Please wait, loading...

 

PEAK Osh борбору “Бизнес айым” пре-акселерациялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда!

26.09.2022by PEAK_admin

Айымдар үчүн өз бизнесин ачуу боюнча акысыз окутуу! Ишкердик идеяңызды туруктуу бизнеске айлантыңыз!

PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору “Бизнес айым” пре-акселерациялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда.

Программага катышууга бизнес-идеясы бар же ишкердикти жаңы баштап келе жаткан Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан айымдар чакырылат.

Программа Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан каржыланып, эч кандай акы талап кылбайт.

Алты жуманын ичинде сиз төмөнкү темалар боюнча билимиңизди өркүндөтөсүз:

  • рынокто өз ордун кантип табууну;
  • товар же кызматты кантип жарнамалоо жана сатууну (анын ичинде санариптик платформалар аркылуу);
  • финансылык башкарууну;
  • бизнести расмий каттоону жана кандай салыктарды төлөөнү;
  • бизнесиңизди өнөктөштөргө жана инвесторлорго кантип сунуштоону;
  • ошондой эле гендердик адис өзүн-өзү мотивациялоо жана бизнес менен жеке  жашоонун ортосундагы балансты сактоо боюнча практикалык сунуштарды берет.

Программага төмөнкү шарттарга жооп берген айымдар өтүнмө бере алат:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ;
  • туруктуу бизнес-идеясы же башталгыч этаптагы бизнеси бар (сата турган өнүм же кызматтын жөнөкөй нускасына ээ болуу артыкчылык берет);
  • программанын жүрүшүндө түзүлө турган же өнүгө турган бизнестин негиздөөчүсү же тең уюштуруучусу болуу;
  • ишкананы Кыргызстанда расмий түрдө каттоого ниет;
  • программага катышууга жана аны аяктоого милдеттүү болуу (алты жумалык программанын жүрүшүндө жумасына 8 саатка чейин убакыт бөлүүгө даяр);
  • жакшы ылдамдыктагы Интернет байланыш жана керектүү жабдуу (компьютер).

Өтүнмө формасын толтуруу үчүн төмөнкү шилтемеге кириңиз:

https://forms.gle/PpbvdwCye22tZViV9.

Өтүнмөлөр 17-октябрь саат 23:59 чейин кабыл алынат.

«Бизнес айым» программасы тууралуу кошумча маалымат алгыңыз келсе, 3-октябрь күнү саат 16:00 жана 11-октябрь күнү саат 16:00 өтө турган маалыматтык сессиялардын бирине бул шилтемелер аркылуу катталыңыз:

  1. ­­­­­3-октябрь: https://peak-mel.com/bic/event/participants/a9b424d2-57ce-4616-85ff-36cde8b6f430/create.
  2. 11-октябрь: https://peak-mel.com/bic/event/participants/2b9f5317-a3c7-4706-99d8-d4d9fd5a1a02/create.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023