Please wait, loading...

 

БИЗНЕС-КОНСУЛЬТАНТ Сейтек Кулмаматов

Сейтек Кулмаматов – менеджмент боюнча профессионалдуу кеңешчи жана кичи жана орто бизнеске өнүгүү стратегияларды, бизнес-пландарды жана маркетингдик концепцияларды даярдап берүү жаатында иштеген «Инвест Кейджи» компаниясынын негиздөөчүсү. Сейтек Кулмаматов өз кардарларына жогорку сапаттагы сервисти, инновациялык чечимдерди жана узак-мөөнөттөгү тейлөөнү сунуштайт. Акыркы 3 жылдын ичинде, Сейтек Кулмаматов 20дан ашуун компанияларга көмөк көрсөтүп, алар, кардарларынын санын 2 эсе көбөйтүштү, көрсөтүп жаткан кызматынын сапатын жогорулатышты жана 1 млн. USD ашуун болгон сырттан инвестиция тартышты.
Консультациялык практика менен алек боло электе, Сейтек Кулмаматов 10 жылдай Кыргызстандын «Мегаком» сымал ири мекемелеринде менеджердик жана жетекчилик позицияларда иштеп келген. Ал жерлерден алган тажрыйбанын негизинде, Сейтек, кандай гана компаниянын түрү болбосун, алардын ички структурасын, жумушчулар аралык мамилесин жана корпоративдик/индивидуалдык кардарлар менен болгон процесстерин так түшүнөт.
Сейтек Кулмаматов, 2017 жылы MBA дэңгээлине жетип, дүйнөлүк окуу жайларда өзүнүн квалификациясын жогорулатып турат. 2019 жылы, Сейтек Кулмаматов финансалык модель түзүү боюнча FAST Organization тарабынан эл аралык сертификатка жетишти. 2018 жылдан тартып, Сейтек, Кыргыз Ресупбликасында консалтинг кызматтарынын сапатын жогорулатуу жана консультанттар тарабынан этиканы сактоо максаттарын койгон, «Бизнес Кеңешчилер Клубун» жетектеп келет.
Азыркы учурда Сейтек Кулмаматов кардарларга кыргыз, орус жана англис тилдеринде болгон консалтинг кызматтарын сунуштайт. Кызматтардын түрү рынокторду изилдөөдөн баштап, технико-экономикалык негиздөөлөрдү/бизнес-пландарды түзүүнү жана потенциалдуу инвесторлордун алдында презентациялоону камтыйт. 

Иш тажрыйбасы:

3-5 жыл

Өнөр жай тажрыйбасы:
  • I:
    - Маркетинг, сатуу жана экспорт - 5 жыл
  • II:
    - Стратегиялык пландоо жана менеджмент - 5 жыл
Сертификация


- Жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты кызматкерге ыйгарылган "Алтын Бал 2016" сыйлыгы, "Альфа Телеком" ЖАК (ТМ "Мегаком"), 2016-жыл, декабрь;
- Башкаруу боюнча консультант Сертификаты

Кардарлардын канааттануусунун орточо деңгээли

83.6 %

Чет тилдерин билүүсү

Англис тили: эркин
Орус тили: эркин
Кыргыз тили: эне тили

Географиялык камтышы
  • Бишкек: 19%

  • Жалал-Абад облусу: 6%

  • Ош облусу: 75%

Өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр

Стратегиялык пландоо
Иштеп чыгуу технологиясына жана продуктту / кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга жардам
Рынокко сереп жана изилдөөлөр / Рынок жөнүндө маалымат
Брендди башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр
Жарнама жана илгерилетүү, анын ичинде социалдык тармактар жана контент-маркетинг

БАЙЛАНЫШ МААЛЫМАТСейтек Кулмаматов

Телефон

996 558 8888 70
Email
mailbox.msbusiness@gmail.com
Linkedin

ЖАКТЫРУУ жана СУНУШТАР

None

МАРКЕТИНГ СУНУШ

Сейтек Кулмаматов – менеджмент боюнча, кичи жана орто бизнеске өнүгүү стратегияларды, бизнес-пландарды жана маркетингдик концепцияларды даярдап берүү жаатында иштеген профессионалдуу бизнес-кеңешчи. Сейтек Кулмаматов, курулуш (девелопердик) компанияларга сатуу бөлүмүн куруп берүүгө, алардын ички системасын структурага келтирүүгө, автоматташтырылган системаларды жана уникалдуу маркетингдик идеяны кийирүүгө адистешип, орто эсеп менен 30% га сатууну жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023