Please wait, loading...

 

Вебинар: “IT технологиянын жардамы менен пайданы эки эсеге көбөйтүү”

10.04.2022by PEAK_admin

Азыркы күндө замандын талабына жараша ишкерлер күн сайын эффективдүү, кирешени көбөйтүүчү билимдерди өздөштүрүүгө умтулушат.

PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору сиздерди “IT технологиянын жардамы менен пайданы эки эсеге көбөйтүү” аттуу онлайн вебинарга чакырат.

Спикер Айтматов Асылбек мырза бизнесте колдонулуучу IT куралдарын он жылдан ашуун ишке киргизип, өздөштүрүп келет. Асылбек мырза бизнес-консультант гана болбостон, ондон ашуун компанияларды негиздеп жана жетектеп келет. Азыркы күндө 30 жумушчуну камтыган компанияны жетектеп, IT консалтинг аркылуу бизнести автоматизациялоо тармагында иш алып барат.

Вебинарда Асылбек Айтматов өз билими менен бөлүшүп, практикалык мисалдар жөнүндө айтып берет.

?Сиздерди 19-апрелде саат 15:00дө онлайн вебинарда күтөбүз.

?Вебинарга катталуу үчүн бул шилтемедеги форманы алдын ала толтуруңуздар https://peak-mel.com/…/107a9f3f-8b28-4664-966c…/create.

Вебинар кыргыз тилинде Zoom аркылуу өтөт. Катышуу акысыз.

?Вебинардын Zoom шилтемеси сиздер каттоо формасында көрсөткөн электрондук дарегиңиздерге же телефон номериңиздерге алдын ала жөнөтүлөт.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023