Please wait, loading...

 

PEAK Osh “Экспортко даярдык – тигүү өнөр жайын колдоо” программасынын демо күнүн өткөрдү

30.04.2022by PEAK_admin
29-апрель күнү PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору Экспортко даярдык – тигүү өнөр жайын колдоо” программасынын демо күнүн өткөрдү.

Программанын окууларына Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан 21 тигүү өнөр жайында иш алып барган ишкерлер катышып, ийгиликтүү аякташты.
Иш-чарага Кыргызстандагы тигүү фабрикаларынын негиздөөчүлөрү, жетекчилери, каржылык боюнча эксперттер атайын конок болуп, биздин бүтүрүүчүлөрүбүзгө ой-пикирлерин жана кеп-кеңештерин айтышты.
Биз бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз жана аларга жаңы рынокторго аттанып, жаңы кардарларга ийгиликтүү ээ болуу менен дүйнө жүзү боюнча “Кыргызстанда жасалган” брендин жайылтууну каалайбыз.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023