Please wait, loading...

 

Вебинар «Туруктуу бизнес процесстер: негизги тепкичтер»

05.10.2021by PEAK_admin

Сатуулардын өсүшү үчүн санариптик маркетинг боюнча вебинарга катышыңыз!

PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору сизди «Туруктуу бизнес процесстер: негизги тепкичтер» темасына багытталган онлайн вебинарына чакырат.

Спикер Зафарбек Сулайманов – Бишкек шаарындагы “ENESAY TEXTILES”, “MODATEX” жана “Good Solutions Group” компанияларынын негиздөөчүсү жана жетекчиси.

Зафарбек Сулайманов “ENESAY TEXTILES” жана “MODATEX” компаниялары аркылуу жеңил өнөр жай тармагында он жылдан бери жеке ишкер катары алектенип, санариптик маркетингди компанияларда колдонуп, азыркы учурда Кыргызстан гана эмес, чет мамлекеттерге да кийим-кечелерди экспорттойт.

Зафарбек Сулайманов сиздер менен санариптик маркетинг, стратегиялык пландоо жана заманбап сатуу процесстер боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, бизнес тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү туура колдонууну көрсөтөт.

Сизди 5-октябрда саат 16:00дө онлайн вебинарда күтөбүз.

Вебинар кыргыз тилинде Zoom аркылуу өтөт. Катышуу акысыз.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023