Please wait, loading...

 

Aha.kg: Кыргызстандын рыногунда ой жүгүртүүнү жана жеке өнүгүүнү трансформациялоо боюнча жаңы продукт пайда болду

01.10.2021by PEAK_admin

Aha.kg негиздөөчүсү Айгүл Догдурова

Aha.kg компаниясынын негиздөөчүсү Айгүл Догдурова өзүнүн стартапын ишке киргизүүдөн мурун бир топ узак жолду басып өткөн. Ал эки университетти бүтүрүп, Борбор Азиядагы социалдык, жаштар жана медиа долбоорлорду алып барып, 15 жыл эл аралык уюмдарда иштеген.

2017-жылы Айгүл карьерасынын туу чокусунда өз кесибин алмаштырууну чечет. Ал ишкерлик менен алектенүүнү каалайт, тактап айтканда, онлайн жана офлайн форматындагы салттуу эмес билим берүү борборун негиздейт.

Айгүлдүн бизнес идеясы жеке өнүгүү жана ой жүгүртүүнү өзгөртүү аркылуу коомду жакшыртууга багытталган. Анын aha.kg стартапы учурда чоңдорго жана балдарга коом арасында жана үй-бүлөлүк баарлашуу, максаттарды коюу жана аларга жетүү, конфликттерди алдын-ала чечүү, эл алдында сүйлөө, медиа сабаттуулук, чыгармачыл ой жүгүртүү, финансылык сабаттуулук жана башка ушундай сыяктуу курстарды сунуштайт.

Стартаптын уникалдуулугу курстар кыргыз тилинде өтүп, Кыргызстандын алыскы аймактарынын тургундарына, анын ичинде мигранттарга, аялдарга жана жаштарга багытталгандыгында. Aha.kg жергиликтүү рынокто биринчилерден болуп мындай кызматты онлайн форматта сунуштады.

Компания буга чейин бир нече долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келген, мисалы «E-learning акселератору», өспүрүмдөрдүн жумшак көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча кыргыз тилиндеги «Z-Academy» долбоору жана өзүн өзү баалоо аркылуу кесипти туура тандоо боюнча Кыргызстандагы мектеп-интернат окуучуларына багыт берген «Кесип Кербени» долбоору. Долбоорлордун ийгилиги ири уюмдардан – “Сорос-Кыргызстан” Фондунан, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусунан, Интерньюс Европанын өкүлчүлүгүнөн, Германия эл аралык кызматташуу коомунан (GIZ) – бизнес-сунуштарды алып келди.

aha.kgнин онлайн өнүмдөрү жана кызматтары

Компания, ошондой эле, Youtube жана башка онлайн платформаларда жеке кардарлары үчүн пайдалуу контентти жаратып турган. Аудиториянын кызыгуусу күн сайын өсүп келген.

Бирок жеке сатуулардын көрсөткүчтөрү өтө төмөн болгондугу Айгүл үчүн кыйынчылыктарды жараткан. Кардарлар тарабынан бекер контент чоң суроо-талапка ээ болгону менен алар даяр продукт үчүн төлөөнү каалашкан эмес. Бул факт Айгүл үчүн профессионалдык жардам издөөгө түрткү болду.

«Менин көптөгөн тармактарда тажрыйбам бар, бирок бизнес жүргүзүүдө тажрыйба болгон эмес. Мен чакан бизнести колдогон уюмдарга кайрыла баштадым. Тилекке каршы, тандоо талаптар абдан жогору болуп, менин стартапым алардын тандоо критерийлерине туура келген жок. Мен издөөнү уланта берип, социалдык тармактардан PEAKтин сунушун көрүп калдым. Менин стартапым PEAKтин акселерациялык программасынын критерийлерине туура келгендигине аябай кубандым!», – деп бөлүштү aha.kgнин негиздөөчүсү Айгүл Догдурова.

PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборунун “Бизнесиңди өстүр” акселерациялык программасынын катышуучусу болуп, Айгүл коммерциялык долбоорду алып баруунун негизги көндүмдөрүн ийгиликтүү өздөштүрдү. Ошондой эле, акысыз бизнес-диагностика жана PEAK субсидиясын алууга кайрылып, Айгүл сатуу жана маркетинг боюнча алдыңкы эксперттен бизнес кеңеш алды.

«Орус тилинде тренингдерди, семинарларды жана лекцияларды өткөргөн компаниялар көп, бирок сапаттуу контентти кыргыз тилинде профессионалдуу түрдө сунуштаган компаниялар аз. Биз үчүн аймактардын жашоочуларынын талабына жооп берген уюмду колдоо маанилүү болду”, – дейт PEAKтин бизнес-консультациялары боюнча менеджери Анар Орозобаева.

Натыйжада, Айгүл бизнесинин негизги көйгөйлөрүн аныктап, B2C сатуу стратегиясын жакшыртты. Анын түз сатуулары 90% га чейин өсүп, кардарлар тизмеси Россия, Украина, Германия, Малайзия жана Түркиядан кайрылган сатып алуучулар менен толукталды.

Жакынкы беш жылда компания 100 миң кишиге окуу курстарын өткөрүүнү жана Кыргызстандын 1 миллион жаранынын аң-сезимин өзгөртүүнү пландап жатат.

PEAK жөнүндө

PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору Улуу Британиянын Өкмөтүнүн UK aid тарабынан каржыланган PEAK Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасынын алкагында түзүлгөн. Борбор өлкөнүн экономикасынын ар түрдүү секторлорунда иш алып барган стартаптар жана микро, чакан жана орто ишканалар менен иштешип, ишкердик идеяларды туруктуу бизнеске айлантууга жана улуттук, региондук, эл аралык рынокторго чыгууга жардам берет. 2023-жылдын апрелине чейин PEAK программасы Кыргызстандагы 400дөн ашык стартаптарды жана микро, чакан жана орто ишканаларды окутуу аркылуу жумуш орундарын сактап калууга жана түзүүгө салым кошот.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023