Please wait, loading...

 

Мен бизнес-кеңешчимин

Бизнес-кеңешчилердин квалификациясын жогорулатуу боюнча уникалдуу РЕАК программасына катышып өз кызматтарыңызды эл аралык стандарттарга чейин өркүндөтүңүз, кардарлардын базасын кеңейтиңиз жана алардын канааттандыруусун жогорулатыңыз.

PEAK Кыргызстандын бизнес-кеңешчилерине ар түрдүү программалардын жана кызматтардын кеңири тизмесин сунуш кылат

Бизнес-кеңешчилер

Бизнес-кеңешчилер

Консалтинг компаниялары
Жеке кеңешчилер/Тренерлер
Бизнес-ассоциациялар

Окутуучу мекемелер
Эл аралык консалтинг компаниялары

Консалтинг компаниялары
Жеке кеңешчилер/Тренерлер
Бизнес-ассоциациялар

Окутуучу мекемелер
Эл аралык консалтинг компаниялары

Квалификацияны жогорулатуу программалары
Бизнес-кеңешчилердин квалификацияны жогорулатуу программалары эки компонентти камтыйт:
1. консультациялардын базалык көндүмдөрү (консалтингдеги этика, маркетинг жана сатуу, анын ичинде профилди түзүү, кеңешчинин көз карашын/сунуштарын иштеп чыгуу), ишкердик карым-катнаш көндүмдөрү, консалтинг бизнесин башкаруу, инструменттер;
2. профилдик экспертиза (салыктык, юридикалык аспектилер, маркетинг)
Субсидияларга жеткиликтүүлүк
Рыноктун конъюнктурасына зыян келтирбестен субсидиялоо /бизнес-консультацияларга жарым-жартылай төлөө
PEAK борборлору жана Программанын вебсайты аркылуу бизнес-кеңешчилерди илгерилетүү
PEAK жогорку квалификациялуу бизнес-кеңешчилердин тармагын түзөт жана веб-сайтты, социалдык тармактарды ж.б. камтыган PEAKтин каналдары боюнча илгерилетет.
Кардарлар базасын кеңейтүү боюнча программа
PEAK өзүнүн кардарларынын/программанын катышуучуларынын базасына эркин жеткиликтүүлүктү сунуш кылат.
Нетворкинг
PЕАК эл аралык эксперттик билимдерди жеткиликтүү кылат. Direct Market Linkage модели стартаптарды жана микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо үчүн бизнес-кеңешчилерге бири-бири менен кызматташууга мүмкүнчүлүк берет.
https://peak.kg/wp-content/uploads/2020/02/IMG_5896-scaled.jpg

Ким табыштама бере алат?

  • Адистиги боюнча иш тажрыйбасы (жеке адамдар үчүн) же каттоо мөөнөтү (юридикалык жактар үчүн) –3 жылдан кем эмес
  • Орус же кыргыз тилдерин билүү
  • 2018-2019-жж. консультациялар берилген үчтөн кем эмес (жеке консультанттар үчүн) жана бештен кем эмес (юридикалык жактар үчүн) стартаптар/микро, чакан жана орто ишканалар.

Табыштаманы кантип берүү керек?

1 кадам: Табыштама
РЕАК программасына катышуу үчүн табыштаманы толтурууга чакырабыз.
Бул кадам 30 мүнөт ээлейт.
Сиздин иш-аракеттериңиз:
Программа жана тандоо критерийлери жөнүндө маалымат менен таанышыңыз.
Табыштаманын формасын толтуруңуз.
2 кадам: Алдын ала баа берүү
Биз талапкерлерге баа беребиз жана тандайбыз.
Бул кадам 10 жумуш күндү ээлейт.
Сиздин иш-аракеттериңиз:
Биздин жоопту күтүңүз.
Эгер сиз биздин суроону алсаңыз, 2 күндүн ичинде жооп берүү керек.
Сиз бизнес-консультанттын профилин толтурууга тийишсиз.
3 кадам: Ишенимдүүлүгүн баалоо
Биз үч кардарды тандайбыз жана сунуштамаларды сурайбыз. Биз төмөнкү критерийлер боюнча алынган сунуштамаларга баа беребиз: (i) кардарлардын канааттануусу, (ii) консультациялык кызматтардын рыногун жалпы баалоо, (iii) бизнес консалтингге мүмкүн болуучу муктаждык.
Бул кадам 15 жумуш күнгө чейин болот.
Сиздин иш-аракеттериңиз:
Сиз үч тандалып алынган РЕАК кардар менен байланышууга, сунуштама берүүгө алардын макулдугун алууга жана андан кийин алардын байланыш маалыматтарын РЕАКке жиберүүгө тийишсиз.
4 кадам: Шайкештигин текшерүү
Биз РЕАКтин талаптарына шайкеш келишине кичи-текшерүү жүргүзөбүз.
Бул кадам 7 жумуш күнгө чейин болот.
Сиздин иш-аракеттериңиз:
Сиз каттоо жөнүндө күбөлүктү, салык органынын жана социалдык фонддун маалымкаттарын, компаниянын уставын, паспорттун көчүрмөсүн жана сунуштама каттарды беришиңиз керек. Суроо-талапта бул документтерди 2 күндүн ичинде жөнөтүү керек.
5 кадам: DFID тарабынан жактыруу
Биз DFID бекитүүгө тандалган катышуучулардын тизмесин беребиз.
Бул кадам 3 жумушчу күндү ээлейт.
Сиздин иш-аракеттериңиз:
Биздин чакырууну күтүңүз.
6 кадам: Программага катышуу үчүн чакыруу
Сиздин РЕАК маалыматтар базасына киришиңиз жөнүндө эл. почта аркылуу кабарлайбыз.
Бул кадам 2 жумуш күнгө чейин болот.
Сиздин иш-аракеттериңиз:
Программаларга катышуу үчүн жетиштүү убакытты караштыруу үчүн өз графигиңизди пландаңыз

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023