Please wait, loading...

 

PEAK Bishkek борбору тигүү ишканалардын экспортко даярдыгын жогорулатты

14.01.2022by PEAK_admin

14-январда PEAK Bishkek борборунун «Экспортко даярдык – тигүү өнөр жайын колдоо» аттуу акселерациялык программасынын демо-күнү болуп өттү!

Демо-күндө ОсОО «Швейпрофит» компаниясынын негиздөчүүсү Рысбек Бекембаев, ОсОО «Элина Мода» уюмунун өкүлү Елена Лаврик жана программанын устаты, ОсОО «Модатекс» компаниясынын ээси Зафарбек Сулайманов эксперттик группада катышышып, бүтүрүчүүлөргө питч боюнча суроолорун жана кеп-кеңештерин беришти.

«Экспортко даярдык – тигүү өнөр жайын колдоо» программасы экспорттук мүмкүнчүлүктөр жөнүндө билимдерди жогорулатуу, эл аралык рынокторду жана экспорттук талаптарды жана процедураларды түшүнүү, ошондой эле эл аралык суроо-талапты канааттандыруу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу аркылуу тигүү ишканалардын экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталды.

#PEAKKyrgyzstan командасы программанын 20 бүтүрүчүүсүнө албан ийгликтерди каалап кетмекчи. Ошондой эле, эксперттик группанын өкүлдөрүнө да терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023