Please wait, loading...

 

PEAK Osh борборунун колдоосу менен он үч кайтып келген мигрант Кыргызстанда өз бизнесин ишке ашырды

13.08.2021by PEAK_admin

13-август күнү он үч эмгек миграциясынан кайтып келген мекендештерибиз өздөрүнүн жаңы ачылган бизнестерин инвесторлорго, эл аралык өнүгүү уюмдарына жана бизнес ассоциацияларына тартуулады.

Бул иш-чара «Мигрант ишкер» пре-акселерациялык программасынын акыркы этабы болду. «Мигрант ишкер» программасы Улуу Британиянын Өкмөтүнүн UK aid тарабынан каржыланып, PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору тарабанан ишке ашырылган.

Жети жумалык программанын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн бизнес идеяларын жөндөмдүү өнүм же кызматка айлантууга, сатууга, каражаттарды эффективдүү башкарууга, ошондой эле, өнүм же бизнестерин потенциалдуу инвесторлорго же өнөктөштөргө презентация жасоого үйрөнүштү.

Натыйжада, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан катышкан он үч ишкер тигүү, кургак тазалоо (химчистка), соода, тамак-аш азыктарын өндүрүү, кызматтар жана билим берүү тармактарында өздөрүнүн ишкердик потенциалын ачууга жетишишти.

Эң ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр PEAK Osh өнөктөшү USAID каржылаган Борбор Азиядагы коопсуз миграция долбоорунун алкагында грант ала алышат.

PEAK Osh борбору бүтүрүүчүлөрүнө стартаптарын Кыргызстандын ири ишканаларына айлантууда ийгилик каалайт.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023