Please wait, loading...

 

PEAK Kyrgyzstan – Борбордук Азиялык бизнес-форумдун расмий өнөктөшү

22.03.2021by PEAK_admin

Кыргызстандагы PEAK Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасы – 10-апрелде Бишкек шаарындагы Спорт сарайында өтүүчү Борбордук Азиялык бизнес-форумдун расмий өнөктөшү.

Форумда КМШ мамлекеттеринин эң мыкты ишкерлери катышат. Казахстан, Өзбекстан жана Россиядагы Seimar Investment Group, Dodo Brands, Anglesey Food, RIKI, Whitewill, Ticketon.kz, Freedom Holding Corp. компанияларынын жетекчилери бизнести өнүктүрүү, негизги тренддерди аныктоо жана аларды күчтүү сапаттарга айландыруу тууралуу ой бөлүшөт. Келечекти курууга умтулган форумдун катышуучулары 2200 адамды түзөт.

“Бул сыяктуу иш-чаралар Кыргызстандагы ишкердикти өнүктүрүүгө чоң салым кошушат. Ийгиликтүү тажрыйба ишкердикти өнүктүрүүгө гана салымын кошпостон, инвестицияларды тартуунун эң мыкты жолу болуп эсептелет. Жергиликтүү ишкердикти өнүктүрүүнү максат кылган PEAK программасы форумду колдоо аркылуу ишкерлерге продукцияларын жана кызматтарын глобалдык рынокко чыгарууга жардам берет,” – дейт PEAK Bishkek борборунун жетекчиси Искендер Шаршеев.

PEAK Kyrgyzstan программасынын максаты 400дөн ашык жергиликтүү ишкерлердин ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана 2500 жаңы жумуш орун түзүү.

PEAK стартаптарды, микро, чакан жана орто ишканалардын өкүлдөрүн Борбордук Азиялык бизнес-форум алкагында уюштурулган өзүнүн көргөзмө аянтына чакырат. Ал жерде PEAK ишкерлерге бизнести кантип баштоо жана өнүктүрүү боюнча толук маалыматты берет.

Форум тууралуу толук маалыматты бул шилтедемен алсаңыз болот https://www.forum2021.asia/.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023