Айымдар үчүн өз бизнесин ачуу боюнча акысыз окутуу! Ишкердик идеяңызды туруктуу бизнеске айлантыңыз!
PEAK Karakol бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору «Бизнес айым» пре-акселерациялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда.
Программага катышууга бизнес-идеясы бар же ишкердикти жаңы баштап келе жаткан айымдар чакырылат (Ысык-Көл жана Нарын облустарынан өтүнмөлөргө артыкчылык берилет).
«Бизнес Айым» программасы Улуу Британиянын Өкмөтүнүн колдоосу менен каржыланат, катышуу акысыз.
Окутуу кыргыз тилинде өтөт. Программа экономиканын бардык тармактарындагы бизнес-идеяларды колдойт (айыл чарбадан башка).
Жети жуманын ичинде сиз төмөнкү темалар боюнча билимиңизди өркүндөтөсүз:
- рынокто өз ордун кантип табууну;
- финансылык пландаштырууну;
- товар же кызматты кантип жарнамалоо жана сатууну (анын ичинде санариптик платформалар аркылуу);
- бизнести расмий каттоону жана кандай салыктарды төлөөнү;
- бизнестин өнүгүшүнө каражат тартууну.
Программага төмөнкү шарттарга жооп берген айымдар өтүнмө бере алат:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ;
- туруктуу бизнес-идеясы (сата турган өнүм же кызматтын жөнөкөй нускасына же башталгыч этаптагы бизнеске ээ болуу артыкчылык берет);
- программанын жүрүшүндө түзүлө турган же өнүгө турган бизнестин негиздөөчүсү же тең уюштуруучусу болуу;
- ишкананы Кыргызстанда расмий түрдө каттоого ниет;
- программага катышууга жана аны аяктоого милдеттүү болуу (жети жумалык программанын жүрүшүндө жумасына 9 саатка чейин убакыт бөлүүгө даяр).
- жакшы ылдамдыктагы Интернет байланыш жана керектүү жабдуу (компьютер).
Өтүнмөнү кантип берүү керек?
Өтүнмө формасын толтуруу үчүн төмөнкү шилтемеге кириңиз https://forms.gle/XYLnpx1Rs4sfGxak6. Өтүнмөлөр 28-февраль саат 17:00гө чейин кабыл алынат.
Эгерде сизде «Бизнес айым» программасы тууралуу суроолор пайда болсо же кошумча маалымат алгыңыз келсе, 16-февраль күнү саат 16:00дө жана 24-февраль күнү саат 16:00дө өтө турган биздин маалыматтык сессиялардын бирине бул шилтемелер аркылуу катталыңыз:
- 16-февраль http://peak-mel.com/bic/event/participants/75eea6c5-7ea4-4272-8bb7-9ff26e3777d1/create
- 24-февраль https://peak-mel.com/bic/event/participants/8ed19db1-fd87-4a5e-aee6-bc3f84bcb8fb/create