Please wait, loading...

 

Кыргызстандагы Ишкердиктин дүйнөлүк чемпионаты-2021 өтүнмөлөрдү кабыл алууда

06.05.2021by PEAK_admin

Ишкердиктин дүйнөлүк чемпионаты (Entrepreneurship World Cup) 2021-жылга каттоонун ачылгандыгын жарыялайт жана өтүнмөлөрдү тапшырууга чакырат. Бул глобалдык конкурс бизнес-долбооруңузду эл аралык аренада тартуулап жалпы суммасы 1 миллион АКШ долларын түзгөн байгелерди утуп алууга (анын ичинен 500 миң АКШ доллары биринчи орунга), ошондой эле инвестиция жана материалдык эмес колдоо алууга мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Чемпионат бардык керектүү билимдерди жана шаймандарды берүү менен баштапкы, ишке киргизилип же кеңейип жаткан ишканалардын өсүшүнө көмөктөшөт.

Өлкөбүздүн тарыхында бул чемпионаттын улуттук тандоо туру ишкерлер жана ишканалар арасында экинчи жолу өтүп жатат. 2020-жылы Кыргызстандан эки стартап (Fanki жана OptimTrade) эл аралык финалда эң мыкты 100 стартаптын катарына кире алды жана алардын бири (Fanki) алдыңкы 25 стартаптын катарына жетишти.

PEAK Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасы – Кыргызстандагы чемпионаттын расмий уюштуруучусу. PEAK программасы Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланат жана стартаптарга, микро, чакан жана орто бизнестерге ишкердик идеяларын туруктуу бизнеске айлантууга жана улуттук, аймактык жана эл аралык рынокторго чыгууга жардам берет. PEAKтин улуттук өнөктөштөрү – Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсеси, JIA Бизнес ассоциациясы, Ишкердикти колдоо борборлору жана Dodo Pizza.

Кыргызстандагы улуттук тандоо туру үч этапта өтөт:

  • биринчи этап (6-майдан 3-июнга чейин) – катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу;
  • экинчи этап (14-июндан 25-июнга чейин) – калыстар тобу тарабынан талапкерлерди баалоо;
  • үчүнчү этап (9-июль) – улуттук тандоо турунун финалы, анда он тандалып алынган стартаптар жана компаниялар өз долбоорлорун калыстар тобуна тартуулайт.

Кыргызстандагы улуттук финалдын үч жеңүүчүсүнө төмөнкү сыйлыктар тапшырылат:

  • I-орун: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинен 5000 евро жеңүүчүнүн муктаждыктарына ылайык МКТ же башка жабдууларды сатып алуу үчүн берилет;
  • II-орун: JIA Бизнес ассоциациясынын жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен түзүлгөн Ишкердикти колдоо борборлорунан 50 сааттык бизнес кеңештер жана юридикалык кызматтар;
  • III-орун: PEAK Kyrgyzstan программасынан 12 сааттык (үч айдын аралыгында) жеке ментордук колдоо.

Ошондой эле үч жеңүүчүгө Dodo Pizza пиццанын төрт-айлык запасын акысыз алуу мүмкүнчүлүгүн берет.  Мындан тышкары, улуттук финалдын он катышуучусунун бардыгы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан каржыланган чакан MBA бизнес менеджментинин онлайн курсуна акысыз катыша алышат.

Биринчи орунду алган улуттук финалист PEAK программасы тарабынан Дүйнөлүк ишкердик чемпионатынын эл аралык финалына көрсөтүлөт жана эл аралык финалга даярдануу үчүн август жана сентябрь айларында онлайн окутуу жана жекеме-жеке устаттык колдоону ала алат. Улуттук финалисттер дүйнөнүн 200дөн ашык өлкөсүнөн көрсөтүлөт, бирок алардын ичинен жүзү гана Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарында 2021-жылдын 14-18-ноябрында боло турган эл аралык финалга катышуу үчүн тандалып алынат. Жарым миллион АКШ долларына атаандашуу мүмкүнчүлүгүнөн тышкары, 100 глобалдык финалисттин бардыгы 750 миң долларлык акчалай эмес сыймыктардын пакетин алышат, ошондой эле идеяларды жана тажрыйбаларды алмашуу үчүн келечектүү бизнес уюштуруучулардын жамаатына мүмкүнчүлүк ачуучу GEN Starters клубуна автоматтык түрдө киришет.

Катышууга коюлган критерийлерине ылайык стартап же ишкананын Кыргызстанда юридикалык каттоодон өткөн же өткөрүүнү көздөп жаткан, эл аралык финал өткөрүлүп жаткан мезгилге  (2021-жылдын ноябрь айына) чейин жети жылдан ашык эмес ишкердик тажрыйбасына ээ жана өтүнмө ээсинин курагы 18 жаштан кем эмес (идея баскычындагы ишкерлердин өтүнмөлөрүнөн тышкары) болуусу шарт.

Ишкердиктин дүйнөлүк чемпионатынын глобалдык уюштуруучулары – бул MiSK Фонду, Глобалдык ишкердик тармагы (GEN) жана Билим берүү жана лидерликти өнүктүрүү эл аралык фонду (tGELF). Чемпионат жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн www.entreprenurshipworldcup.com  сайтына өтүңүз. Өтүнмөлөрдү англис тилинде 3-июнга чейин ушул шилтеме аркылуу тапшыруу керек. Эл аралык финал англис тилинде өтөт.

Суроолорго жооп же кошумча маалымат алуу үчүн PEAK программасы сизди 27-май күнү саат 14:00дө ушул шилтеме аркылуу Zoom платформасында өтө турган маалыматтык сессиясына катышууга чакырат.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023