Please wait, loading...

 

«БИЗНЕСИҢДИ ӨCТҮР» кыргыз тилинде өтүүчү акселерациялык программага чакан ишканалардан өтүнмөлөр кабыл алынууда

04.08.2021by PEAK_admin

Сиздин бизнесиңиздин өсүшү үчүн кыргыз тилинде билим жана колдоо сунуштайбыз!

PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору сизди “Бизнесиңди өстүр” акселерациялык программасына катышууга чакырат. Өтүнмөлөр Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында иш алып барып жаткан ишкерлерден кабыл алынат. Программага аялдарды, жаштарды жана айыл жергесинин тургундарын активдүү катышууга чакырабыз.

Программа Улуу Британиянын Өкмөтүнүн UK aid тарабынан каржыланат. Катышуу акысыз.

“Бизнесиңди өстүр” программасы офлайн жана онлайн семинарларды, жеке устатчылык жана питч практикаларды камтыйт.

Жети жуманын ичинде сиз төмөнкү билимиңизди өркүндөтөсүз:

  • бизнес стратегия жана өнүктүрүү;
  • каржылыкты башкаруу;
  • маркетинг жана сатуу, сатуу каналдарын санариптештирүү;
  • потенциалдуу инвесторлор жана өнөктөштөр менен туура байланышуу.

“Бизнесиңди өстүр” акселерациялык программасына төмөнкү шарттарга жооп берген Кыргызстандагы чакан ишканалардын негиздөөчүүлөрү, ээлери, жетекчилери өтүнмө бере алат:

  • Ош шаарынын жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тургундары (эскертүү: Ош шаарынан жана Ош облусунан тапшырылган ийгиликтүү өтүнмөлөргө артыкчылык берилет);
  • Ишкана 12 айдан кем эмес иштеп келет жана кирешеси жылына 8 миллион сомдон ашпайт;
  • Ишканада (толук жана/ же толук эмес күн графиктин негизинде) иштеген кызматкерлердин саны 15 адамдан ашпайт;
  • Ишкана расмий катталган (жеке ишкер, патент же ЖЧК формасында иш алып барат);
  • Ишкананын ишмердүүлүгү дыйканчылыкка жана мал чарбачылыкка байланыштуу эмес;
  • Ишмердүүлүк алкоголдук ичимдиктери, тамеки өнүмдөрүн өндүрүү, кумар оюндары же экологиялык терс кесепеттерге байланыштуу болбошу зарыл;
  • Туруктуу (ылдамдыгы 20 Мб/секундасынан кем эмес) Интернет байланышы менен компьютер же ноутбуктун болушу талап кылынат;
  • Кыргыз тилинде эркин баарлашуу;
  • Окууга жумасына тогуз саат бөлүүгө даяр болуу.

Өтүнмөнү кантип берүү керек?

Өтүнмөнү толтуруу үчүн бул шилтеме аркылуу өтүңүз https://forms.gle/L8we9MmJgUYG2WEW7. Өтүнмөлөр 2021-жылдын 20-август күнү саат 17:00 чейин кабыл алынат.

Эгерде сизде “Бизнесиңди өстүр” программасы тууралуу суроолор пайда болсо же кошумча маалымат алгыңыз келсе, 12-август жана 18-август күндөрү саат 16:00 өтө турган маалыматтык сессиялардын бирине бул шилтеме аркылуу катталыңыз https://forms.gle/BSuaxLJXUQc17gc68.

www.peak.kg | +996 500 003 763

 

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023