Please wait, loading...

 

Улуу Британия Өкмөтү Ош шаарында PEAK аталышындагы бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборун ачты

16.06.2021by PEAK_admin

2021-жылдын 16-июнь күнү Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Чарльз Эдмунд Гарретт мырза жана Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдураимов Жарасул мырза Ош шаарындагы PEAK бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборун расмий түрдө ачышты.

PEAK Osh борбору Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланган төрт жылдык «PEAK» аталышындагы Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасынын алкагында ачылган экинчи бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору болуп келет. Биринчи бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору 2020-жылдын февраль айында Бишкек шаарында ачылган.

“Борбор бизнес-идеяларды жөндөмдүү бизнеске айландыруу жана Кыргызстандан чыккан товарларды, ошондой эле, чыгармачыл кызматтарды экспорттоого даярдыгын кеңейтүү боюнча көндүмдөрдү жана билимдерди берет”, – деп белгиледи озүнүн кириш сөзүндө Чарльз Эдмунд Гарретт мырза. Улуу Британия Өкмөтү Кыргызстандын туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өнүгүүсүн илгерилетүүдө Кыргыз Өкмөтүн колдоп келгенин айта кетип, “биргелешкен аракеттердин түпкү натыйжасы – жергиликтүү үй-бүлөлөр үчүн жаңы жумуш орундары жана Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүүсү үчүн мамлекеттик бюджетке кошумча төгүмдөр” болоорун айтты.

“Ош шаарында абдан таланттуу, ынтымактуу, илгерлүү, креативдүү жаштар көп. Биздин чакан ишканалар рынокко чыгуу, жакшы технологияларды колдонуу, айрыкча айыл-чарбада кайра иштетүү боюнча жаңы технологияларды киргизүү үчүн PEAK борбору чоң жардам берет деген үмүтүбүз бар”, – деди Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдураимов Жарасул мырза. Он күн мурун обладминистрациянын алдында инновациялык идеялардын борбору ачылганын айта кетип, жаңы борбор PEAK борбору менен бирге иштешет деген ишенимин билдирди.

PEAK борборлору өлкөнүн экономикасынын ар түрдүү секторлорунда иш алып барган стартаптар жана микро, чакан жана орто ишканалар менен иштешип, бизнести баштоого, өстүрүүгө жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. PEAK борборлорунун негизги максаты – жаңы жумуш орундарын түзүү, алдыңкы жана инновациялык тажрыйбаларды жайылтуу, ошондой эле жергиликтүү жаштарга, аялдарга, мигранттарга жана башка социалдык аялуу топторго  өз ишин ачуу мүмкүнчүлүгүн жүзөгө ашырууга жардам берүү.

PEAK Osh борбору алгач онлайн режиминде 2021-жылдын февраль айында жаш ишкерлерге багытталган өзүнүн биринчи “Жаш ишкер” преакселерациялык программасы менен өз ишин баштады. Натыйжада, Ош шаарынан, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас облустарынан жана Бишкек шаарынан болгон он үч жаш ишкер билим жана көндүмдөрдү жогорулатуу, соода, чакан өндүрүш, туризм жана мода сыяктуу ар кандай тармактарда ишкердик потенциалын өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Программанын жүрүшүндө, жаш ишкерлер өздөрүнүн алгачкы сатууларынан 95800 сом киреше ала алышты.

Борбордун экинчи “Мигрант ишкер” аттуу жети жумалык программасы 11-июнь күнү өз ишин баштады. Бул программа Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттарына багытталган. Ал бизнести баштоо жана ийгиликтүү жүргүзүү боюнча билим жана көндүмдөрдү онлайн жана офлайн сессиялары аркылуу камсыз кылат. 2021-жылга карата PEAK Osh борбору тарабынан бизнести колдоо боюнча кеминде төрт программа ишке ашырылат.

Азыркы учурга чейин бул эки PEAK бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбор 100дөн ашуун стартап жана микро, чакан жана орто ишканаларга (алардын ичинен 67% аялдар) бизнести колдоо боюнча алты программаны ишке ашырууга жетишти. PEAK колдогон ишканалар өздөрүнүн кирешелеринин өскөнү жана 50дөн ашуун жаңы жумуш орундарын түзгөнү жөнүндө билдиришкен.

PEAK программасы жөнүндө

PEAK Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасы Улуу Британия Өкмөтүнүн UK aid тарабынан каржыланат жана ишкердик идеяларды туруктуу бизнеске айландырууга жардам берет. PEAK Программасы «PEAK» аталышындагы бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборлорун ишке киргизип офлайн жана онлайн түрүндө бизнести колдоо боюнча программаларды ишке ашырат. Бул программалар жаңы жана өнүгүп келе жаткан ишканаларга бизнес-идеяны текшерүү, ошондой эле өнүмдөрдү иштеп чыгуу, бизнес стратегиясын моделдөө, маркетинг, финансылык пландаштыруу жана инвесторлордон жана каржылоочулардан финансылык каражаттарды тартуу боюнча билимдерин жана жөндөмдөрүн өркүндөтүү багытында колдоо көрсөтөт.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023