PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору билим берүү тармагында иш алып барган ишкерлер үчүн “BILIM+” акселерациялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алат!
Жаңы билим менен ишкердүүлүктө керектүү өнөрлөрдү өркүндөтүп, бизнесиңизди жаңы деңгээлге жеткириңиз!
Бул программа Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жеке билим берүү тармагында долбоорлорду ишке ашырган учурдагы ишкерлерге арналат:
- мектепке чейинки билим берүү тармагы (бала бакча);
- башталгыч билим берүү тармагы;
- мектептен сырткары өткөрүлгөн курстар;
- тил курстар;
- музыка, искусство боюнча курстар;
- башка билим берүү курстары.
Программа Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланып, PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору менен ишке ашырылат.
Программага катышуу акысыз.
Бул жети жумалык программанын алкагында, Сиз төмөнкү темалар боюнча өз билимиңизди өркүндөтө аласыз:
- Бизнестин стратегиясын иштеп чыгуу;
- Соода жүргүзүү жана санариптик маркетинг;
- Команданы түзүү жана персоналды башкаруу;
- Жумушчулардын профессионалдык жөндөмдөрүн жакшыртуу;
- Каржылык башкаруу жана бухгалтердик эсепти жүргүзүү;
- Ишкердикти каттоо жана салык кодексинин эрежелерин талдоо.
Программа төмөнкү шарттарга жооп берген билим берүү мекемелеринин негиздөөчүлөрү жана жетекчилери үчүн ачык:
- Өтүнмө ээси Кыргызстандын жарандыгына ээ;
- Ишкана өз ишмердигин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ишке ашырат;
- Ишкананын каттоосу (жеке ишкер, ЖЧК же коомдук фонд, коммерциялык иш жүргүзүүгө уруксаты бар бейөкмөт уюм) бар;
- Ишкана билим берүү тармагында иш алып барат;
- Ишкана кеминде 12 ай иштеп, эки адамдан кем эмес командасы бар жана өз кызматтарын активдүү сатат;
- Өтүнмө ээси ишкананын негиздөөчүсү / тең укуктуу уюштуруучусу болуп саналат жана программага активдүү катышууну пландаштырат. Ар бир ишканадан эки катышуучу (тең укуктуу уюштуруучусу + сатуу менеджери / операциялар боюнча менеджери) катышуусу мүмкүн;
- Катышуучу туруктуу (ылдамдыгы 20 Мб/секундасынан кем эмес) Интернетке туташкан жабдууларга (компьютер / ноутбук) ээ;
- Программага катышууга жана аягына чыгарууга даяр (программага жумасына 10 саатка чейин убакыт бөлүүгө даярдык, ошондой эле онлайн класстарга гана эмес, Ош шаарындагы офлайн иш-чараларга да катыша алуу);
- Microsoft Word, Excel жана PowerPoint программаларында эркин иштөө;
- Катышуучу кыргыз тилинде эркин сүйлөшү абзел.
Өтүнмөнү толтуруу үчүн төмөнкү шилтемеге кириңиз: https://forms.gle/o34rNmdvz4cUGkas8.
Өтүнмөлөр 8-август 17:00гө чейин кабыл алынат.
Программа боюнча суроолоруңуз болсо, же кошумча маалымат алуу үчүн биздин төмөнкү маалыматтык сессияларыбыздын бирисине катталып коюңуздар:
1) 29-июль 2022-ж. саат 15:00 https://peak-mel.com/bic/event/participants/d910693d-a4f9-4684-8332-a0d91ca77dcf/create.
2) 4-август 2022-жыл, саат 16:00 https://peak-mel.com/bic/event/participants/947ee7f0-7b7c-4f14-a0b3-a84f0c4f2db9/create.
Байланыш үчүн: +996 500 003766 (чалуулар Дш-Жм күндөрү саат 18:00гө чейин кабыл алынат), +996 554 250 426 (WhatsApp).