Please wait, loading...

 

PEAK Osh борбору “Мигрант ишкер” пре-акселерациялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда

02.05.2022by PEAK_admin

Сиз Кыргызстанга эмгек миграциясынан кайтып, өз ишкердигиңизди баштоого аттанып,  ишкердикти өнүктүүрүдө кошумча колдоо издеп жатасызбы? Анда, “Мигрант ишкер” программасына катышууга шашылыңыз!

PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору Кыргызстандын эмгек миграциясынан кайтып келген жарандарын “Мигрант ишкер” пре-акселерациялык программасына катышууга чакырат.

Бул жети жумалык программа катышуучулардын ишкердик жөндөмдөрүн жакшыртуу максаты менен кыргыз тилинде өтөт. Программа онлайн жана офлайн интерактивдүү семинарларды, жеке консультацияларды жана конок сессияларды камтыйт.

Программа Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан каржыланып, акы талап кылбайт.

Программанын алкагында сиз төмөнкү темалар боюнча билимиңизди өркүндөтө аласыз:

  • Бизнести пландоо;
  • Каржылык башкаруу;
  • Cоода жүргүзүү жана санариптик маркетинг;
  • Персоналды башкаруу;
  • Расмий талаптар жана салык кодекси.

Программага төмөнкү шарттарга жооп берген кайтып келген мигранттар өтүнмө бере алат:

  • Кыргызстандын жарандыгына ээ болуу;
  • Программанын башталышына чейин 3 жыл мурун (б.а. 2019-жылдын май айынан кийин) Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранты болуу;
  • Кардарлар колдоно / сата турган минималдык жандуу продукттарын өндүргөн жана алгачкы сатууларды ишке ашырган болуу;
  • Программанын алкагында түзүлө турган же өнүгө турган бизнестин негиздөөчүсү же тең укуктуу уюштуруучусу болуу;
  • Расмий каттоодон өткөн же жакынкы 3 айдын ичинде каттоодон өтүүнү максат кылуу;
  • Катышуучу туруктуу (ылдамдыгы 20 Мб/секундасынан кем эмес) интернетке туташкан жабдууларга (компьютер / ноутбук) ээ болуусу зарыл;
  • Катышуучу кыргыз тилинде эркин сүйлөшү абзел;
  • Программага жумасына 10 саат убакыт бөлүп, окууларга толук кандуу катышууга даяр болуу керек;
  • Microsoft Word, Excel and PowerPoint программаларында эркин иштөө абзел;
  • Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын тургуну болуу керек.

Өтүнмөнү толтуруу үчүн төмөнкү шилтемеге кириңиз: https://forms.gle/fJT2pA8xq5fv8frC8.

Өтүнмөлөр  23-май саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Программа боюнча суроолоруңуз болсо, же кошумча маалымат алуу үчүн биздин төмөнкү маалыматтык сессияларыбыздын бирисине катталып коюңуздар:

  1. 11-май 2022-ж. саат 15:00 https://peak-mel.com/bic/event/participants/3f4858e6-2225-48d5-849a-0ddd592f9896/create.
  2. 17-май 2022-жыл, саат 16:00 https://peak-mel.com/bic/event/participants/c2b8fab7-07ac-4955-9d8d-220d412b0431/create.

“Мигрант Ишкер” программасы алгач Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Реинтеграция үчүн көндүмдөр» долбоору тарабынан иштелип чыккан жана пилоттук түрдө ишке ашырылган.

+996 500 003 766 | +996 500 003 763

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023