Please wait, loading...
Кан Ольга Алексеевна менеджмент боюнча консультант, ал менчигинин ар кандай түрүндөгү компаниялардын жетекчилерине стратегиялык жана операциялык маселелерди чечүүгө жардам берет. Консультациялык практиканы баштаардан мурун Кан айым университеттерде жана бизнесте 15 жылдан ашык тажрыйбага ээ болгон. Кан айым стратегиялык башкаруу, бизнес-пландаштыруу, долбоорлорду башкаруу, каржылык менеджмент жана адам ресурстарын башкаруу жаатында кеңири программаларды жана кызматтарды сунуш кылат. Кан айым тигүүчүлөргө жалпы менеджмент, кадрлар жана маркетинг боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө адистешкен. Ольга Кан 8 жылдан бери консалтинг компаниясын башкарып келет “Management Development Consulting” жана 2013-жылдан бери Кыргызстандагы Менеджмент Кеңешчилери Институтунун Башкармасынын Төрагасы. 2009-жылдан бери ал чакан жана орто бизнес үчүн тренингдерди жана ТОТ (тренерлер үчүн тренингдер) өткөрүп келет. Ошондой эле кардарлардын арасында үзгүлтүксүз өнүгүүгө жана өз кызматтарынын сапатын жакшыртууга умтулган университеттер жана консалтингдик компаниялар бар.
10 жылдан көп
СМС – Сертификатталган башкаруу боюнча консультант, 2015-2019
87.3 %
Англис тили: Орто
Орус тили: эркин
Стратегиялык пландоо |
ТЭН жана финансылык пландарды иштеп чыгуу |
Мамлекеттик тендерге жана программаларга табыштамаларды пландарды/ долбоорлорду даярдоо |
Валюталык операцияларды башкаруу |
Өзгөрүүлөрлдү башкаруу |
Укуктук маселелер боюнча консультациялоо жана коштоо |
Жаңы ишкананын ишке киргизүүнүн стратегиясы жана операциялык ишмердүүлүк |
Рынокко сереп жана изилдөөлөр / Рынок жөнүндө маалымат |
Экспортту илгерлетүү жана экспорттук рынокту өнүктүрүү |
Кредиттик табыштамалардын жол-жоболорун жеңилдетүү |
Финансылык бюджеттөө жана божомолдоо |
Лидерликке, насаатчылыкка жана коучингге көмөк көрсөтүү |
Башкаруу көндүмдөрүн үйрөтүү |