Please wait, loading...

 

PEAK Osh офисине кош келиңиздер!

07.02.2022by PEAK_admin

PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборунан сонун жаңылык!

2022-жылдын январь айынан баштап, PEAK Osh борбору офисте иш алып бара баштады!

PEAK Osh борбору инновацияларды жайылтуу жана стартаптарды, микро, чакан жана орто ишканаларды өстүрүү үчүн комплекстүү сапаттуу (пре)акселерациялык программаларды сунуш кылат. Ошондой эле борбор жергиликтүү финансылык мекемелердин же жергиликтүү жана эл аралык инвесторлордун финансылык каражаттарын тартууга көмөк көрсөтөт.

PEAK Osh борборунун кызматтары Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы баштапкы же иштеп жаткан ишкерлерге көрсөтүлөт.

PEAK Osh борборунун ишкердикти колдоо программалары Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланат.

Эгерде Сизде биздин программаларыбыз боюнча суроолоруңуз же сунуштарыңыз болсо, биз менен байланышып, офистен жолуксак болот.

?PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору Ош шаарындагы “OloloOsh” коворкинг борборунда жайгашкан.

?Жумуш убактысы: Дүйшөмбү-Жума күндөрү

?Саат: 09:00 – 18:00

?Ош шаары, Ленин көчөсү 316

?(0500) 003 766

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023