Please wait, loading...

 

Вебинар: “YouTube платформасында өнүгүү”

15.11.2022by PEAK_admin

PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору сиздерди Жалил Муканбетовдун “YouTube платформасында өнүгүү” вебинарына чакырат!

Вебинарда сиз төмөнкү сүроолорго жооб аласыз:
?YouTube платформасында кантип бизнести өнүктүрүү керек;
?Видео- көрүүлөрдү көтөрүү  жолдору;
?YouTube платформасындагы заманбап тренддер;
?Жана кошумча Tik Tok платформасында кандай бизнесиңизди өнүктүрүү ыкмалары бар.

Жалил Муканбетов “Tentek” анимация студиясынын башкы директору. “Анимация аркылуу Кыргыз Республикасынын тарыхы” аттуу биринчи долбоорду досу Дастан Модубашов менен 2017-жылы баштаган. Ал ошол кездеги Кыргызстандагы биринчи YouTube долбоорлордун бири болгон. ММКны колдоо борборунун буюртмасы боюнча медиа сабаттуулук курсун баштаган. Жогоруда айтылган курс мектеп программасына «Адам жана коом» сабагы үчүн кошумча материал катары киргизилген. YouTube жана башка социалдык тармактарда көптөгөн долбоорлорду ишке ашырган.

?Вебинар 2022-жылдын 1-декабрында саат 14:00дө Zoom аркылуу онлайн өтөт.

Катышуу акысыз!

⏰Вебинар 1 саат аралыгында өткөрүлөт (14:00-15:00).

?Катышуу үчүн 30-ноябрь саат 23:59га чейин шилтеме аркылуу катталыңыз:
https://peak-mel.com/bic/event/participants/c1c3431d-3bdd-4f28-8b92-30cc9b96d5f3/create.

————————
Бул вебинар Улуу Британия Өкмөтүнүн UK aid тарабынан каржыланып, PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору тарабынан Creative Industries Association жана “Tentek” менен биргеликте өткөрүлүүдө.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023