Please wait, loading...

 

PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору “BILIM+” акселерациялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда!

19.07.2022by PEAK_admin

PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору билим берүү тармагында иш алып барган ишкерлер үчүн “BILIM+” акселерациялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алат!

Жаңы билим менен ишкердүүлүктө керектүү өнөрлөрдү өркүндөтүп, бизнесиңизди жаңы деңгээлге жеткириңиз!

Бул программа Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жеке билим берүү тармагында долбоорлорду ишке ашырган учурдагы ишкерлерге арналат:

  • мектепке чейинки билим берүү тармагы (бала бакча);
  • башталгыч билим берүү тармагы;
  • мектептен сырткары өткөрүлгөн курстар;
  • тил курстар;
  • музыка, искусство боюнча курстар;
  • башка билим берүү курстары.

Программа Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланып, PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору менен ишке ашырылат.

Программага катышуу акысыз.

Бул жети жумалык программанын алкагында, Сиз төмөнкү темалар боюнча өз билимиңизди өркүндөтө аласыз:

  • Бизнестин стратегиясын иштеп чыгуу;
  • Соода жүргүзүү жана санариптик маркетинг;
  • Команданы түзүү жана персоналды башкаруу;
  • Жумушчулардын профессионалдык жөндөмдөрүн жакшыртуу;
  • Каржылык башкаруу жана бухгалтердик эсепти жүргүзүү;
  • Ишкердикти каттоо жана салык кодексинин эрежелерин талдоо.

Программа төмөнкү шарттарга жооп берген билим берүү мекемелеринин негиздөөчүлөрү жана жетекчилери үчүн ачык:

  • Өтүнмө ээси Кыргызстандын жарандыгына ээ;
  • Ишкана өз ишмердигин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ишке ашырат;
  • Ишкананын каттоосу (жеке ишкер, ЖЧК же коомдук фонд, коммерциялык иш жүргүзүүгө уруксаты бар бейөкмөт уюм) бар;
  • Ишкана билим берүү тармагында иш алып барат;
  • Ишкана кеминде 12 ай иштеп, эки адамдан кем эмес командасы бар жана өз кызматтарын активдүү сатат;
  • Өтүнмө ээси ишкананын негиздөөчүсү / тең укуктуу уюштуруучусу болуп саналат жана программага активдүү катышууну пландаштырат. Ар бир ишканадан эки катышуучу (тең укуктуу уюштуруучусу + сатуу менеджери / операциялар боюнча менеджери) катышуусу мүмкүн;
  • Катышуучу туруктуу (ылдамдыгы 20 Мб/секундасынан кем эмес) Интернетке туташкан жабдууларга (компьютер / ноутбук) ээ;
  • Программага катышууга жана аягына чыгарууга даяр (программага жумасына 10 саатка чейин убакыт бөлүүгө даярдык, ошондой эле онлайн класстарга гана эмес, Ош шаарындагы офлайн иш-чараларга да катыша алуу);
  • Microsoft Word, Excel жана PowerPoint программаларында эркин иштөө;
  • Катышуучу кыргыз тилинде эркин сүйлөшү абзел.

Өтүнмөнү толтуруу үчүн төмөнкү шилтемеге кириңиз: https://forms.gle/o34rNmdvz4cUGkas8.

Өтүнмөлөр 8-август 17:00гө чейин кабыл алынат.

Программа боюнча суроолоруңуз болсо, же кошумча маалымат алуу үчүн биздин төмөнкү маалыматтык сессияларыбыздын бирисине катталып коюңуздар:

1) 29-июль 2022-ж. саат 15:00 https://peak-mel.com/bic/event/participants/d910693d-a4f9-4684-8332-a0d91ca77dcf/create.

2) 4-август 2022-жыл, саат 16:00 https://peak-mel.com/bic/event/participants/947ee7f0-7b7c-4f14-a0b3-a84f0c4f2db9/create.

Байланыш үчүн: +996 500 003766 (чалуулар Дш-Жм күндөрү саат 18:00гө чейин кабыл алынат), +996 554 250 426 (WhatsApp).

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023