Please wait, loading...

 

“Миграциядан кайтып, Кыргызстанда ишкердикке умтулуу”

10.06.2022by PEAK_admin

Эмгек миграциясынан Кыргызстанга кайтып, өз жериңизде өнүгүп жана өсүү максатыңыз барбы?

PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору сиздерди “Миграциядан кайтып, Кыргызстанда ишкердикке умтулуу” аттуу онлайн вебинарга чакырат.

Спикер Гүлжан Абдыкеримова айым Орусиядан Кыргызстанга келип, 2021- жылы PEAK Osh борборунун “Мигрант ишкер” программасына катышып, жеке ишкер катары чоң ийгиликтерге жетишип жатат. Гүлжан айым өздүк тигүү цехин ачуу менен Кыргызстанда эмгек орундарын жаратууда.

Вебинарда Гүлжан айым жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, кыйынчылыктарды жеңүү сырлары менен бөлүшөт.

Сиздерди 16-июнда саат 16:00дө онлайн вебинарда күтөбүз.

Вебинарга катталуу үчүн бул шилтемедеги форманы алдын ала толтуруңуздар https://peak-mel.com/bic/event/participants/b067a361-7729-4018-9f60-dd38a2afa041/create.

Вебинар кыргыз тилинде Zoom аркылуу өтөт. Катышуу акысыз.

Вебинардын Zoom шилтемеси сиздер каттоо формасында көрсөткөн электрондук дарегиңиздерге же телефон номериңиздерге алдын ала жөнөтүлөт.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023