Please wait, loading...

 

PEAK Osh борбору “Бизнес айым” пре-акселерациялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда

26.10.2021by PEAK_admin

Айымдар үчүн өз бизнесин ачуу боюнча акысыз окутуу! Ишкердик идеяңызды туруктуу бизнеске айлантыңыз!

PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору “Бизнес айым” пре-акселерациялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда.

Программага катышууга бизнес-идеясы бар же ишкердикти жаңы баштап келе жаткан айымдар чакырылат (Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан өтүнмөлөргө артыкчылык берилет).

Программа Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан каржыланып, эч кандай акы талап кылбайт.

Өз билими менен ийгиликтүү жана тажрыйбалуу тренерлер жана насаатчылар бөлүшөт.

Алты жуманын ичинде сиз төмөнкү темалар боюнча билимиңизди өркүндөтөсүз:

  • рынокто өз ордун кантип табууну;
  • товар же кызматты кантип жарнамалоо жана сатууну (анын ичинде санариптик платформалар аркылуу);
  • финансылык башкарууну;
  • бизнести расмий каттоону жана кандай салыктарды төлөөнү;
  • бизнесиңизди өнөктөштөргө жана инвесторлорго кантип сунуштоону.

Программага төмөнкү шарттарга жооп берген айымдар өтүнмө бере алат:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ;
  • туруктуу бизнес-идеясы же башталгыч этаптагы бизнеси бар (сата турган өнүм же кызматтын жөнөкөй нускасына ээ болуу артыкчылык берет);
  • программанын жүрүшүндө түзүлө турган же өнүгө турган бизнестин негиздөөчүсү же тең уюштуруучусу болуу;
  • ишкананы Кыргызстанда расмий түрдө каттоого ниет;
  • программага катышууга жана аны аяктоого милдеттүү болуу (алты жумалык программанын жүрүшүндө жумасына 8 саатка чейин убакыт бөлүүгө даяр).
  • жакшы ылдамдыктагы Интернет байланыш жана керектүү жабдуу (компьютер).

Өтүнмөнү кантип берүү керек?

Өтүнмө формасын толтуруу үчүн төмөнкү шилтемеге кириңиз https://forms.gle/UHu5mTfs2FdVAMCV7. Өтүнмөлөр 9-ноябрь саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Эгерде сизде «Бизнес айым» программасы тууралуу суроолор пайда болсо же кошумча маалымат алгыңыз келсе, 2-ноябрь күнү саат 14:00дө жана 5-ноябрь күнү саат 16:00дө өтө турган биздин маалыматтык сессиялардын бирине бул шилтемелер аркылуу катталыңыз:

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023