Please wait, loading...

 

PEAK Osh борбору пре-акселерациялык «Жаш ишкер» программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда

19.01.2021by PEAK_admin

Жаштар үчүн өз бизнесин ачуу боюнча акысыз окутуу! Ишкердик идеяңызды туруктуу бизнеске айлантыңыз!

Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланган PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору пре-акселерациялык «Жаш ишкер» программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда.

Алты жумалык онлайн программанын алкагында сиз төмөнкү билимиңизди өркүндөтөсүз:

  • рынокто өз ордун кантип табууну
  • суроо-талапты канааттандыруу үчүн кандай өнүмдү иштеп чыгууну
  • товар же кызматты кантип жарнамалоону
  • финансылык планды кантип түзүүнү
  • бизнесиңизди өнөктөштөргө жана инвесторлорго кантип сунуштоону

Өз билими жана кеңештер менен ийгиликтүү жана тажрыйбалуу тренерлер жана насаатчылар бөлүшөт. Программа 22-февралда башталып кыргыз тилинде өтөт.

Программа экономиканын бардык тармактарындагы бизнес-идеяларды колдойт (айыл чарбадан башка).

Программага төмөнкү шарттарга жооп берген жаштар өтүнмө бере алат:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ
  • жашы 18ден 28ге чейин
  • ишке ашырылуучу бизнес идеясы бар
  • өз ишин баштоого жана окууга убакыт бөлүүгө даяр
  • кыргыз тилинде эркин баарлашкан
  • туруктуу интернет байланышы менен шайманы бар

Өтүнмөнү толтуруу үчүн бул шилтеме аркылуу өтүңүз https://forms.gle/SL3579u4u7pX3Eid6. Өтүнмөлөр 2021-жылдын 4-февраль күнү саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Эгерде сизде PEAK Osh жана «Жаш ишкер» программасы тууралуу суроолор пайда болсо же кошумча маалымат алгыңыз келсе, 27-январда жана 2-февралда 17:00дө өтө турган биздин маалыматтык сессиялардын бирине бул шилтеме аркылуу катталыңыз https://forms.gle/VMrmcQV6rVzVqsAe6.

Биз менен төмөнкү аркылуу да байланышсаңыз болот:

+996 500 003757; +996 555 223757 (WhatsApp)

@peakkg (Telegram, Instagram)

osh@peak.kg

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023