Please wait, loading...

 

PEAK бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборлору өнөктөштүк мамиле куруп, Кыргызстандагы ишкердикти колдоп, өнүктүрүүгө кызыкдар

11.03.2022by PEAK_admin

PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору 2022-жылдын 3-мартында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда болуп өткөн “Экономикалык жана социалдык мамилелерде гендердик теңдиктин кепилдиктери” аттуу маарекеге чакырылып, Ноокен районун жергиликтүү айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен, ишкер айымдары менен жолугушуп, жаңы баштап келе жаткан жана ишин алып барып жаткан ишкерлердин ишкердик потенциалын өнүктүрүү максатында РЕАК программасы жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалыматты жайылтып кетти.

Жолугушууда, биздин PEAK программаларыбыздын натыйжасында чоң ийгиликтерге жетишип жаткан бүтүрүүчүбүз, Гүлжан Абдыкеримова өзүнүн PEAK менен болгон жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, ишкердиктеги жетишкендиктерин тактап айтып кетти.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча бекитилген программасынын” токтомунун алкагында, Ноокендин райондук башкармасы менен өткөрүлдү.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023