Please wait, loading...

 

PEAK Karakol бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору «Бизнес Айым» программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда.

18.07.2022by PEAK_admin

 

Эгерде сиз ишкердик идеяңызды туруктуу бизнеске айланткыңыз келсе, же иштеп жаткан ишиңизди жаңы баскычка көтөрөм десеңиз, анда айымдарга арналган акысыз окутууга катышуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

PEAK Karakol бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору «Бизнес Айым» пре-акселерациялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда.

Программага катышууга ишкердикти жаңы баштаган же иштеп жаткан ишкер айымдар чакырылат (өтүнмөлөр Ысык-Көл жана Нарын облустарынан гана кабыл алынат).

«Бизнес Айым» программасы Улуу Британиянын Өкмөтүнүн колдоосу менен каржыланат.

Окутуу кыргыз тилинде өтөт. Программа экономиканын бардык тармактарындагы ишкер айымдарды колдойт (айыл чарбадан башка).

Алты жуманын ичинде сиз төмөнкү темалар боюнча билимиңизди өркүндөтөсүз:

  • бизнес-пландоо (миссияны аныктоо, максаттарды коюу);
  • финансылык пландаштырууну (киреше жана чыгашаны эсептөө);
  • маркетинг (рынокто өз ордун табуу);
  • санариптик платформалар (товар же кызматты жарнамалоо жана сатуу жолдору);
  • бизнести расмий каттоо жана салыктарды төлөө;
  • бизнесиңизди өнөктөштөргө жана инвесторлорго сунуштоо;
  • бизнестин өнүгүшүнө каражат тартуу булактары.

Программага төмөнкү шарттарга жооп берген айымдар өтүнмө бере алат:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ;
  • башталгыч этаптагы же иштеп жаткан ишкерлер (сата турган өнүм же кызматтын жөнөкөй нускасына ээ болуу артыкчылык берет);
  • программанын жүрүшүндө түзүлө турган же өнүгө турган бизнестин негиздөөчүсү же тең уюштуруучусу болуу;
  • ишкананы Кыргызстанда расмий түрдө каттоого ниет;
  • программага катышууга жана аны аяктоого милдеттүү болуу (алты жумалык программанын жүрүшүндө жумасына 3 күн 2 сааттан (9:00-18:00) убакыт бөлүүгө даяр);
  • кыргыз тилинде эркин сүйлөө;
  • жакшы ылдамдыктагы Интернет байланыш жана керектүү жабдуу (компьютер);
  • Microsoft Word, Excel and PowerPoint программаларын колдоноо билүү.

Өтүнмөнү кантип берүү керек?

Өтүнмө формасын толтуруу үчүн төмөнкү шилтемеге кириңиз https://forms.gle/qyWLrH5KLroEHUcj9. Өтүнмөлөр 7-август саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Эгерде сизде «Бизнес Айым» программасы тууралуу суроолор пайда болсо же кошумча маалымат алгыңыз келсе, 26-июль күнү саат 16:00дө жана 2-август күнү саат 16:00дө өтө турган биздин маалыматтык сессиялардын бирине бул шилтемелер аркылуу катталыңыз:

 

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023