Please wait, loading...

 

PEAK Osh бүтүрүүчүлөр клубунун жолугушуусунда сыйлыктар жарыяланды

08.04.2022by PEAK_admin

31-мартта Ош шаарында өткөн PEAK Osh бүтүрүүчүлөр клубунун салтанаттуу жолугушуу аземи чакырылган конокторубуз үчүн өзгөчөлөндү.

PEAKтин номинациялары биздин жеңүүчүлөрүбүз үчүн күтүлбөгөн жаңылык болду.

Номинациянын жеңүүчүлөрү жылдык жана кварталдык текшерүү жана бүтүрүүчүлөр берген баалардын негизинде аныкталышты.

PEAK сыйлыктарынын жеңүүчүлөрү:
  •  PEAK Osh мыкты салым кошуучусу – Аззамбек Жээнбай уулу
  • PEAK Osh мыкты конок спикерлери – Гүлбайра Умарова & Гульназ Заирова
  • PEAK Osh мыкты тренери – Замир Дуйшоев
  • PEAK Osh мыкты устаты – Данияр Нурматов
Бул менен эле чектелбестен, PEAKтин “Мигрант ишкер” пре-акселерациялык программасынын алкагында USAID каржылаган “Борбордук Азиядагы коопсуз миграция” долбоорунун (Winrock International) колдоосуна ээ болгон жеңүүчүлөргө сертификаттар ыйгарылды:


  • Абдыкеримова Гүлжан
  • Анарбаева Миргүл
  • Кадыров Амангелди
  • Мамажанова Акмарал
  • Досанов Манас
Биздин жеңүүчүлөрүбүздү куттуктап, келечекте албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!
Биз менен жаңы бийиктиктерди багынтыңыздар!

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023