Please wait, loading...

 

Gulum: Кантип тигүүчү ишкана пандемиянын кесепеттерин жеңип, кирешесин эки эсеге көбөйттү

26.04.2021by PEAK_admin

Гульмира Джунусова, Gulum ишканасынын негиздөөчүсү

Тигүү өнөр жайынын негиздөөчүсү Гүлмира Джунусова бала кезинен аялдардын кийимдерин тигүү идеясын жактырып келген.  36 жашындагы Гүлмира 2010-жылы тигүү цехин ижарага алып, беш тигүүчү машина сатып алган. Сегиз жылдын ичинде Бишкек шаарында жайгашкан бизнес 40 кызматкерден турган толук жабдылган тигүү цехине айланды. Цех жумасына эки миңден ашуун аялдардын кийимдерин өндүрүп, Россиянын жана Казакстандын базарларына экспорттогон.

2018-жылы өндүрүштүн өсүшү кыйынчылыкка туш болду – бул тез өзгөрүп турган рыноктук талаптарга жооп берүү үчүн бизнес процесстерди оптималдаштырууну талап кылды. Мындан тышкары, бул жылы кездемелердин тарифтери көтөрүлүп, жайдын салкындыгына байланыштуу аялдардын көйнөктөрүнө суроо-талаптын төмөндүгү жана ири «Дордой» базарында экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшү байкалды. Буйрутмалардын саны азайып жана бардыгы өтө арзан баада болгондуктан, тигүүчүлөр жумуштан баш тартып, цехтен чыгып кете башташты. Гүлмиранын 15 кызматкери калган болчу.

Ковид-19 пандемиясына байланыштуу чектөөчү чараларды киргизүү жана андан кийинки 2020-жылы экономикалык басаңдоо менен өндүрүштү сактап калуу татаалдашты. Бул абал Гүлмира үчүн, ошондой эле Кыргызстандагы тигүү ишканаларынын жана цехтердин бардыгы үчүн, кездемелердин жана аксессуарлардын жетишсиздиги, суроо-талаптын төмөндөшү жана кызматкерлердин кыскаруусу дегенин билдирди.

Гүлмира өз бизнесин жана бардыгы социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдөн болгон кызматкерлерин сактап калуу жолдорун жигердүү издей баштады. 2021-жылдын январь айында, бунун чечимин Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланган PEAK Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасы сунуштады. PEAK Гүлмиранын бизнесинин кемчиликтерин аныктоо жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында акысыз диагностикасын (б.а. баалоо) жүргүздү. Диагностика PEAK программасынын сертификацияланган бизнес-кеңешчиси тарабынан жүргүзүлүп, жаңы сатуу аянтчаларын колдонууну жана маркетинг стратегиясын иштеп чыгууну сунуштады. Андан сон, Гүлмира сунуш кылынган чечимдерди ишке ашыруу максатында бизнес-кеңешчинин жардамы үчүн PEAK программасына кайра кайрылды. PEAK программасы Гүлмирага бизнес-кеңешчинин 85%дык кызмат акын каптоо үчүн субсидия бөлүп берди. Калган 15%ды  Гүлмира өзү жапты.

Бир айдын ичинде бизнес-кеңешчи менен Гүлмира чоң иштерди алып барышты. Тактап айтканда, Гүлмира жараткан кийимдерге «Gulum» бренди иштелип чыккан. Так позицияга ээ болгон маркетинг стратегиясы жана уникалдуу сатуу сунуштары иштелип чыккан. Гүлмира даяр маркетинг планына, сатуунун жылдык планына жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү планына ээ болду. Кардарларды ийкемдүү, тез жана ыңгайлуу тейлөө максатында кардарларды тартуу тутуму жакшыртылды. Гүлмиранын бизнеси үчүн маанилүү жаңылыктардын бири бул веб-сайтты (www.gulum.kg) жана Инстаграмдагы бизнес баракчаны түзүү болду.

Gulum тигүү цехи

Гүлмира жаңылануулардын жана өзгөрүүлөрдүн натыйжаларын дароо көрө алды. Натыйжада, 15 жумуш ордун гана сактап калбастан, 17 жаңы жумуш орундарын түзүп, кирешени 130%га көбөйтүүгө жетишти. КМШ өлкөлөрүнөн буйрутмалар кескин көбөйүп, учурда Гүлмира бардык буйрутмаларды кабыл алууга үлгүрбөй жатат.

«Бир нече жылдан кийин тигүүчүлүк продукциябыз Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүндө да суроо-талапка ээ болгон заманбап аялдар кийимдеринин популярдуу брендине айланат жана биз көптөгөн жергиликтүү аялдарды жумуш менен камсыз кыла алабыз деп үмүттөнөм», – дейт Гүлмира.

Гүлмира Джунусова Кыргызстандагы жана Тажикстандагы PEAK Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасы аркылуу Улуу Британия Өкмөтүнүн жардамын алган көптөгөн ишкерлердин бири. 2020-жылдын ноябрь айынан баштап, Кыргызстандагы PEAK программасы 40 бизнестин диагностикасын акысыз жүргүзүп, Баткен, Ош, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларындагы 21 микро, чакан жана орто ишканаларга бизнес-консультация алууга субсидияларды берди. PEAK программасынын инновациялык онлайн диагностикалык куралы ишкерлерге COVID-19дан кийин бизнестин туруктуулук деңгээлин жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүүгө жардам берет. Бизнес диагностика жана субсидияланган колдоо кызматтар PEAK программасынын сертификатына ээ бизнес-кеңешчилер тарабынан көрсөтүлөт.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023