Please wait, loading...

 

PEAK Karakol бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору «Бизнесиңди Өстүр» программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда.

23.09.2022by PEAK_admin

Ийгиликтүү ишкер болуу үчүн, сиз өзүңүздүн бизнес жөндөмүңүздү жана билимиңизди тынымсыз өнүктүрүшүңүз жана өркүндөтүшүңүз керек. Сиздин бизнесиңиздин жана жеке ишкер катары өсүшү үчүн кыргыз тилинде акысыз билим жана жөндөмгө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн колдонуңуз.

PEAK Karakol бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору сизди “Бизнесиңди Өстүр” акселерациялык программасына катышууга чакырат. Өтүнмөлөр Ысык-Көл жана Нарын облустарында иш алып барып жаткан ишкерлерден кабыл алынат. Программага аялдарды, жаштарды жана айыл жергесинин тургундарын активдүү катышууга чакырабыз.

Программа Улуу Британиянын Өкмөтүнүн UK aid тарабынан каржыланат. Катышуу акысыз.

“Бизнесиңди Өстүр” программасы офлайн жана онлайн семинарларды, жеке устатчылык жана питч практикаларды камтыйт.

Алты жуманын ичинде сиз төмөнкү билимиңизди өркүндөтөсүз:

  • стратегия жана бизнес моделдөө;
  • маркетинг жана саттуу (жаңы сатуу каналдарын табуу жана тестирлөө);
  • финасылык моделдөө (негизги финансылык көрсөткүчтөр);
  • санариптик маркетинг жана коммуникация (социалдык тармактарды алып баруунун негизги принциптери);
  • фандрайзинг (каржы булактары);
  • HR менеджмент.

Программага төмөнкү шарттарга жооп берген ишкерлер өтүнмө бере алат:

  • ишкана Ысык-Көл жана Нарын облустарында жайгашкан;
  • ишкана 3 айдан кем эмес убакыт иш алып барып жатат;
  • ишкана расмий катталган (жеке ишкер, патент же ЖЧК формасында иш алып барат);
  • ишкананын ишмердүүлүгү дыйканчылыкка жана мал чарбачылыкка байланыштуу эмес;
  • ишмердүүлүк алкоголдук ичимдиктери, тамеки өнүмдөрүн өндүрүү, кумар оюндары же экологиялык терс кесепеттерге байланыштуу болбошу зарыл;
  • туруктуу (ылдамдыгы 20 Мб/секундасынан кем эмес) интернет байланышы менен компьютер же ноутбуктун болушу талап кылынат;
  • Кыргыз тилинде эркин баарлашуу;
  • программага катышууга жана аны аяктоого милдеттүү болуу (алты жумалык программанын жүрүшүндө жумасына 3 күн 2 сааттан (9:00-18:00) убакыт бөлүүгө даяр);

Өтүнмөнү кантип берүү керек?

Өтүнмөнү толтуруу үчүн бул шилтеме аркылуу өтүңүз https://forms.gle/E5p21vWszQHjm2oG8.

Өтүнмөлөр 2022-жылдын 14октябрь күнү саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Эгерде Сизде суроолор пайда болсо же кошумча маалымат алгыңыз келсе, 30-сентябрда жана 5-октябрда 16:00дө өтө турган биздин маалыматтык сессиялардын бирине бул шилтемелер аркылуу катталыңыз:

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023