Please wait, loading...

 

Биринчи PEAK бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору Бишкекте ачылат

12.02.2020by PEAK_admin

Бишкек – Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Чарльз Эдмунд Гарретт жана республиканын Экономика министрлигинин өкүлдөрү Бишкек шаарындагы PEAK бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборунун расмий ачылышына катышышат. Ачылыш аземи 13-февралда Токтогул көчөсү, 125/1, 4-кабатта жайгашкан PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборунда өтөт. PEAK Bishkek борбору Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин (DFID) колдоосу менен төрт жылдык программасынын алкагында каржыланып, бизнес ачуу жана аны өнүктүрүү үчүн ишкердик жөндөмдөрдү өнүктүрөт.

PEAK борбору өлкөнүн экономикасынын ар түрдүү секторлорунда иш алып барган стартаптар жана микро, чакан жана орто ишканалар менен иштешип ишкердик идеяларды туруктуу бизнеске айлантууга жана эл аралык рынокторго чыгууга жардам берет.

Борбордун негизги максаты – жумуш орундарын түзүү, бизнести жүргүзүүнүн инновациялык ыкмаларын ишке киргизүү, ошондой эле жашоону жакшыртуу жана үй-бүлөлөрдүн кирешесин жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. PEAK Bishkek борбору кыргыз-британиялык кызматташуу аянтчасы болуп, дүйнөлүк класстагы бизнес-тренингдерди жана британиялык рыноктор менен экономикалык
байланыштарды сунуштайт.

Эки жылдын аралыгында Кыргызстанда беш PEAK борборун ачуу пландаштырылып жатат. PEAK Bishkek биринчилерден болуп ачылат. PEAK бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборлору 400дөн ашык жергиликтүү ишкерлердин ишкердик компетенттүүлүгүн жогорулатат жана 2500 жумуш орундардын түзөт. Ошондой эле, борборлор бизнес-кеңешчилерди окутуп, микро, чакан жана орто ишканаларды бизнес-консультациялар менен камсыз кылат.

27-январда PEAK Bishkek Кыргызстандагы технологиялык стартаптар үчүн өзүнүн биринчи 12-жумалык акселерациялык программасын ишке киргизди. Программага катышуу үчүн 100гө жакын табыштама келип түшкөн жана азыркы учурда он эки тандалып алынган компаниялар окууну өтүп жатышат. Алар жума сайын ийгиликтүү ишкерлер менен жолугушуп, технологиялык стартаптар үчүн актуалдуу темалар боюнча тренингдерди, эл аралык устаттар менен жеке сессияларды жана бизнес-консультацияларды алып жатышат. Программанын катышуучулары РЕАКтин жайларын өз иши үчүн акысыз пайдалана алат. Катышуучулар үчүн демо-күн эң маанилүү натыйжаны алып келет, анткени ал күнү ар бир стартап өз долбоору жөнүндө баяндап, инвесторлорду жана партнерлорду таба алат.

PEAK Bishkek жөнүндө маалымат

PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору Улуу Британия Өкмөтүнүн колдоосу менен төрт жылдык Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасынын алкагында каржыланат. Программа (i) бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборлорун түзүү жана (ii) кеңеш кызматтардын рыногун жакшыртуу аркылуу инновацияларды жайылтуу жана стартаптарды, микро, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүнүн эсебинен Кыргызстанда жана Тажикстанда бир топ күчтүү, диверсификацияланган жана инклюзивдүү жеке секторду өнүктүрүүгө багытталган.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023