маркетинг жана башка маселелер боюнча бизнес-консультациялар.

PEAK инкубациялык жана акселерациялык программаларында катышкан компаниялар жана алардын кызматкерлери РЕАКтин жайларын өз иши үчүн пайдалана алат, ошондой эле РЕАК командасынын жана коомчулугунун колдоосун ала алат.
https://peak.kg/wp-content/uploads/2020/02/expo2020-business-3-3200-x-1800-640x480.jpg

Эгер сиз РЕАКтин программаларына же кызматтарына кызыкдар болсоңуз, байланышуу формасын толтурсаңыз болот.
https://peak.kg/wp-content/uploads/2020/02/81769599_475813189700317_2103771054801659836_n.jpg

Ким табыштама бере алат?

  • Компания 3 жылдан кем иштеген болсо
  • Өсүү темпи жыл сайын 20% болсо (кирешелер, сатуулар ж.б.)
  • Минималдуу жашоого жөндөмдүү продукт болсо
  • Рынок менен байланышынын далили (сатуунун/кирешенин белгилүү бир көлөмү) болсо
  • Команданын негизги курамы (кеминде эки кызматкер) болсо
  • Жумуш орундарын түзүү потенциалы болсо (интервьюнун жүрүшүндө баа берилет)

Ишмердүүлүктүн тыюу салынган түрлөрүнүн тизмеги

Программага катышуу үчүн тыюу салынган ишмердүүлүктүн түрлөрү
  • Өндүрүш деңгээлинде айыл чарбасы
  • Кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарына, же ченемдик актыларына, же эл аралык конвенцияларга жана макулдашууларга ылайык мыйзамсыз деп табылган бардык продуктуларды же ишмердүүлүктү, же эл аралык тыюу салуулар колдонулган фармацевтикалык дарылар, пестициддер/гербициддер, озон бузуучу заттар, ПХД, жапайы жаратылыш же CITES жөнгө салуучу продукттарды өндүрүү же соода
  • Куралды жана ок-дарыларды өндүрүү же соода
  • Алкоголдук ичимдиктерди (сыра менен винодон башка) өндүрүү же сатуу
  • Тамеки өндүрүү же соода
  • Азарт оюндары, казино жана ушул сыяктуу мекемелер
  • Радиоактивдүү материалдарды өндүрүү же соода
  • Байланбаган асбест буласын өндүрүү же сатуу
  • Адамдарды сатуу
Illustration and Painting
Illustration and Painting

Табыштаманы кантип берүү керек?

Стартаптар үчүн жол-жоболор
1 кадам: Табыштама берүү
Табыштамаларды алуу жөнүндө биздин сайтта жана социалдык тармактарда жарыялайбыз.
Бул кадам кеминде 2 жуманы ээлейт.
Сиздин иш-аракеттериңиз:
Программа жана ага катышуунун критерийлери жөнүндө маалымат менен таанышыңыз.
Биздин сайтка жайгаштырылган табыштаманын формасын толтуруңуз, бардык талааларын толтуруу керек.
2 кадам: Баа берүү жана тандоо
Биз катышуучуларга баа беребиз жана алдын ала тандайбыз.
Бул кадам 10 жумуш күндү ээлейт.
Сиздин иш-аракеттериңиз:
Биздин жоопту күтүңүз.
Эгер сиз биздин суроону алсаңыз, 2 күндүн ичинде жооп берүү керек.
3 кадам: Аңгемелешүү
Биз тандалган талапкерлер менен аңгемелешүү жүргүзөбүз.
Бул кадам 5 жумуш күнгө чейин болот.
Сиздин иш-аракеттериңиз:
Эгер сиздин табыштамаңыз бардык критерийлерге туура келсе, сиз РЕАК борборуна аңгемелешүүгө чакырыласыз. Сиз тараптан башкы директорду жана бардык тең-уюмдаштыруучуларды кошуп, кеминде команданын эки негизги мүчөсү катышууга тийиш. Интервью болжолдуу 20-30 мүнөт болот.
4 кадам: Шайкештигин текшерүү
Биз РЕАК Программасынын талаптарына шайкеш келишине кичи текшерүү жүргүзөбүз.
Бул кадам 7 жумуш күнгө чейин болот.
Сиздин иш-аракеттериңиз:
Сиз каттоо жөнүндө күбөлүктү, салык органынын жана социалдык фонддун маалымкаттарын, компаниянын уставын, паспорттун көчүрмөсүн жана сунуштама каттарды беришиңиз керек. Суроо-талапта бул документтерди 2 күндүн ичинде жөнөтүү керек.
5 кадам: Программага катышуу үчүн чакыруу
Сиздин программага кабыл алынышыңыз жөнүндө эл. почта аркылуу кабарлайбыз.
Бул кадам 2 жумуш күнгө чейин болот.
Сиздин иш-аракеттериңиз:
Өз графигиңизди программага катышуу үчүн жетиштүү убакытты караштыруу менен пландаңыз.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023