Please wait, loading...

 

PEAK Bishkek борбору “Экспортко даярдык – тигүү өнөр жайын колдоо” программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда

19.10.2021by PEAK_admin

PEAK менен тигүү ишканаңыздын экспорттук потенциалын жогорулатыңыз!

Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланган PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору Кыргызстанда жайгашкан тигүү ишканаларынын жетекчилерин жана негиздөөчүүлөрүн «Экспортко даярдык – тигүү өнөр жайын колдоо» акселерациялык программасына катышууга чакырат.

Программа экспорттук мүмкүнчүлүктөр жөнүндө билимдерди жогорулатуу, эл аралык рынокторду жана экспорттук талаптарды жана процедураларды түшүнүү, ошондой эле эл аралык суроо -талапты канааттандыруу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу аркылуу тигүү ишканалардын экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган.

Бул алты-жумалык программа кыргыз тилинде өтөт. Программа интерактивдүү окуу семинарларды, жеке консультацияларды жана конок сессияларды камтыйт.

Программанын жүрүшүндө сиз төмөнкү багыттар боюнча билимиңизди жогорулатасыз:

  • Маркетинг жана сатуу
  • Электрондук соода жана санариптик маркетинг
  • Каржылык башкаруу
  • Өндүрүш жана сапатты башкаруу
  • Персоналды башкаруу
  • Экспорттук процесстер жана талаптар

Ким өтүнмө бере алат?

Программага төмөнкү шарттарга жооп берген Кыргызстандагы ишканалардын негиздөөчүүлөрү жана жетекчилери өтүнмө бере алат:

  • Компания тигүү тармагында иш алып барат;
  • Ишкана 12 айдан кем эмес иштеп, кирешеси жылына 30 миллион сомдон ашпайт;
  • Ишканада 50 адамга чейин жумушчулар эмгектенет (толук жана толук эмес графиктин негизинде);
  • Ишкана расмий катталган (патент, жеке ишкер же ЖЧК формасында иш алып барат);
  • Компания товарларын экспорттойт же жакынкы алты айдын ичинде экспорттоону баштоону пландап жатат;
  • Катышуучу туруктуу (ылдамдыгы 20 Мб/секундасынан кем эмес) интернетке туташкан жабдууларга ээ (компьютер / ноутбук);
  • Катышуучу кыргыз тилинде эркин сүйлөйт.

Өтүнмөнү 2021-жылдын 5-ноябрь күнү саат 17:00гө чейин бул шилтеме https://forms.gle/ynNUR3yJiqZnMiDk6 аркылуу толтуруңуз.

Эгерде сизде кандайдыр бир суроолор болсо же кошумча маалымат алгыңыз келсе, биз сизди 2021 -жылдын 26-октябрында жана 2-ноябрында саат 14:00дө өтө турган онлайн маалымат сессияларыбызга катышууга чакырабыз.

Маалымат сессиясына катталуу үчүн төмөнкү даталардын бирин тандап шилтемени басыңыз:

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023