PEAK менен тигүү ишканаңыздын экспорттук потенциалын жогорулатыңыз!
Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланган PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору Кыргызстанда жайгашкан тигүү ишканаларынын жетекчилерин жана негиздөөчүүлөрүн «Экспортко даярдык – тигүү өнөр жайын колдоо» акселерациялык программасына катышууга чакырат.
Программа экспорттук мүмкүнчүлүктөр жөнүндө билимдерди жогорулатуу, эл аралык рынокторду жана экспорттук талаптарды жана процедураларды түшүнүү, ошондой эле эл аралык суроо -талапты канааттандыруу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу аркылуу тигүү ишканалардын экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган.
Бул алты-жумалык программа кыргыз тилинде өтөт. Программа интерактивдүү окуу семинарларды, жеке консультацияларды жана конок сессияларды камтыйт.
Программанын жүрүшүндө сиз төмөнкү багыттар боюнча билимиңизди жогорулатасыз:
- Маркетинг жана сатуу
- Электрондук соода жана санариптик маркетинг
- Каржылык башкаруу
- Өндүрүш жана сапатты башкаруу
- Персоналды башкаруу
- Экспорттук процесстер жана талаптар
Ким өтүнмө бере алат?
Программага төмөнкү шарттарга жооп берген Кыргызстандагы ишканалардын негиздөөчүүлөрү жана жетекчилери өтүнмө бере алат:
- Компания тигүү тармагында иш алып барат;
- Ишкана 12 айдан кем эмес иштеп, кирешеси жылына 30 миллион сомдон ашпайт;
- Ишканада 50 адамга чейин жумушчулар эмгектенет (толук жана толук эмес графиктин негизинде);
- Ишкана расмий катталган (патент, жеке ишкер же ЖЧК формасында иш алып барат);
- Компания товарларын экспорттойт же жакынкы алты айдын ичинде экспорттоону баштоону пландап жатат;
- Катышуучу туруктуу (ылдамдыгы 20 Мб/секундасынан кем эмес) интернетке туташкан жабдууларга ээ (компьютер / ноутбук);
- Катышуучу кыргыз тилинде эркин сүйлөйт.
Өтүнмөнү 2021-жылдын 5-ноябрь күнү саат 17:00гө чейин бул шилтеме https://forms.gle/ynNUR3yJiqZnMiDk6 аркылуу толтуруңуз.
Эгерде сизде кандайдыр бир суроолор болсо же кошумча маалымат алгыңыз келсе, биз сизди 2021 -жылдын 26-октябрында жана 2-ноябрында саат 14:00дө өтө турган онлайн маалымат сессияларыбызга катышууга чакырабыз.
Маалымат сессиясына катталуу үчүн төмөнкү даталардын бирин тандап шилтемени басыңыз: