Please wait, loading...

 

БИЗНЕС-КОНСУЛЬТАНТ Талантбек Сакишев

Сакишев Талантбек Тургунбекович, Менеджмент боюнча Сертификатталган Консультант (CMC), Чакан жана Орто Бизнести (ЧОБ) өнүктүрүү үчүн ЕРӨБдө алкагында Аккредитацияланган Консультант. Учурда ал Experts of Central Asia (ECA) консалтинг компаниясынын Директору.

Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, стратегиялык пландаштыруу, маркетинг, SMM (Социалдык Медиа Маркетинг) чөйрөсүндө, комплекстүү баалоо / диагностика жүргүзүү, ошондой эле жеке компаниялардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана мамлекеттик органдардын адамдык жана институционалдык потенциалын жогорулатуу жана башкаруу консалтинг чөйрөсүндө көп жылдык (20 жылга жакын) тажрыйбасы бар. 

Эксперттик топтордун лидери жана жеке консультант катары ал стратегиялык пландарды жана коммуникациялык стратегияларды иштеп чыгуу, бизнес-процесстерлерди талдоо жүргүзүү жана функционалдык талдоо, заманбап HRM тутумдарын ар кандай уюмдарга киргизүү боюнча долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырды.

2004-жылдан бери Талантбек чакан жана орто бизнеске атаандаштык рынокторунда ийгиликке жетишүү үчүн натыйжалуу бизнес стратегияларын иштеп чыгууга көмөктөшөт. Ал Борбор Азиянын ар кайсы булуң-бурчтарында (Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан) жайгашкан 100дөн ашык чакан жана орто ишканалар үчүн маркетинг жана менеджмент боюнча тренингдерди өткөрдү. Сүт азыктарын кайра иштетүү жана өндүрүү, ширелерди жана джем өндүрүү, кийим тигүү өнөр жайы, ресторан бизнеси, чекене жана дүң соода, туризм, унаа тейлөө станциялары ж.б. сыяктуу экономиканын тармактарында иштеген чакан жана орто ишканалар үчүн консультация берилди.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясынын МВА даражасына ээ (1994). 2004-2005-жж. Мичиган мамлекеттик университетинин (Ист Лансинг, АКШ) бир жылдык Хуберт Хафри стипендия программасын бүтүргөн. Ошондой эле ал Канада, Түркия, Индия, Түштүк Корея, Малайзия, Япония жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө ар кандай стажировкадан өтүү программаларын аяктаган.

Иш тажрыйбасы:

10 жылдан көп

Өнөр жай тажрыйбасы:
  • I:
    - Стратегиялык пландоо жана менеджмент - 15 жыл
  • II:
    - Маркетинг, сатуу жана экспорт - 15 жыл
Сертификация


- Башкаруу боюнча консультант Сертификаты

Кардарлардын канааттануусунун орточо деңгээли

82 %

Чет тилдерин билүүсү

Англис тили: эркин
Орус тили: эркин
Кыргыз тили: Орто

Географиялык камтышы
  • Бишкек: 13%

  • Ысык-Көл облусу: 23%

  • Ош облусу: 64%

Өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр

Стратегиялык пландоо
Иштеп чыгуу технологиясына жана продуктту / кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга жардам
Башкаруу боюнча консультативдик кызмат көрсөтүүлөр
Өзгөрүүлөрлдү башкаруу
Наркын баалоо жана башкаруу
Рынокко сереп жана изилдөөлөр / Рынок жөнүндө маалымат
Брендди башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр
Кардарлар менен мамилелерди башкаруу
Маркетинг / дистрибьютордук кызмат көрсөтүүлөр
Финансылык бюджеттөө жана божомолдоо
Саясат жана персоналды/АР башкаруу системалары
Уюштуруучулук түзүм жана развитие
Башкаруу көндүмдөрүн үйрөтүү

БАЙЛАНЫШ МААЛЫМАТТалантбек Сакишев

Телефон

0551-974 623
Email
tsakishev@eca.kg
Linkedin

ЖАКТЫРУУ жана СУНУШТАР

None

МАРКЕТИНГ СУНУШ

Менин консалтингдик компаниям Experts of Central Asia (ECA) чакан жана орто ишканаларына соода, өндүрүш жана тейлөө компанияларга ашыкча чыгымдарды жоюуга, өнүмдөрүңүздүн наркын төмөндөтүүгө, компаниянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана учурдагы бизнес процесстерди жана HRM системаларын, компанияңыздагы ички жана тышкы байланыштарды талдоо жүргүзүү консультациялык кызматтарды сунуштайт. Биз силердин убакытты үнөмдөөгө жардам беребиз.

Андан кийин биз сизге компаниянын кирешелүүлүгүн жана кирешесин 25% көбөйтүүгө, ички рыноктогу позицияңызды бекемдөөгө жана өсүп жаткан эл аралык рынокторго чыгууга жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдү табууга жана натыйжалуу бизнес чечимдерди иштеп чыгууга жардам беребиз. Ошондой эле, биз сизге кардарларыңыз менен өз ара аракеттешүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана алардын канааттануусун 50% га жогорулатууга жардам беребиз жана акыр аягында максаттуу рынокто брендинин маалымдуулугуна жетишебиз.
Биздин көрсөткөндөй далилденген тажрыйба, биздин убадалар аткарылып, кардарлар ECAнын кызматтарынан канааттанат.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023