Please wait, loading...

 

OptimTrade мобилдик колдонмосу: Кыргызстандагы чакан азык-түлүк дүкөндөр үчүн запастарды эсепке алуу жана сатууну башкаруу боюнча инновациялык чечим

26.10.2020by PEAK_admin

Кыргызстан санариптештирүүгө, анын ичинде ишкерлик чөйрөсүндө, багыт алган Борбор Азия өлкөлөрүнүн бири. Азыркы учурда Кыргызстандын борбору Бишкекте алты миңден ашуун чакан азык-түлүк дүкөндөрү өз запастарын жана сатууларын эсепке алууну кол менен жазып жүргүзүшөт. Камсыздоочулар менен иш алып барууда адамдык фактордун таасири чоң болгондугу азык-түлүк дүкөндөр жана камсыздоочулар үчүн ыңгайсыз болуп келет. Дүкөндөр көп учурда запастардын жок калгандыгын кеч билип, телефон же соода өкүлү менен бетме-бет жолугушуу аркылуу шашылыш түрдө заказ кылышат. Заказ кылуу менен бирге дүкөн соода өкүлүнө накталай түрдө төлөм берет бирок төлөм камсыздоочуга толук жетээрине кепилдик жок. Өз кезегинде, камсыздоочулар өнүмдөрүнүн дүкөндөрдөгү сатуу көлөмүн реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөй алышпайт. Андан тышкары, камсыздоочулар 80%га чейин жеткен кадрлардын алмашуусуна байланыштуу сатуу өкүлдөрүн улам даярдоого убакыт бөлүүгө жана финансылык эсепте сатуу өкүлдөрүнүн чынчылдыгына таянууга аргасыз.

Евгений Тян, OptimTrade компаниясынын негиздөөчүсү, чечим сунуштады. HoReCa (мейманканалар, ресторандар, кафелер) тармагында чоң иш тажрыйбасына байланыштуу Евгений бул көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди жакшы билет. Ал өз ресторанын башкарган, ошондой эле кафе ачуу боюнча кеңеш  жана консультацияларды  берген. Евгений жаңы кафелер ишенимдүү камсыздоочуларды табууда жана алар менен күнүмдүк ишти алып барууда азык-түлүк дүкөндөр кездешкендей эле көйгөйлөргө кездешкенин көрүп жүргөн. 2011-жылы Евгений Кыргызстандагы 300 камсыздоочуларды Facebook баракчасын ачып бириктирет. Баракча чоң суроо-талапка ээ болгонуна карабастан Евгений учурдагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир кыйла жакшыртылган платформанын керектигин түшүнгөн. IT-адисти 2017-ж. жалдап, платформаны иштеп чыгууну баштайт бирок адис бир жарым жылдын ичинде тапшырманы аткара албай коет. 2018-жылдын аягында гана Евгений кыялданган командасын таба алат.

Евгений жана анын командасы өндүрүүчүлөр, соода түйүндөр жана кардарлар ортосундагы байланышты жеңилдетүүго жана запастарды жана сатууну натыйжалуу башкарууга арналган мобилдик колдонмону иштеп чыгышты. Чакан азык-түлүк дүкөндөрү үчүн колдонмо товарларды инвентаризациялоо жана камсыздоону автоматизациялаштырып, заказдарды жана эсепти онлайн форматка өткөрүп, өз убагында төмөн запастар, баалардын өзгөрүшү жана камсыздоочулардын баа арзандатуулары жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүп турат. Өндүрүүчүлөр/камсыздоочулар реалдуу убакыт режиминде соода түйүндөрүндө айрым өнүмдөрдүн сатылышына көз салып, зарыл болсо өз убагында жеткирип же сатуулар төмөн жерлерде маркетинг кампанияларын баштай алышат. Мындан тышкары, сатып алуучулар колдонмонун издөө тутумун колдонуп, ар кандай дүкөндөрдө белгилүү бир нерсенин жеткиликтүүлүгүн жана анын баасын текшере алышат.

«PEAKтин Tech Accelerator программасына катышкан соң, мен өзүмдүн стартап долбоорумду дүйнөлүк стартап сынакка сунуштай алам деп ишендим.»

Кыргызстанда жана башка постсоветтик өлкөлөрдө аналогу жок бул инновациялык мобилдик колдонмо Экономика министрлиги тарабынан өкмөттүн өлкөнү санариптештирүү стратегиясын ишке ашырууга чоң салымы үчүн бийик баага татыктуу болгон. Идея этабынан ишке ашыруу этабына өтүү жана инвестицияларды тартуу максатында стартап кошумча билимге жана эксперттик кеңешке муктаж болгон.

2020-жылдын январь айында Евгений PEAK Bishkek Бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборунун технологиялык стартаптар үчүн Tech Accelerator аттуу акселерациялык программасына тапшырган. Tech Accelerator программасы Улуу Британиянын өкмөтү тарабынан каржыланып, катышуу акысыз болгон. Программа техникалык стартаптарга инновациялык өнүмдөрдү иштеп чыгууда жана сатыкка чыгарууда колдоого багытталган. Үч айдын ичинде Евгений тажрыйбалуу тренерлердин жана насаатчылардын, анын ичинде Силикон өрөөнүнүн адистеринин жардамы менен, стартапын өркүндөткөн.

«Мен стартап долбоорумду жөрмөлөп жүрүп PEAK программасынын колдоосу менен биринчи кадамдарын кыла баштаган ымыркай менен салыштыра берем», – дейт баланын биринчи кадамдарын абдан толкундаткан учур катары көргөн, үч баланын атасы Евгений. «Мен PEAKке питчинг көндүмдөрүмдү өкүндөтүп бергенине өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем, анткени мен өзүмдүн долбоорумду инвесторлорго жана потенциалдуу өнөктөштөргө натыйжалуу сунуштоо үчүн билимим жетишсиз болуп жаткан». Алгач ички рынокко чыгып, андан кийин коңшу өлкөлөрдүн рыногуна кирүү максатын көздөгөн Евгений насаатчылардын жардамы менен потенциалдуу рынокторун кайра карап чыгып, окшош абалдагы ​​Түштүк Американын жана Түштүк-Чыгыш Азиянын айрым өлкөлөрүн дагы кошкон. Мындан сырткары, Евгений азык-түлүк дүкөндөргө OptimTrade колдонмосун сунуштоо боюнча чыгымдарды жана убакытты үнөмдөгөн маркетинг стратегиясын иштеп чыкты. Бул өркүндөтүүлөр долбоордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатты.

Tech Accelerator программасын бүтүрүп, Евгений август айында Кыргызстанда биринчи жолу болуп өткөн Ишкерлик боюнча дүйнөлүк чемпионатка (EWC) катышууга арыз берген. Улуу Британиянын UK aid аркылуу каржыланган PEAK тарабынан өлкөлүк деңгээлде уюштурулуп, бул чемпионат дүйнөлүк финалга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жергиликтүү стартапты аныктоого багытталган. Дүйнөлүк финал октябрь айына пландаштырылып, катышуучуларга  бир миллион доллар акчалай сыйлыкты, инвестиция мүмкүнчүлүктөрдү жана наркы 75 миллион долларды түзгөн акчалай эмес байгелерди сунуштаган. Он күчтүү стартаптардын ичинен Евгений OptimTrade долбоору менен калыстар тобунун добуштарынын негизинде улуттук жеңүүчү болуп тандалган. «PEAKтин Tech Accelerator программасына катышкан соң, мен өзүмдүн стартап долбоорумду дүйнөлүк стартап сынакка сунуштай алам деп ишендим», – дейт Евгений.

Азык-түлүк дүкөнүнүн ээси OptimTrade мобилдик тиркемеси аркылуу заказ кылып жатат

«Мен стартап долбоорумду жөрмөлөп жүрүп PEAK программасынын колдоосу менен биринчи кадамдарын кыла баштаган ымыркай менен салыштыра берем.»

Узак убакытта Евгений мобилдик тиркемеге кошумча функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү кошуп, өндүрүүчүлөрдү/ камсыздоочуларды, сатуучуларды, сатып алуучуларды, бизнес-ассоциацияларды жана мамлекеттик бийлик органдарды бириктирген экосистеманы түзүүнү көздөп жатат. Тиркеме мыйзамдардагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматты, нетворкинг үчүн аянтты, кардарлардын берилгендик тутумун жана товарларды жана кызматтарды баалоо куралын сунуштайт. Ошондой эле, Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияга кызыккан потенциалдуу сатып алуучулар же инвесторлор үчүн тиркеме экономиканын ар кайсы тармактарындагы жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн эң ири маалымат базасын түзөт. Анын үстүнө, Евгений аймактарда товарларды сактоочу логистикалык борборлорду ачууну сунуштап жатат. Сакталган товарлар OptimTrade тиркемеси аркылуу заказ кылгандарга жеткирилет. Бул демилге жаңы жумуш орундарын түзүп, камсыздоочулардын транспорттук жана дистрибуция чыгымдарын азайтып, акыркы колдонуучулар үчүн товарлардын баасынын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.

Евгений Тян – Улуу Британиянын колдоосу менен PEAK Bishkek Бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборунун программаларынын пайдасын көрүп жаткан көптөгөн стартаптардын бири. 2020-жылдын январь айынан баштап, PEAK 30дан ашуун стартаптарга, микро жана чакан ишканаларга пре-акселерациялык жана акселерациялык программаларды уюштурду. PEAK инновацияларды жайылтат жана жаштарга, аялдарга, кайтып келген эмгек мигранттарга жана башка социалдык аялуу топторго өз ишин ачуу, жаңы жумуш орундарды түзүү жана үй-бүлөлөрдүн кирешелерин көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашырууга жардам берет.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023