Please wait, loading...

 

Түштүк жергесинде тигүү өнөр жайында иш алып барган ишкерлер “Экспортко даярдык” программасына кабыл алынды

16.03.2022by PEAK_admin

 

PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору 2022-жылдын 14-мартында “Экспортко даярдык-тигүү өнөр жайын колдоо” программасын баштады.
Программага 24 түштүк жергесинде тигүү тармагында иш алып барган ишкерлер кабыл алынды.

Программанын башталышы офлайн жолугуу менен эки күн арасында Ош шаарында “Good Solutions” ЖЧКнын негиздөөчүсү жана жетекчиси Зафарбек Сулаймановдун жана анын кесиптеши Кайрат Тагаевдин коштоосунда өттү.
Эки күндүн ичинде биздин ишкерлер тигүү тармагында маркетингдин жана санариптик маркетингдин мааниси жана пайдасы жөнүндө үйрөнүштү.

Программага кабыл алынган ишкерлерибизди куттуктап, жети жумалык окууларыбыздын алкагында чоң ийгиликтерге жетишет деген ишеничтебиз!

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023