Fanki – чакан жана орто ишканалардын HR бөлүмдөрү үчүн каралган ички HR жана башка иш процесстерин систематизациялоо боюнча чечим.
SCARGOS
SCARGOS – жүк жөнөтүүчүлөрдү, жүк ташучууларды жана диспетчерлерди кыйла натыйжалуу жана ачык жол менен бириктире турган онлайн-платформа жана жүк ташучуу/ логистика борбору.
CodifyLab
CodifyLab - аралаш (толук виртуалдык) окуу чөйрөсүндө баштапкы жана адис программисттер үчүн практикалык жана иште колдонулуучу программалоо көндүмдөрүн жана квалификациясын жогорулатуу борбору.
Lavanda
Lavanda – бул сатып алуучулар менен Кыргызстандагы камсыздоочуларды бириктирген онлайн-платформасы. Платформа акчаны кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн, сапат кепилдигин жана тез жеткирүүлөрдү сунуштайт.
Nomadbooks
Nomadbooks - КМШ өлкөлөрүндөгү студенттер үчүн бизнес жана кесиптик өнүгүү боюнча кыйынчылык менен табылуучу китептерди жеткиликтүү кылган коммерциялык эмес уюм.
OptimTrade
OptimTrade – чакан соода түйүндөр жана алардын камсыздоочуларынын тармагы үчүн товарларды инвентаризациялоо жана камсыздоо системасын оптималдаштыруучу мобилдик платформа.
HOA24
HOA24 – үй ээлеринин бирикмелеринин жумуш процесстерин оптималдаштыруу үчүн төлөм тутумдары менен интеграцияланган булуттагы эсептөө жана веб/мобилдик чечим.
DOC+
DOC+ бейтаптарга дарыгердин алдын-ала диагнозун алыстан алууга мүмкүнчүлүк берүүчү мобилдик тиркеме.
MyCloud.kg
MyCloud.kg – чакан жана орто ишканаларга сатууларды жана кардарлар менен мамилелерди натыйжалуу башкаруу мүмкүнчүлүгүн берген булут CRM-системасы жана бизнес-телефониясы.
SMM Bonus
SMM Bonus – бренддерге / компанияларга кардарларды тартууга, сатууларды көбөйтүүгө жана колдонуучунун жеке артыкчылыктары жөнүндө маалыматты топтоого жардам берүүчү бонустарды топтоо маркетинг кызматы.
Aha.kg
Aha.kg айыл коомчулугу жана эмгек мигранттары үчүн инсандык өнүгүү боюнча онлайн жана офлайн-курстарды Кыргыз тилинде сунуштайт.
Crystal Print
Crystal Print тышкы жарнама жана полиграфия боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле азем белектерди жана фирмалык жарнамалык өнүмдөрдү сунуштайт.
Creo
Creo басмакана, токулма жана азем белек өнүмдөрүн, анын ичинде брендтелген жасалгаларын иштеп чыгуучу, ошондой эле графикалык дизайн боюнча кызмат көрсөткөн ишкана.
Мasterpack
Мasterpack биоажыратылуучу таңгактарды, ошондой эле полиэтиленден кол каптарды жана бахилаларды чыгарууну пландоодо.
Karton-kg
Karton-kg Кыргызстанда чогултулган калдык чийки заттардан полиэтилен гранулдарын чыгарат.
Sakura Transformer
Sakura Transformer Кыргызстан менен Россиянын батирлеринин жашоочулары үчүн трансформер-эмеректерин чыгарып, алардын тар мейкиндик көйгөйүн чечүүгө жардам берет.
ММТ Group
ММТ Group жамааттык кардарларга фирмалык азем белектерди жана жарнамалык токулма өнүмдөрдү чыгарат.
Madanur
Madanur – бул кафеси, азык-түлүк дүкөнү жана наабайканасы, ошондой эле улуттук ашкана боюнча мастер-класстары, жөө жана ат менен турларын сунуштаган конок үйү.
Adamkaly
Adamkaly – бул жергиликтүу жана чет элдик туристтер үчүн мейманкана. Ал ошондой эле конференцияларды жана ишкер жолугушууларды өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөтөт.
Inesse & Suo
Inesse & Suo аялдардын өзгөчө саркеч моделдеги, эко-кездемелерден жана келишимдүү, модалуу кийимдерин өзүнүн «Inesse» бренди менен чыгарат.
Tengri
Tengri – нак булгаарыдан көпкө кызмат кылуучу баштыктарды, капчыктарды, кутуларды, органайзерлерди жана башка буюмдарды чыгаруучу ателье.
Arkenstone Box
Arkenstone Box фуршеттер үчүн табигый ингредиенттерден жасалган чакан тамак-аш кутучаларын өндүрөт.
Bilimspace (Windpromo)
Bilimspace (Windpromo) бренддик кийим-кечелерди, азем белек өнүмдөрүн чыгарат, чоң адамдардын жана балдардын кийимдерине сүрөттөрдү басып чыгарат.
Yurt Camp Alay Guesthouse
Yurt Camp Alay Guesthouse – Кыргызстандын түштүгүндөгү этно-боз үйлөр лагери, ал кыргыз элинин каада-салттарын көрсөтүп, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аштарды жасоо, тандырга бышыруу боюнча мастер-класстарды өткөрөт.
Bal Aary Holding
Bal Aary Holding – бал өнүмдөрүнүн кеңири ассортиментин чыгарып, экспорттойт жана Кыргызстандагы мыкты бал өндүрүүчүлөрдүн алдынкы катарындагы түрдүү сыйлыктардын ээси.
Smarten
Smarten студенттерге жана жамааттык кардарларга National Geographic окуу булактарына таянган англис тилин окутуучу онлайн-курстарды сунуштайт.
All World Cars
All World Cars электромобилдерди ижарага берип, залалдуу заттарды чыгарбаган такси кызматын көрсөтүүнү, ошондой эле айдоочулар жана кардарлар үчүн мобилдик тиркемени ишке киргизүүнү пландаштырууда.
Top Persona
Top Persona электриктер, электр механиктери, суу өткөргүчтөр, жүк ташуучу машиналардын айдоочулары жана ашпозчулар өндүү талап кылынган кесипкөй адистерди даярдайт, ошондой эле аларга Европадан такшалмадан өтүүгө жардам берет.
Sedep
Sedep жергиликтүү өзгөчө ыкма колдонуу менен кыргыздын улуттук килемдерин, кийимдерин жана кийизден азем белектерди чыгарат.