Please wait, loading...

 

Вебинар “Туруктуу команда – туруктуу бизнес”

26.10.2021by PEAK_admin

Компаниялардын ийгилигин адамдар жаратат. Бүгүнкү күндө адам потенциалынан кымбат эч нерсе жок. Ар бир компанияда, анын көлөмүнө карабастан, ийгиликке жетүү үчүн адам ресурстары менен иштөө зарыл.

PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору сиздерди “Туруктуу команда – туруктуу бизнес” аттуу онлайн вебинарга чакырат.

Вебинарда сиздер Бишкек шаарында негизделген “Aha.kg” компаниясынын тренери Чолпон Бекболотова менен маек кура аласыздыр. Чолпон Бекболотова вебинарда сиздердин компанияларыңызга кантип керектүү ишкерлерди табуу жолдорун жана ишкерлер менен команда түзүп, натыйжалуу жумуш алып баруунун ыкмалары менен бөлүшөт.

Сиздерди 26-октябрда саат 16:00дө онлайн вебинарда күтөбүз. Вебинарга катталуу үчүн бул шилтемедеги форманы алдын ала толтуруңуздар http://peak-mel.com/bic/event/participants/28699486-9b26-4353-bc93-74722c4673f1/create.

Вебинар кыргыз тилинде Zoom аркылуу өтөт. Катышуу акысыз.

Вебинардын Zoom шилтемеси сиздер каттоо формасында көрсөткөн электрондук дарегиңиздерге же телефон номериңиздерге алдын ала жөнөтүлөт.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023