Please wait, loading...

 

Шашылыңыз! Өтүнмө тапшырууга 3 күн калды!

04.08.2022by PEAK_admin
PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору билим берүү тармагында иш алып барган ишкерлер үчүн “BILIM+” акселерациялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алат!

Жаңы билим менен ишкердүүлүктө керектүү өнөрлөрдү өркүндөтүп, бизнесиңизди жаңы деңгээлге жеткириңиз!

Бул программа Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жеке билим берүү тармагында долбоорлорду ишке ашырган учурдагы ишкерлерге арналат:

-мектепке чейинки билим берүү тармагы (бала бакча);
-башталгыч билим берүү тармагы;
-мектептен сырткары өткөрүлгөн курстар;
-тил курстар;
-музыка, искусство боюнча курстар;
-башка билим берүү курстары.

Программа Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланып, PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору менен ишке ашырылат.

Программага катышуу акысыз.

Бул жети жумалык программанын алкагында, Сиз төмөнкү темалар боюнча өз билимиңизди өркүндөтө аласыз:

?Бизнестин стратегиясын иштеп чыгуу;
?Соода жүргүзүү жана санариптик маркетинг;
?Команданы түзүү жана персоналды башкаруу;
?Жумушчулардын профессионалдык жөндөмдөрүн жакшыртуу;
?Каржылык башкаруу жана бухгалтердик эсепти жүргүзүү;
?Ишкердикти каттоо жана салык кодексинин эрежелерин талдоо.

Программа төмөнкү шарттарга жооп берген билим берүү мекемелеринин негиздөөчүлөрү жана жетекчилери үчүн ачык:

✅Өтүнмө ээси Кыргызстандын жарандыгына ээ;
✅Ишкана өз ишмердигин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ишке ашырат;
✅Ишкананын каттоосу (жеке ишкер, ЖЧК же коомдук фонд, коммерциялык иш жүргүзүүгө уруксаты бар бейөкмөт уюм) бар;
✅Ишкана билим берүү тармагында иш алып барат;
✅Ишкана кеминде 12 ай иштеп, эки адамдан кем эмес командасы бар жана өз кызматтарын активдүү сатат;
✅Өтүнмө ээси ишкананын негиздөөчүсү / тең укуктуу уюштуруучусу болуп саналат жана программага активдүү катышууну пландаштырат. Ар бир ишканадан эки катышуучу (тең укуктуу уюштуруучусу + сатуу менеджери / операциялар боюнча менеджери) катышуусу мүмкүн;
✅Катышуучу туруктуу (ылдамдыгы 20 Мб/секундасынан кем эмес) Интернетке туташкан жабдууларга (компьютер / ноутбук) ээ;
✅Программага катышууга жана аягына чыгарууга даяр (программага жумасына 10 саатка чейин убакыт бөлүүгө даярдык, ошондой эле онлайн класстарга гана эмес, Ош шаарындагы офлайн иш-чараларга да катыша алуу);
✅Microsoft Word, Excel жана PowerPoint программаларында эркин иштөө;
✅Катышуучу кыргыз тилинде эркин сүйлөшү абзел.

Өтүнмөнү толтуруу үчүн төмөнкү шилтемеге кириңиз: https://forms.gle/o34rNmdvz4cUGkas8.

Өтүнмөлөр 8-август 17:00гө чейин кабыл алынат.
Байланыш үчүн: +996 500 003766 (чалуулар Дш-Жм күндөрү саат 18:00гө чейин кабыл алынат), +996 554 250 426 (WhatsApp).

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023