Please wait, loading...

 

Ишкерлердин арасындагы сурамжылоого катышууга чакырабыз

01.02.2021by PEAK_admin

Онлайн куралдары менен продукцияңызды же кызматыңызды жарнама кылгыңыз келеби?

PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору Кыргызстандагы ишкерлер үчүн санариптик маркетинг жана электрондук коммерцияны окутуу программасын баштоону пландаштырууда.

Программаны мүмкүн болушунча пайдалуу кылуу үчүн PEAK Bishkek сурамжылоо жүргүзүп жатат. Эгер сиз онлайн сатууга өтүүгө даяр болсоңуз же учурдагы онлайн каналдарды өнүктүрүүнү, өздөштүрүүнү көздөп жатсаңыз, биз сизден бир нече суроолорго жооп беришиңизди суранабыз.

Сурамжылоонун натыйжалары окутуу программасын түзүүгө жардам берет (PEAK Bishkek программасына өтүнмө кабыл алуу боюнча маалымат кийинчерээк жарыяланат).

Сурамжылоону https://forms.gle/UistpqifSax6Tg5d7 бул шилтеме аркылуу 2021-жылдын 19-февралында саат 17:00гө чейин толтурсаңыз болот.

Эгерде сиз онлайн фокус-группаларда өз сунуштарыңыз менен бөлүшүүгө даяр болсоңуз, анда https://forms.gle/FEz7sWHc5n7JG3Mu6 дарегиндеги каттоо формасын толтуруңуз. Фокус-группалар боюнча жолугушуулар 2021-жылдын 17-18-февралында Zoom платформасында өткөрүлөт.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023