Please wait, loading...

 

PEAK Karakol борбору “Бизнес айым” пре-акселерациялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда

09.02.2022by PEAK_admin

Айымдар үчүн өз бизнесин ачуу боюнча акысыз окутуу! Ишкердик идеяңызды туруктуу бизнеске айлантыңыз!

PEAK Karakol бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору «Бизнес айым» пре-акселерациялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда.

Программага катышууга бизнес-идеясы бар же ишкердикти жаңы баштап келе жаткан айымдар чакырылат (Ысык-Көл жана Нарын облустарынан өтүнмөлөргө артыкчылык берилет).

«Бизнес Айым» программасы Улуу Британиянын Өкмөтүнүн колдоосу менен каржыланат, катышуу акысыз.

Окутуу кыргыз тилинде өтөт. Программа экономиканын бардык тармактарындагы бизнес-идеяларды колдойт (айыл чарбадан башка).

Жети жуманын ичинде сиз төмөнкү темалар боюнча билимиңизди өркүндөтөсүз:

  • рынокто өз ордун кантип табууну;
  • финансылык пландаштырууну;
  • товар же кызматты кантип жарнамалоо жана сатууну (анын ичинде санариптик платформалар аркылуу);
  • бизнести расмий каттоону жана кандай салыктарды төлөөнү;
  • бизнестин өнүгүшүнө каражат тартууну.

Программага төмөнкү шарттарга жооп берген айымдар өтүнмө бере алат:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ;
  • туруктуу бизнес-идеясы (сата турган өнүм же кызматтын жөнөкөй нускасына же башталгыч этаптагы бизнеске ээ болуу артыкчылык берет);
  • программанын жүрүшүндө түзүлө турган же өнүгө турган бизнестин негиздөөчүсү же тең уюштуруучусу болуу;
  • ишкананы Кыргызстанда расмий түрдө каттоого ниет;
  • программага катышууга жана аны аяктоого милдеттүү болуу (жети жумалык программанын жүрүшүндө жумасына 9 саатка чейин убакыт бөлүүгө даяр).
  • жакшы ылдамдыктагы Интернет байланыш жана керектүү жабдуу (компьютер).

Өтүнмөнү кантип берүү керек?

Өтүнмө формасын толтуруу үчүн төмөнкү шилтемеге кириңиз https://forms.gle/XYLnpx1Rs4sfGxak6. Өтүнмөлөр 28-февраль саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Эгерде сизде «Бизнес айым» программасы тууралуу суроолор пайда болсо же кошумча маалымат алгыңыз келсе, 16-февраль күнү саат 16:00дө жана 24-февраль күнү саат 16:00дө өтө турган биздин маалыматтык сессиялардын бирине бул шилтемелер аркылуу катталыңыз:

 

 

 

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023