Please wait, loading...

 

«БИЗНЕСИҢДИ ӨCТҮР» кыргыз тилинде өтүүчү акселерациялык программага чакан ишканалардан өтүнмөлөр алынууда

21.10.2020by PEAK_admin

Сиздин бизнесиңизге Covid-19га байланыштуу кырдаал терс таасир жараттыбы? Сиз бизнесиңизди жандандыруу жана өнүктүрүү жолдорун издеп жатасызбы? Сиз кыргыз тилинде жаңы билим жана колдоо алгыңыз келеби? «БИЗНЕСИҢДИ ӨCТҮР» акселерациялык программасы Сизге сунуш кылган мүмкүнчүлүктү колдонуңуз.

Программаны Улуу Британия Өкмөтүнүн тарабынан UK aid аркылуу каржыланган PEAK Bishkek Бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору Борбордук Азия Университетинин Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби менен биргеликте ишке ашырат.

Жети жумалык онлайн программанын алкагында Сиз бизнес стратегиясын иштеп чыгуу, маркетинг жана соода жүргүзүү, бизнес-идеяңызды тартуулоо (питчинг), сатуу каналдарын санариптештирүү, бухгалтердик эсеп жана каржы серептөө, бизнес-план иштеп чыгуу, потенциалдуу өнөктөштөр жана инвесторлор менен туура байланышуу боюнча билимиңизди өркүндөтөсүз.

«БИЗНЕСИҢДИ ӨCТҮР» акселерациялык программасы Кыргызстан боюнча чакан ишканаларга багытталган. Программага катышуу акысыз.

Ким өтүнмө бере алат?

Программага төмөнкү шарттарга жооп берген чакан ишкананын ээси, генералдык директору же жооптуу тармагынын башчысы өтүнмө бере алат:

  • 12 айдан кем эмес иштеп жаткан ишкана;
  • кирешеси туруктуу жана жыл ичинде 8 миллион сомдон ашпайт;
  • ишканада 15 кызматкерлерге чейин иш алып барат (толук же жарым күн негизинде);
  • ишкана расмий катталган (катталган жеке ишкер, патент же ЖЧК формасында иш алып барат);
  • ишмердүүлүк алкоголдук ичимдиктерди, тамеки өнүмдөрүн өндүрүү, кумар оюндары жана экологиялык терс кесепеттерге байланыштуу болбошу зарыл;
  • программа өзгөчө бир тармакка багытталбаса дагы, тамак-аш азыктарын кайра иштетүү / агробизнес, кийим тигүү, билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу, саламаттыкты сактоо жана бакубаттуулук, дүң жана чекене соода, ошондой эле чакан өндүрүш экономикалык тармактарга өзгөчө көңүл бурат.

Артыкчылык төмөнкү критерийлердин бирине кошумча жооп берген ишканаларга берилет:

  • Бизнестин көпчүлүк бөлүгү (>51%) социалдык аярлуу топтордун өкүлдөрүнө таандык жана булар тарабынан башкарылат: аялдар, жаштар (18-28 жаш), (акыркы эки жылда) кайтып келген мигранттар, этникалык азчылыктар.
  • Ишкана социалдык аярлуу топтордун жумушчуларын жалдайт же колдойт же ушул топтогу ишкерлерге пайда / киреше алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
  • Бизнес төмөнкү кардарларга / керектөөчүлөргө багытталган: социалдык аярлуу топтордун өкүлдөрүнө жана / же өзүнүн жеткирүү чынжырында аярлуу ишканаларды камтыйт.

Сизде ылдамдыгы 20 Мб/секундасынан кем эмес Интернетке кошулган компьютер/ ноутбук болгондугу талап кылынат.

Кыргыз тилинде мыкты түшүнүү жана баарлашуу жана программага жумасына тогуз саат бөлүүгө даяр болууңуз абзел.

Өтүнмөнү кантип берүү керек?

Өтүнмөнү толтуруу үчүн бул шилтеме аркылуу өтүңүз https://forms.gle/Wg6pkWSRtbUUCY6M9. Өтүнмөлөр 2020-жылдын 9-ноябрь күнү саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Эгерде Сизде суроолор пайда болсо же кошумча маалымат алгыңыз келсе, 29-октябрда жана 4-ноябрда 17:00дө өтө турган биздин маалыматтык сессиялардын бирине бул шилтеме аркылуу катталыңыз https://forms.gle/cqMc3S3BgNYzyGTG9.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023